Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 5-сентябры № 684
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө |
(В редакции постановления Центризбиркома КР от 15 сентября 2021 года № 695)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы ПЖ № 370 Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген "Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2, 4, 5-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча округдарынын схемасы жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтомунун тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын СХЕМАСЫ
(В редакции постановления Центризбиркома КР от 15 сентября 2021 года № 695)
1. Саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелери боюнча Жогорку Кеңештин 54 депутатынын пропорционалдуу шайлоо тутуму боюнча шайлоолорду өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы бирдиктүү шайлоо округу болуп саналат. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округуна катталган болуп эсептелет.
2. Бир мандаттуу шайлоо округдары:
№ 1 Лейлек шайлоо округу
№ 2 Баткен шайлоо округу
№ 3 Кадамжай шайлоо округу
№ 4 Көк-Жар шайлоо округу
№ 5 Ноокат шайлоо округу
№ 6 Араван шайлоо округу
№ 7 Ош шайлоо округу
№ 8 Төлөйкөн шайлоо округу
№ 9 Кара-Суу шайлоо округу
№ 10 Куршаб шайлоо округу
№ 11 Алай шайлоо округу
№ 12 Өзгөн шайлоо округу
№ 13 Сузак шайлоо округу
№ 14 Жалал-Абад шайлоо округу
№ 15 Базар-Коргон шайлоо округу
№ 16 Ноокен шайлоо округу
№ 17 Аксы шайлоо округу
№ 18 Ала-Бука шайлоо округу
№ 19 Токтогул шайлоо округу
№ 20 Манас шайлоо округу
№ 21 Талас шайлоо округу
№ 22 Жайыл шайлоо округу
№ 23 Москва шайлоо округу
№ 24 Сокулук шайлоо округу
№ 25 Аламүдүн шайлоо округу
№ 26 Ленин шайлоо округу
№ 27 Биринчи май шайлоо округу
№ 28 Октябрь шайлоо округу
№ 29 Свердлов шайлоо округу
№ 30 Ысык-Ата шайлоо округу
№ 31 Кемин шайлоо округу
№ 32 Кочкор шайлоо округу
№ 33 Нарын шайлоо округу
№ 34 Жети-Өгүз шайлоо округу
№ 35 Ак-Суу шайлоо округу
№ 36 Ысык-Көл шайлоо округу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча бир мандаттуу шайлоо округдарынын чек аралары
№ 1 Лейлек шайлоо округу
Борбору: Исфана шаары, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 90075.
Чек аралары: Сүлүктү шаары толугу менен кирет, Лейлек районунун Исфана шаары, Ак Суу, Бешкент, Жаңы-Жер, Катран, Кулунду, Лейлек, Маргун, Сумбула, Тогуз Булак айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 2 Баткен шайлоо округу
Борбору: Баткен шаары, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 102010.
Чек аралары: Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек, Кара-Бак, Кара-Булак, Суу-Башы, Кыштут, Дара, Төрт-Гүл айыл аймактары толугу менен, Баткен шаары толугу менен, Кадамжай районунун Халмион, Совет, Кыргыз-Кыштак, Актурпак айыл аймактары толугу менен, Кадамжай районунун Алга айыл аймагынын № 8145, 8146, 8172, 8202 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен кирет
№ 3 Кадамжай шайлоо округу
Борбору: Кадамжай шаары, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 112968.
Чек аралары: Кызыл-Кыя шаары толугу менен, Кадамжай районунун Кадамжай шаары, Айдаркен шаары, Бирлик, Учкоргон, Чаувай, А.Масалиев, Майдан, Марказ, Орозбеков, Көтөрмө айыл аймактары толугу менен, Кадамжай районунун Алга айыл аймагынын № 8147 шайлоо участкасынын Чек аралары толугу менен кирет.
№ 4 Көк-Жар шайлоо округу
Борбору: Ноокат району, Ноокат шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 80426
Чек аралары: Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагы толугу менен; Ноокат районунун Төөлөс, Ынтымак, Т. Кулатов, Он-Эки-Бел, Найман, Көк-Жар, Бел, Жаңы-Ноокат айыл аймактары, Гулистан айыл аймагындагы № 5402, № 5403 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен кирет.
