Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 29-августу № 663
2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы ПЖ № 370 Жарлыгы менен дайындалган Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 29-августундагы № 663 токтому менен бекитилген |
2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ
Шайлоо күнү - жекшемби
2021-жылдын 28-ноябры
№ | Иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына (мындан ары - ЖМК), шайлоо комиссияларына жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу | Шайлоо дайындалгандан кийин (2021-жылдын 29-августу) | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - БШК) Маалымат бөлүмү | |
БШКнын жумушчу топторун түзүү | Шайлоо дайындалгандан кийин | БШК Укуктук камсыздоо бөлүмү | |
Шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо | |||
1 | Шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн аккредитациялоо жөнүндө ЖМКларга Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрылуусу | Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы расмий жарыялангандан кийин | Маалымат бөлүмү |
2 | БШКга ЖМК, интернет-басылмалар тарабынан эфир убактысын, басылма аянтын бергендиги үчүн төлөө өлчөмү же интернет-басылмада жарыялоо укугу жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды берүү | Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 20 календарлык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 17-сентябрына чейин (кошуп алганда)) | БШКнын жумушчу тобу, маалымат бөлүмү, ЖМК, интернет-басылмалар "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 20-бөлүгү (мындан ары - Мыйзам) |
3 | БШК өзүнүн расмий сайтында эфир убактысын, басылма аянтты төлөө өлчөмү же интернет-басылмада жарыялоо укугу жана башка шарттар жөнүндө берилген маалыматтарды жарыялоосу | Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 25 күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 23-сентябрына чейин) | Маалымат бөлүмү Мыйзамдын 22-бер. 20-бөл. |
4 | Коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын, шайлоонун натыйжаларынын божомолдорун, шайлоого байланышкан башка изилдөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда жарыялоого (чагылдырууга) тыюу салуу | Добуш берүү күнүнө чейин акыркы 5 календарлык күндө (2021-жылдын 23-сентябрынан тартып) | БШКнын жумушчу тобу Мыйзамдын 22-бер. 6-бөл. |
Бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү, округдук шайлоо комиссияларын түзүү | |||
5 | Бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү Калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ЖӨБО тарабынан маалыматтарды берүүсү | Шайлоо күнү дайындалгандан кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 1-сентябрына чейин (кошуп алганда)) | БШКнын ведомстволор аралык жумушчу тобу Мыйзамдын 13-бер. 1-1-бөл. |
6 | Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүү жана бекитүү | Шайлоо күнү дайындалгандан кийин 7 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 6-сентябрына чейин) | БШК Мыйзамдын 13-бер. 1-2-бөл. |
7 | Шайлоо округдарынын тизмесин БШК расмий сайтында жана ЖМКда жарыялоо | Округдар бекитилгенден кийин 5 календардык күндүн ичинде | БШК Мыйзамдын 13-бер. 1-5-бөл. |
8 | Округдук шайлоо комиссияларын түзүү | Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине | БШК Мыйзамдын 12-бер. 5-бөл. |
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда шайлоо участокторун түзүү | |||
9 | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер боюнча ыйгарым укуктуу органынын сунушу боюнча жана аккредитацияланган өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган же жүргөн шайлоочулардын добуш берүүсүн өткөрүүнү уюштуруу жана добуштарын эсептөө үчүн, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги мекемелеринин аймагында шайлоо участокторун түзүү | КРнын ТИМнин сунушунан кийин | ТИМ, БШК, Округдук шайлоо комиссиясы (мындан ары - ОШК) Мыйзамдын 13-бер. 3-5-бөл. |
10 | БШКнын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана аккредитацияланган чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн сайттарында шайлоо участоктору жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу | Алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен | ТИМ, БШК Мыйзамдын 13-бер. 5-бөл. |
11 | Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде шайлоо комиссияларын түзүү | Шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 13-сентябрына чейин) | ТИМ, БШК, ОШК "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамынын 19-беренеси, "КРнын аймагынан тышкары жактарда жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" жобонун 9-пункту |
Добуш берүү үчүн жай | |||
12 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждык картасын түзүү | Добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 28-сентябрына чейин (кошуп алганда)) | ОШК, УШК, ЖӨБО Мыйзамдын 29-бер. 6-бөл. |
13 | Добуш берүүчү жайды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждык картасында көрсөтүлгөн керектөөлөрүнө ылайык келишин текшерүү | Добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 9-октябрына чейин) | ОШК, УШК, ЖӨБО Мыйзамдын 29-бер. 6-бөл. |
