Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 8-ноябры № 781
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ат-Башы, Сузак, Кара-Суу жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Ат-Башы, Сузак, Кара-Суу жана Алай аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы, Сузак, Кара-Суу жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Ат-Башы, Сузак, Кара-Суу жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Ат-Башы, Сузак, Кара-Суу жана Алай аймактык шайлоо комиссиялары 2-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2021-жылдын 8-ноябрындагы
№ 781 токтомуна 1-тиркемеси
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
1. | Ача-Кайынды айылдык | Усеков Таалай Алжанович | Өз арызы | № 57, 02.11.2021-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
2. | Ызыл-Туу айылдык | Омуралиев Мирбек Джаныбекович | Депутаттык ыйгарым укуктарын аикаруусуна сыйышпаган башка кызматка өтүшү | № 139, 05.11.2021-ж |
Ош облусу | ||||
Алай району | ||||
3. | Корул айылдык | Бокоева Бактыгүл Маматалиевна | Депутаттык ыйгарым укуктарын аикаруусуна сыйышпаган башка кызматка өтүшү | № 31, 01.11.2021-ж |
4. | Жошолу айылдык | Абдыкапаров Курманбек Жумупович | Өз арызы | № 31, 01.11.2021-ж |
5. | Сары-Могол айылдык | Курмушуев Аттокур Тойгонбаевич | Өз арызы | № 31, 01.11.2021-ж |
6. | Көкүлов Улукбек Ташполотович | Өз арызы | № 31, 01.11.2021-ж | |
Кара-Суу району | ||||
7. | Отуз-Адыр айылдык | Калматов Нурсултан Абдураимович | Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 79, 03.11.2021-ж. |
8. | Кызыл-Суу айылдык | Парпиев Марс Ташполотович | Өз арызы | № 80, 03.11.2021-ж. |
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2021-жылдын 8-ноябрындагы
№ 781 токтомуна 2-тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары
деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттыкмандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
1. | Ача-Кайынды айылдык | Токторбай уулу Акылбек | Ача-Кайынды бала бакчасында оператор | № 57, 02.11.2021-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
2. | Ызыл-Туу айылдык | Тургуналиев Бектурсун Тургуналиевич | Жеке ишкер | № 140, 05.11.2021-ж |
Ош облусу | ||||
Алай району | ||||
3. | Корул айылдык | Абдукадырова Маалимкан Акжигитова | Бекташов атындагы № 26 орто мектебинде мугалим | № 31, 01.11.2021-ж |
4. | Жошолу айылдык | Балтаев Сүйүнбек Кошматович | Убактылуу иштебейт | № 31, 01.11.2021-ж |
5. | Сары-Могол айылдык | Кенжебаев Бегали Митабарович | Убактылуу иштебейт | № 31, 01.11.2021-ж |
6. | Орозалиев Муратбек Турдубаевич | Убактылуу иштебейт | № 31, 01.11.2021-ж | |
Кара-Суу району | ||||
7. | Отуз-Адыр айылдык | Зикиров Абдибает Закирович | № 75 М.Жаманкулов атындагы орто мектебинде мугалим | № 79, 03.11.2021-ж. |
8. | Кызыл-Суу айылдык | Байымбетов Жоодарбек Эшмаматович | Убактылуу иштебейт | № 80, 03.11.2021-ж. |