№ 5 Ноокат шайлоо округу
Борбору: Ноокат району, Ноокат шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 82006
Чек аралары: Ноокат районунун Гулистан айыл аймагындагы № 5400, № 5401, № 5525, № 5593 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу, Ноокат шаары, Мирмахмудов, Кара-Таш, Т.Зулпуев, Кыргыз-Ата, Кеңеш, Н.Исанов, Көк-Бел айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 6 Араван шайлоо округу
Борбору: Араван району, Араван айылы, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 91029
Чек аралары: Араван районунун Алля Анаров, Керме-Тоо, Мангыт, Нурабад, С.Юсупов, Тепе-Коргон, Чек-Абад айыл аймактары толугу менен; Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагы толугу менен кирет.
№ 7 Ош шайлоо округу
Борбору: Ош шаары, мэриянын имараты.
Шайлоочулардын саны: 110685
Чек аралары: Ош шаарынын Ош-МТУ-Жапалак, Ош-МТУ-1, Ош-МТУ-2, Ош-МТУ-3, Ош-МТУ-5 толугу менен кирет.
№ 8 Төлөйкөн шайлоо округу
Борбору: Кара-Суу шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 118551
Чек аралары: Кара-Суу районунун Мады, Шарк, Төлөйкөн, Папан айыл аймактары толугу менен; Ош шаарынын Ош-МТУ-4, Ош-МТУ-6 толугу менен кирет.
№ 9 Кара-Суу шайлоо округу
Борбору: Кара-Суу шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 100604
Чек аралары: Кара-Суу районунун Сарай, Кара-Суу шаары, Ак-Таш, Жоош, Нариман, Кашкар-Кыштак айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 10 Куршаб шайлоо округу
Борбору: Өзгөн району, Өзгөн шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 112847
Чек аралары: Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы № 5058, № 5059, №5060, № 5062, № 5063, № 5473, № 5498, № 5578, № 5579 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен, Кароол, Куршаб, Кара-Таш, Жалпак-Таш, Кызыл-Октябрь айыл аймактары толугу менен кирет; Кара-Суу районунун Кызыл-Суу, Жаңы-Арык, Отуз-Адыр, Катта-Талдык, Сары-Колот, Савай айыл аймактары толугу менен; Алай районунун Жаңы-Алай айыл аймагы толугу менен кирет.
№ 11 Алай шайлоо округу
Борбору: Алай району, Гүлчө айылы, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 115944
Чек аралары: Алай районунун Будалык, Бүлөлү, Гүлчө, Жошолу, К.Белекбаев ат. Алай, Кабылаң-Көл, Коңур-Дөбө, Корул, Ленин, Сары-Могол, Сары-Таш, Талды-Суу, Үч-Төбө айыл аймактары толугу менен; Чоң-Алай районунун Жекенди, Кашка-Суу, Чоң-Алай айыл аймактары толугу менен; Кара-Кулжа районунун Алайку, Капчыгай, Кара-Гүз, Кеңеш, Кызыл-Жар, Ой-Тал, Сары-Булак, Чалма, Ылай-Талаа, Кашка-Жол, Кара-Кочкор, Кара-Кулжа айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 12 Өзгөн шайлоо округу
Борбору: Өзгөн району, Өзгөн шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 90047
Чек аралары: Өзгөн районунун Ак-Жар, Алтын-Булак, Жазы, Зергер, Колдук, Кызыл-Тоо, Мырза-Аке, Салам-Алик, Баш-Дөбө, Дөң-Булак, Жылалды, Ийри-Суу, Төрт-Көл, Чаңгет айыл аймактары толугу менен кирет, Өзгөн шаарындагы № 5499, № 5064, № 5065, № 5061, № 5066 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен кирет.
№ 13 Сузак шайлоо округу
Борбору: Сузак району, Сузак айылы, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 111287.