14 | Тийиштүү ЖӨБОлорго ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн добуш берүүчү жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү боюнча кайрылуу жөнөтүү | Шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 19-октябрына чейин) | ОШК, УШК Мыйзамдын 29-бер. 6-бөл. |
Эл аралык жана коомдук байкоочулар | |||
15 | Эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттердин шайлоо органдарына шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууга чакыруу жөнөтүү | КР Президентинин Жарлыгы расмий жарыялангандан кийин | Президенттин Администрациясы, Жогорку Кеңеш, Министрлер Кабинети, БШК Мыйзамдын 10-бер. 1-бөл. |
16 | КРнын Президенти, КРнын ЖКи, КРнын Министрлер Кабинети, БШК тарабынан жиберилген чакыруулардын негизинде байкоочуларды аккредитациялоо | Шайлоо дайындалгандыгы жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин | БШК Мыйзамдын 10-бер. 1-бөл. |
17 | Шайлоо комиссияларынын алдында коомдук байкоочуларды каттоонун шарттарын жана тартибин, каттоо жөнүндө документтин формасын белгилөө | Шайлоо дайындалгандан кийин | БШК Мыйзамдын 10-1-бер. 3-бөл. |
18 | Коомдук байкоочуларды каттоо | Коммерциялык эмес уюмдар тиешелүү документтерди бергенден кийин жана шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт | БШК Мыйзамдын 10-1-бер. |
Шайлоочулардын тизмеси | |||
19 | Консулдук каттоого турган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда жашаган жана жүргөн шайлоочулар жөнүндө БШКга маалымат берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 85 календарлык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 3-сентябрына чейин (кошуп алганда)) | ТИМ, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жетекчилери, Мыйзамдын 14-бер. 6-бөл. |
20 | Округдар, участоктор, райондор жана шаарлар боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмесин tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштыруу | Добуш берүү күнүнө 80 календарлык күнгө чейин (2021-жылдын 9-сентябрына чейин) | БШК Мыйзамдын 14-бер. 4-бөл. |
21 | Шайлоочулардын алдын ала тизмелерин участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө 75 календардык күн калганда (2021-жылдын 14-сентябрына чейин) | БШК, ОШК, УШК Мыйзамдын 14-бер. 7-бөл. |
22 | УШКларда шайлоочулардын алдын ала тизмесин таанышуу үчүн илүү | Добуш берүү күнүнө 70 календарлык күн калганда (2021-жылдын 19-сентябрына чейин) | УШК Мыйзамдын 15-бер. 1-бөл. |
23 | Шайлоочулардын арыздарын (шайлоочу жөнүндө ар кандай ката же так эместик аныкталган учурда) кабыл алуу | 2021-жылдын 19-сентябрынан 12-ноябрына чейин (кошуп алганда) (Добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен) | УШК Мыйзамдын 15-бер. 2-бөл. |
24 | Шайлоо дарегин өзгөртүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу (Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда жүргөн шайлоочулар гана үчүн) | Добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда)) | УШК, БШК системалык администратору Мыйзамдын 15-бер. 3-бөл. |
25 | Шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн УШКларда шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү | Добуш берүүгө чейин 30 календардык күн калганда (2021-жылдын 29-октябрына чейин) | УШК Мыйзамдын 15-бер. 4-бөл. |
26 | Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда (вахталык иштерде) болгон шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар жөнүндө шайлоочулардын тизмелерин түзүү, аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана тиешелүү УШКга өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 12 календарлык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 15-ноябрына чейин (кошуп алганда)) | Көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери, МКК, УШК Мыйзамдын 14-бер. 5-бөл. |
27 | Шайлоочулардын электрондук түрдөгү биротоло тизмелерин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө 10 календарлык күн калганда (2021-жылдын 18-ноябрына чейин) | БШК, Санариптик өнүктүрүү министрлиги Мыйзамдын 15-бер. 5-бөл. |
28 | УШКларда шайлоочулардын биротоло тизмелеринин экинчи нускасын илүү | Добуш берүү күнүнө чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 21-ноябрына чейин) | УШК Мыйзамдын 15-бер. 5-бөл. |
29 | Шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмелерин БШКнын расмий сайтына жарыялоо жана участкалык шайлоо комиссияларынын орун-жайларынын алдындагы такталарга илүү | Добуш берүү күнүнөн кийин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 6-декабрына чейин) | БШК, ОШК, УШК Мыйзамдын 35-бер. 23-бөл. |
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутуу | |||
30 | Саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМК, укук коргоо органдары жана шайлоо процессинин башка катышуучулары үчүн окуу семинарларын өткөрүү | Шайлоо дайындалгандан кийин өзүнчө план боюнча | БШК |
31 | ОШК, УШК мүчөлөрү, АЭУ жана шайлоочуларды идентификациялоо операторлору үчүн тренингдерди өткөрүү | Шайлоо дайындалгандан кийин өзүнчө план боюнча | БШК |
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмелерин жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо | |||
32 | Шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардын шайлоого катышары тууралуу БШКга жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү | Шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде (2021-жылдын 3-сентябрына чейин (кошуп алганда)) | Саясий партиялар Мыйзамдын 60-бер. 4-бөл. |
