Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 8-октябры № 728
2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Кара-Суу, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 408 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Койчукеевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Н.Койчукеев |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 8-октябрындагы № 728 токтомунун тиркемеси |
Ош облусу
Кара-Суу району
Кара-Суу шаардык кеңеши (УШК № 5265, № 5266, № 5267, № 5268, № 5269, № 5270)
Борбору: Кара-Суу шаардык кеңеши
Мандаттын саны: 31
Шайлоочулардын саны: 11958
Бирдиктүү шайлоо округу.
Чек аралары: Кара-Суу шаарынын аймагы толугу менен кирет.
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ
Тогуз-Торо району
Тогуз-Торо айылдык кеңеши (Мандаттардын саны - 11, анын ичинен 5 аялдар үчүн резерв)
№ 1 Ленин шайлоо округу (УШК № 2089)
Борбору: Казарман айылы, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн имараты.
Шайлоочулардын саны: 1738
Мандаттын саны: 7, анын ичинен аял депутаттарына резерв 3 мандат
Чек арасы: Казарман айылынын И.Кадыркулов, Т.Кожалиев көчөсүндөгү так сан тарабынан жайгашкан № 1ден № 47чи үйлөргө чейин ал эми жуп сан тарабынан № 2ден № 66 үйлөргө чейин, Горная Тобок, Т.Мурзалиев, К.Азаматов, Р.Чокморов, Т.Шайнаев, К.Абдыжапаров, Т.Жээналиев көчөсүндөгү жуп сан тарабынан № 2ден № 66чи үйлөргө чейин, Я.Бердалиев көчөсүндөгү так сан тарабынан жайгашкан № 1ден № 25чи үйлөргө чейин, Өрнөк айылы толугу менен жана Кара-Булак, Тулпар, Чолок-Там, Кормоцех, Чырпыкты бейит, Кара-Чий, Комплекс, АБЗ участкаларында жашаган шайлоочулар толугу менен кирет.
№ 2 Дөдөмөл шайлоо округу (УШК № 2090, № 2091)
Борбору: Дөдөмөл айылы, Азамат уулу Калдыбай атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1013
Мандаттын саны: 4, анын ичинен аял депутаттарына резерв 2 мандат.
Чек арасы: Кош-Булак, Дөдөмөл айылдары жана бул айылдардын аймагындагы Ийри-Суу, Кайыңды, Киндик, Көңдүк, Телемунара, Чийлүү-Коо, Сары-Булак, Кара-Коюн, Баш-Көлмө, Орто-Көлмө, Аяк-Көлмө участкаларында жашаган шайлоочулар толугу менен кирет.
Токтогул району
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши (Мандаттардын саны - 21, анын ичинен 8 аялдар үчүн резерв)
№ 1 Кызыл-Өзгөрүш шайлоо округу (УШК № 2242, 2243)
Борбору: Өзгөрүш а., Чодошев атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 2414
Мандаттын саны: 8, анын ичинен аял депутаттарына резерв 3 мандат
Чек арасы: Бууракан айылынын К.Жайчыбеков 1-25, Ж.Алымкулов 1-24, Г.Кенетаева 1-23 көчөлөрү, Жумабаев Токтомат 1-19, Назарбаев Жолборсбек Эсенбаевич 1-24, Абылкасымов Алимжан1-9, Белкара-Суу айылынын Карабаев Саржан 1-36 көчөлөрү. Кызыл-Өзгөрүш айылынын Жоробекова 1-24, Турдукожоев 1-28, Байсопуев 1-49, Култаев 1-20, Назараалы 1-48, Жумагул 1-14, Ажы у. А. 1-8, Мамбетаипов 1-22, Сейдикеримов 1-14, Малабашов 1-16, Амантай 1-56, Абдраманов 1-14, Бекиш 1-26, Сакеев 1-17, Сагынбек 1-43, Э.Мамыркулов 1-13 көчөлөрү. Белкара-Суу айылынын М.Чакиев 1-44, Кыдыр Сейит 1-40 көчөсүнүн чыгыш тарабы. Коңур-Өгүз айылынын Мамажан 1-61, Байгазы 1-24 көчөлөрү.