Чек аралары: Сузак районунун Көк-Жаңгак шаары, Атабеков, Багыш, Кара-Алма, Кара-Дарыя, Көк-Арт, Курманбек, Кыз-Көл, Кызыл-Туу, Сузак айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 14 Жалал-Абад шайлоо округу
Борбору: Жалал-Абад шаары, Мэриянын имараты.
Шайлоочулардын саны: 106138
Чек аралары: Жалал-Абад шаары толугу менен, Сузак районунун Барпы, Ырыс, Таш-Булак, Ленин айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 15 Базар-Коргон шайлоо округу
Борбору: Базар-Коргон району, Базар-Коргон шаары, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 112932
Чек аралары: Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаары, Кеңеш, Арстанбап, Акман, Бешик-Жон, Кызыл-Үнкүр, Могол, Сейдикум, Талдуу-Булак айыл аймактары толугу менен, Тогуз-Торо районунун Атай, Каргалык, Көк-Ирим, Сары-Булун, Тогуз-Торо айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 16 Ноокен шайлоо округу
Борбору: Ноокен району, Масы айылы, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 95129.
Чек аралары: Майлуу-Суу шаары толугу менен, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаары, Арал, Бүргөндү, Масы, Момбеков, Ноокен, Сакалды, Шайдан, Достук айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 17 Аксы шайлоо округу
Борбору: Аксы району, Кербен шаары, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 80516.
Чек аралары: Аксы районунун Кербен шаары, Кашка-Суу, Авлетим, Ак-Жол, Ак-Суу, Жаңы-Жол, Жерге-Тал, Кара-Жыгач, Кара-Суу, Кызыл-Туу, Т.Мавлянов, Ш.Назаралиев айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 18 Ала-Бука шайлоо округу
Борбору: Ала-Бука району, Ала-Бука айылы, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 80453.
Чек аралары: Ала-Бука районунун 1-Май, Ак-Коргон, Ак-Там, Ала-Бука, Көк-Серек, Көк-Таш, Өрүктү, Т.Балтагулов айыл аймактары толугу менен, Чаткал районунун Сумсар, Терек-Сай, Каныш-Кыя, Чаткал айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 19 Токтогул шайлоо округу
Борбору: Токтогул району, Токтогул шаары, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 99909.
Чек аралары: Токтогул районунун Токтогул шаары, Бел-Алды, Жаны-Жол, Кетмен-Дөбө, Кызыл-Өзгөрүш, М.Абдылдаев, Ничке-Сай, Сары-Камыш, А.Суеркулов, Үч-Терек, Э.Аралбаев айыл аймактары толугу менен, Кара-Көл шаары толугу менен, Таш-Көмүр шаары толугу менен кирет.
№ 20 Манас шайлоо округу
Борбору: Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 82676.
Чек аралары: Кара-Буура районунун Ак-Чий, Аманбаев, Бакайыр, Бакыян, Бейшеке, Кара-Буура, Көк-Сай, Маймак, Чолпонбай, Шекер айыл аймактары толугу менен, Манас районунун Кайыңды, Кыргызстан, Май, Покровка, Үч-Коргон айыл аймактары толугу менен, Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө, Боо-Терек, Ленинполь, Миң-Булак, Оро айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 21 Талас шайлоо округу
Борбору: Талас шаары, мэриянын имараты.
Шайлоочулардын саны: 80433.
Чек аралары: Талас шаары толугу менен, Талас районунун Айдаралиев, Арал, Бекмолдо, Бердике баатыр, Жерге-Тал, Долоно, Көк-Ой, Калба, Кара-суу, Кууганды, Нуржанов, Осмонкулов, Өмүралиев айыл аймактары толугу менен, Бакай-Ата районунун Акназаров, Шадыкан, Кең-Арал, Өзгөрүш айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 22 Жайыл шайлоо округу
Борбору: Жайыл району, Кара-Балта шаары, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 99663.