33 | Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга каттоо ырастамаларын же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечимин берүү | Керектүү документтер түшкөн күндөн тартып 3 календарлык күндүн ичинде | БШК Мыйзамдын 19-бер. 4-бөл. |
34 | Талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын же болбосо саясий партиянын сунуштамасынын жана ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө жарандын арызынын негизинде ишенимдүү адамдарды каттоо | Талапкер жазуу жүзүндөгү арыз же саясий партия сунуштама бергенден кийин | БШК Мыйзамдын 20-бер. 2-бөл. |
35 | Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин көрсөтүү | Шайлоо дайындалган күндөн тартып 45 календарлык күн калганда шайлоо күнүнө чейин аяктайт (2021-жылдын 13-октябрына чейин (кошуп алганда)) | Саясий партиялар Мыйзамдын 60-бер. 1-бөл. |
36 | Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү | Шайлоо дайындалган күндөн тартып 45 календарлык күн калганда шайлоо күнүнө чейин аяктайт (2021-жылдын 13-октябрына чейин (кошуп алганда)) | Саясий партиялар Мыйзамдын 60-1-бер. 1-бөл. |
37 | Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмелерин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан тийиштүү документтерди берүүсү | Шайлоо күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 18-октябры, саат 18:00гө чейин) | БШК Мыйзамдын 61-бер. 1-бөл. |
38 | Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тиешелүү документтерди берүүсү | Шайлоо күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 18-октябры, саат 18:00гө чейин) | БШК Мыйзамдын 61-бер. 1-1-бөл. |
39 | Депутаттыкка талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо | Шайлоо күнүнө 30 календарлык күн калганда (2021-жылдын 29-октябрына чейин) | БШК Мыйзамдын 61-бер. 5-бөл. |
40 | Саясий партиянын талапкерлердин тизмесин чакыртып алуу жана шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө БШКга жазуу жүзүндө арыз берүүсү | Добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 17-ноябрына чейин (кошуп алганда)) | Саясий партиялар Мыйзамдын 61-бер. 10-бөл. |
41 | Талапкерлердин тизмесинде турган талапкердин, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкердин шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө БШКга жазуу жүзүндө арыз берүүсү | Добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 24-ноябрына чейин (кошуп алганда)) | Талапкерлердин тизмесиндеги талапкер Мыйзамдын 61-бер. 10-бөл. |
Шайлоо алдындагы үгүт | |||
42 | Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү | Баардык талапкерлердин, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып, добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда аяктайт (2021-жылдын 29-октябрынан тартып 27-ноябрынын саат 08:00нө чейин) | Саясий партиялар, Кыргыз Республикасынын жарандары Мыйзамдын 23-бер. 1-бөл. |
43 | Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү үчүн акы төлөнүүчү эфир убактысын берүү | Талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин каттоонун акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин (2021-жылдын 29-октябрынан тартып 27-ноябрынын саат 08:00нө чейин) | Телерадиоуюмдар Мыйзамдын 24-бер. 4-бөл. |
44 | Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге, саясий партияларга үгүт иштерин жүргүзүү жана шайлоочулар менен жолугушуу укугун камсыздоо | Талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин каттоонун акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин (2021-жылдын 29-октябрынан тартып 27-ноябрынын саат 08:00нө чейин) | АШК, Кыргыз Республикасынын БШКсынын атайын өкүлдөрү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Мыйзамдын 22-бер. 9-бөл. |
45 | Ар бир шайлоо участогунун аймагында маалымат жана үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүү | Шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде (2021-жылдын 8-сентябрына чейин) | ЖӨБО Мыйзамдын 27-бер. 3-бөл. |
Шайлоону каржылоо | |||
46 | Шайлоо фондун түзүү: Өз шайлоо фондун түзүү үчүн банк мекемесинде атайын эсеп ачууга арыз берүү; | Шайлоого катышуу жөнүндө БШКга/ОШКга жазуу жүзүндө билдирме берүү менен кошо | Талапкер, Каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Мыйзамдын 41-бер. 5-бөл., "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө" жобонун (мындан ары - Жобо) 14-пункту |
банк мекемесинде атайын эсеп ачууга уруксат алуу | Атайын эсеп ачууга БШКдан/ОШКдан жазуу жүзүндө уруксат (маалымдама) алгандан кийин | Талапкер, Каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Мыйзамдын 41-бер. 5-бөл., Жобонун 16-пункту | |
47 | Банк мекемесинде атайын эсеп ачуу: каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындабаган бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер тарабынан; | Аларды талапкер катары көрсөткөн учурдан тартып каттоо үчүн документтерди бергенге чейин | Талапкер, Мыйзамдын 41-бер. 5-бөл. |
каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындаган бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер тарабынан | Шайлоо комиссиясы тарабынан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катталгандан кийин | Каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Мыйзамдын 19-бер. 3-5-бөл., 41-бер. 1-бөл.