№ 2 Камыш-Башы шайлоо округу (УШК № 2244)
Борбору: Камыш-Башы а., Чаргынов атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1962
Мандаттын саны: 6, анын ичинен аял депутаттарына резерв 2 мандат
Чек арасы: Камыш-Башы айылынын Т.Осмоналиев 1-40, Нанай-Ата 1-76, Маленкул 1-50, А.Абдырахманов 1-27, Чаргынов 1-52, Капалбай 1-33 көчөлөрү. Шайык айылынын Б.Сейдеев 1-27, Б.Көчөров 1-37, А.Жээнчороев 1-24 көчөлөрү. Ак-Жар айылынын С.Досалиев 1-49, С.Султаналиев 1-99 көчөлөрү. Т.Садабаев 1-10.
№ 3 Кызыл-Жылдыз шайлоо округу (УШК № 2354)
Борбору: Орто-Жон а., Ибраимов атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 2282
Мандаттын саны: 7, анын ичинен аял депутаттарына резерв 3 мандат
Чек арасы: Аң-Арык айылынын К.Абдыраимов 1-38, А.Таштанбеков 1-49, Б.Темиров 1-27, Ш.Сасыкулов 1-49 көчөлөрү. Көк-Таш айылынын Ажы у. А. 1-15, А.Калдарбаев 1-53, А.Байсопуев 51ден 74кө чейин, К.Мамбетаипов 23-52 чейин, С.Сейдикеримов 15-36 чейин, К.Малабашов 17-29 чейин, Б.Абдыраманов 15-33 чейин, Т.Сакеев 18-24 чейин, Ж.Адилбаева 14-44, Б.Кармышаков 27-36 чейин көчөлөрү. Орто-Жон айылынын Эрлан 1-40, Акмат 1-64 көчөлөрү, Жээнкулов А 1-40, Байматов Т 1-21. Чеч-Дөбө айылынын Т.Боргемиков 1-73, З.Эрматов 1-19.
Чаткал району
Терек-Сай айылдык кеңеши (Мандаттардын саны - 11, анын ичинен аялдар үчүн резерв 5)
№ 1 Терек-Сай шайлоо округу (УШК № 2299)
Борбору: Школьная-1 көчөсү № 20, Терек-Сай айылдык маданият үйү.
Шайлоочулардын саны: 1116
Мандаттын саны: 4, анын ичинен аял депутаттарына резерв 2
Чек арасы: Терек-Сай айылы Школьная көч., Центральная көч., Турдалиев көч., Рудничная көч., Мырзабаев көч., Мырзалиев көчөсүнүн № 35 Б.Жаркуловдун үйүнөн Эшалы болуш-1 көчөсүнүн № 1 Ы.Өмүрбековдун үйүнө чейин кирет.
№ 2 Ак-Терек шайлоо округу (УШК № 2403)
Борбору: Ак-Терек көч. № 65, Терек-Сай атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби.
Шайлоочулардын саны: 705
Мандаттын саны: 3, анын ичинен аял депутаттарына резерв 1
Чек арасы: Ак-Терек элдик конушу, Горняк-1, Горняк-2 көчөсүнүн № 17 К.Мусабаевдин үйүнөн Ынтымак-1 көчөсүнүн И.Абдрахмановдун үйүнө чейин кирет.
№ 3 Кызыл-Токой шайлоо округу (УШК № 2300)
Борбору: Агартуу көч. № 39, Мырзагулов Абдырахман атындагы айылдык маданият үйү.
Шайлоочулардын саны: 880
Мандаттын саны: 4, анын ичинен аял депутаттарына резерв 2
Чек арасы: Кут-Билим көч., Алтын-Казык көч., Ак-Булак көч., Агартуу көч., Ак-Бата көч., Ынтымак көч., Ыйман-Нуру көч., Жаны-Кыштак көч., Аалам көч., Жетиген көч., Беш-Булак көч., Түйгун-Терек көч., Булак-Башы көч., Биримдик көч., Жаштык көчөлөрү кирет.