Чек аралары: Жайыл районунун Кара-Балта шаары, Ак-Башат, Жайыл, Кара-Суу, Красный Восток, Кызыл-Дыйкан, Полтавка, Сары-Булак, Сары-Коо, Степное, Суусамыр, Талды-Булак, Сосновка айыл аймактары толугу менен, Панфилов районунун Кайыңды шаары, Вознесеновка, Курама, Күрпүлдөк, Орто, Фрунзе, Чалдыбар айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 23 Москва шайлоо округу
Борбору: Москва району, Беловодский айылы, Москва райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 87801.
Чек аралары: Москва районунун Ак-Суу, Александровка, Беловодское, Беш-Терек, Биринчи Май, Петровка, Предтеченка, Садовое, Сретенка, Төлөк, Целинный, Чапаев айыл аймактары толугу менен, Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй, Ат-Башы, Жаңы-Жер, Камышановка, Жаңы-Пахта, Биринчи май айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 24 Сокулук шайлоо округу
Борбору: Сокулук району, Сокулук айылы, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 99755.
Чек аралары: Сокулук районунун Шопоков шаары, Орок, Күн-Туу, Кызыл-Туу, Новопавловка, Военно-Антоновка, Фрунзе, Гавриловка, Сокулук, Кайназаров, Крупская, Төш-Булак, Асылбаш, Саз айыл аймактары кирет.
№ 25 Аламүдүн шайлоо округу
Борбору: Аламүдүн району, Лебединовка айылы, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 111115.
Чек аралары: Аламүдүн районунун Ак-Дөбө, Аламүдүн, Арашан, Байтик, Гроздь, Кара-Жыгач, Көк-Жар, Лебединовка, Ленин, Маевка, Октябрь, Пригородный, Таш-Дөбө, Таш-Мойнок, Төмөнкү-Аларча, Васильевка, Ала-Арча айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 26 Ленин шайлоо округу
Борбору: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 27.
Шайлоочулардын саны: 110870.
Чек аралары: Ленин району, Ленин районундагы № 1002, 1003, 1004, 1005, 1006, 1007, 1040, 1041, 1042, 1043, 1044 шайлоо участкаларынын чек араларынан тышкары.
№ 27 Биринчи май шайлоо округу
Борбору: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 27.
Шайлоочулардын саны: 109309.
Чек аралары: Биринчи май району толугу менен, Ленин районундагы № 1002, 1003, 1004, 1005, 1006, 1007, 1040, 1041, 1042, 1043, 1044 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен кирет
№ 28 Октябрь шайлоо округу
Борбору: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 27.
Шайлоочулардын саны: 105320.
Чек аралары: Октябрь району, Октябрь районундагы №№ 1150, 1157 шайлоо участкаларынын чек араларынан тышкары.
№ 29 Свердлов шайлоо округу
Борбору: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 27.
Шайлоочулардын саны: 103101.
Чек аралары: Свердлов району толугу менен, Октябрь районундагы №№ 1150, 1157 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен кирет.
№ 30 Ысык-Ата шайлоо округу
Борбору: Ысык-Ата району, Кант шаары, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 96697.
Чек аралары: Ысык-Ата районунун Кант шаары, Ак-Кудук, Бирдик, Жээк, Ивановка, Интернационал, Кең-Булун, Кочкорбаев, Красноречка, Логвиненко, Люксембург, Милянфан, Новопокровка, Нурманбет, Сын-Таш, Туз, Узун-Кыр, Ысык-Ата, Юрьевка айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 31 Кемин шайлоо округу
Борбору: Токмок шаары, мэриянын имараты.
Шайлоочулардын саны: 114743.
Чек аралары: Токмок шаары толугу менен, Кемин районунун Кемин, Орловка шаарлары, А.Дуйшеев, Ак-Тюз, Алмалуу, Боролдой, Жаңы-Алыш, Ильич, Кара-Булак, Көк-Ойрок, Кызыл-Октябрь, Чоң-Кемин, Чым-Коргон айыл аймактары толугу менен, Чүй районунун Кегети, Ак-Бешим, Бурана, Ибраимов, Искра, Кош-Коргон, Онбир-Жылга, Сайлык, Шамшы, Чүй айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 32 Кочкор шайлоо округу
Борбору: Кочкор району, Кочкор айылы, Кочкор райондук каржы башкармалыгынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 104250.