| |
талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар тарабынан | Шайлоо комиссиясы тарабынан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катталгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде | Каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Мыйзамдын 19-бер. 3-5-бөл., 41-бер., 1-бөл. | |
48 | Шайлоо күрөөсүн төгүү: - талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар үчүн - мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эселенген өлчөмүндө; - бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер үчүн - мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө | Шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин (2021-жылдын 18-октябры, саат 18:00гө чейин) | Талапкерлер, саясий партиялар, Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Мыйзамдын 61-бер. 1, 2-бөл. |
49 | Талапкердин, саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берүү | Жума сайын, ал эми КР БШКнын талабы боюнча - 24 сааттын ичинде | Банк же башка мекемелер, БШК Мыйзамдын 41-бер. 12-бөл. |
50 | Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фонддорунун келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчетторду БШКга тапшыруусу | Биринчи финансылык отчет - добуш берүү күнүнө чейин 10 күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 17-ноябрына чейин (кошуп алганда)) Экинчи жыйынтыктоочу финансылык отчет - шайлоодон кийин 10 күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 8-декабрына чейин (кошуп алганда)) | Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Жобосунун 48-пункту |
51 | Жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөр боюнча, ошондой эле атайын эсепте турган, чыгымдалбаган акча каражаттарын кайра кайтаруу боюнча бардык финансылык операцияларды токтотуу | Добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 3-декабрына чейин (кошуп алганда)) | Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Мыйзамдын 41-бер. 14-бөл. |
Шайлоо бюллетендери | |||
52 | Бюллетендин текстин бекитүү (Брайль ариби менен) | Добуш берүү күнүнө чейин 25 календарлык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 3-ноябрына чейин) | БШК Мыйзамдын 30-бер. 2-бөл. |
53 | Шайлоо бюллетендерин мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо | Добуш берүү күнүнө чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 21-ноябрына чейин) | БШК Мыйзамдын 30-бер. 6-бөл. |
54 | Шайлоо бюллетендерин округдук шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө 5 календарлык күн калганда (2021-жылдын 23-ноябрына чейин) | БШК Мыйзамдын 30-бер. 9-бөл. |
55 | Шайлоо бюллетендерин участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө 2-1 календарлык күн калганда (2021-жылдын 27-ноябрына чейин) | ОШК Мыйзамдын 30-бер. 9-бөл. |
Добуш берүү тартиби | |||
56 | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө шайлоочулардан арыздарды кабыл алуу | Добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 25-ноябрына чейин) | УШК Мыйзамдын 33-бер. 2-бөл. |
57 | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү | Добуш берүү күнүнө чейин 1 календарлык күн калганда саат 08:00дөн 20:00гө чейин (2021-жылдын 27-ноябры) | УШК Мыйзамдын 33-бер. 2-бөл. |
58 | Добуш берүү | 2021-жылдын 28-ноябры (саат 08:00дөн 20:00гө чейин) | УШК Мыйзамдын 31-бер. 1-бөл. |
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө | |||
59 | Шайлоочулардын добуштарын саноо (добуштарды саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө биринчи кезекте бир мандаттуу округдар боюнча, андан кийин - бирдиктүү шайлоо округунда жүргүзүлөт) | Добуш берүү аяктагандан кийин дароо башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилегенге чейин тынымсыз жүргүзүлөт. | УШК Мыйзамдын 35-бер. 3-1-бөл. |
60 | Ар бир участок боюнча добуш берүүнүн укуктук мааниге ээ болбогон алдын ала маалымат болуп саналган жыйынтыктарын БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу | Келип түшкөнүнө жараша | БШК Мыйзамдын 37-1-бер. 1-бөл. |
61 | Ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу | Добуш берүү күнүнөн тартып 18 календарлык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 16-декабрына чейин) | БШК, ОШК, УШК Мыйзамдын 35-бер. 23-бөл. |
62 | Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорун БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу | Добуш берүү күнүнөн тартып 19 календарлык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 17-декабрына чейин) | БШК, ОШК, Мыйзамдын 35-бер. 23-бөл. |
63 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо | Добуш берүү күнүнөн тартып 20 календарлык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 18-декабрына чейин) | БШК Мыйзамдын 37-бер. 1-бөл. |
64 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо | Шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып эки жуманын ичинде | БШК Мыйзамдын 64-бер. 8-бөл. |
Кайра шайлоо (дайындалган учурда) | |||
65 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо | Шайлоо жараксыз деп таанылгандан кийин бир айдын ичинде | БШК Мыйзамдын 38-бер. 1-бөл. |