Чек аралары: Кочкор районунун Чолпон, Кара-Суу, Талаа-Булак, Кум-Дөбө, Көк-Жар, Ак-Кыя, Кочкор, Кош-Дөбө, Сары-Булак, Семиз-Бел, Соң-Көл айыл аймактары толугу менен, Ак-Талаа районунун Ак-Тал, Ак-Чий, Баетов, Жаңы-Талап, Жерге-Тал, Кара-Бүргөн, Коңорчок, Кош-Дөбө, Көк-Жар, Кызыл-Белес, Терек, Тоголок Молдо, Үгүт айыл аймактары толугу менен, Жумгал районунун Байзак, Баш-Кууганды, Жаңы-Арык, Жумгал, Кабак, Көк-Ой, Куйручук, Кызыл-Жылдыз, Миң-Куш, Таш-Дөбө, Түгөл-Сай, Чаек, Чоң-Дөбө айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 33 Нарын шайлоо округу
Борбору: Нарын шаары, мэриянын имараты.
Шайлоочулардын саны: 104851.
Чек аралары: Нарын шаары толугу менен, Ат-Башы районунун Ак-Жар, Ак-Моюн, Ак-Муз, Ак-Талаа, Ат-Башы, Ача-Кайыңды, Баш-Кайынды, Казыбек, Кара-Коюн, Кара-Суу, Талды-Суу айыл аймактары толугу менен, Нарын районунун Ак-Кудук, Достук, Дөбөлү, Жан-Булак, Жерге-Тал, Казан-Куйган, Кара-Кужур, Миң-Булак, Он-Арча, Орток, Сары-Ой, Учкун, Чет-Нура, Эмгек-Талаа, Эмгекчил айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 34 Жети-Өгүз шайлоо округу
Борбору: Тоң району, Боконбаев айылы, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 108452.
Чек аралары: Тоң районунун Ак Терек, Б.Мамбетов, Каджы-Сай, Көл-Төр, Күн-Чыгыш, Тоң, Төрт-Күл, Улахол айыл аймактары толугу менен (Көк Мойнок айыл аймагынан тышкары), Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө, Ак-Шыйрак, Барскоон, Дархан, Жаргылчак, Жети-Өгүз, Кызыл-Суу, Липенский, Оргочор, Саруу, Светлая Поляна, Тамга, Ырдык айыл аймактары толугу менен, Ак-Суу райоунун Челпек, Бөрү-Баш айыл аймактары толугу менен, Каракол шаарынын № 3131, 3132, 3161 УШКларынын чек аралары толугу менен кирет.
№ 35 Ак-Суу шайлоо округу
Борбору: Каракол шаары, мэриянын имараты.
Шайлоочулардын саны: 118513.
Чек аралары: Каракол шаары толугу менен (№ 3131,3132, 3161 шайлоо участкаларынын чек араларынан тышкары), Ак-Суу районунун Ак-Булуң, Ак-Чий, Боз-Учук, Жыргалан, Каракол, Кереге-Таш, Октябрь, Отрадное, Тепке, Теплоключенка, Энильчек, Кара-Жал, айыл аймактары толугу менен (Бөрү-Баш, Челпек айыл аймактарынан тышкары) кирет; Түп районунун Санташ, Карасаев, Арал, Михайловка, Ысык-Көл, Чоң-Таш, Талды-Суу, Кудургуу, Ак-Булун, Сары-Булак, Ак-Булак, Түп, Тогуз-Булак айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 36 Ысык-Көл шайлоо округу
Борбору: Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 89607.
Чек аралары: Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаары, Абдрахманов, Ананьев, Бостери, Кара-Ой, Кумбел, Өрүктү, Садыр аке, Семеновка, Тамчы, Темир, Тору-Айгыр, Чоң Сары-Ой айыл аймактары толугу менен, Балыкчы шаары толугу менен, Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагы толугу менен кирет.