Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 19-июну № 531
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Балыкчы, Ак-Суу, Манас, Тогуз-Торо жана Чуй аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Балыкчы, Ак-Суу, Манас, Тогуз-Торо жана Чуй аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы, Ак-Суу, Манас, жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Балыкчы, Ак-Суу, Манас, жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Балыкчы, Ак-Суу, Манас, жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-июнундагы № 531 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ысык-Көл облусу | ||||
Балыкчы шаары | ||||
1 | Балыкчы шаардык | Сыдыков Аманат Калыбекович (№ 1) ("Өнүгүү Прогресс") | Өз арызы | № 44, 16.06.2021-ж. |
Ак-Суу району | ||||
2 | Отрадное айылдык | Кулетов Эрмек Маралбаевич | Өз арызы | № 29, 14.06.2021-ж. |
3 | Ак-Чий айылдык | Дорбаев Максат Кудаваевич | Өз арызы | № 29, 14.06.2021-ж. |
4 | Бөрү-Баш айылдык | Джаманкеев Абдрахат Абдыбекович | Өз арызы | № 29, 14.06.2021-ж. |
5 | Теплоключенка айылдык | Кобонбаев Талант Шайлообекович | Өз арызы | № 29, 14.06.2021-ж. |
6 | Эңилчек айылдык | Усубакунов Бактыбек Асанович | Өз арызы | № 29, 14.06.2021-ж. |
7 | Кереге-Таш айылдык | Эмил уулу Арстанбек | Өз арызы | № 29, 14.06.2021-ж. |
Талас облусу | ||||
Манас району | ||||
8 | Покровка айылдык | Дүйшөбаев Мукталы Бошкоевич | Өз арызы | № 27, 18.06.2021-ж. |
9 | Арал айылдык | Узенбеков Кубатбек Каныбекович | Өз арызы | № 28, 18.06.2021-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Тогуз-Торо району | ||||
10 | Сары-Булун айылдык | Олжотоев Марлис Жээнбекович | Өз арызы | № 46, 18.06.2021-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-июнундагы № 531 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Чүй район | ||||
1 | Чүй айылдык | Браун Максим Андреевич | Өз арызы | № 96, 16.06.2021-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-июнундагы № 531 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Балыкчы шаары | ||||
1 | Балыкчы шаардык | Тыналиев Айжигит Казакбаевич (№ 7) ("Өнүгүү Прогресс") | "Кыргыз Көмүр" МИ, бухгалтери | № 44, 16.06.2021-ж. |
Ак-Суу району | ||||
2 | Отрадное айылдык | Шабданбекова Чинара Солтонбековна | Жеке ишкер | № 30, 14.06.2021-ж. |
3 | Ак-Чий айылдык | Байбосунов Жолдошбек Орозбекович | Инженер-гидротехник | № 30, 14.06.2021-ж. |
4 | Бөрү-Баш айылдык | Успеев Памир Мелисович | дыйкан | № 30, 14.06.2021-ж. |
5 | Теплоключенка айылдык | Мадамбеков Кенжебек Сакенович | Убактылуу иштебейт | № 30, 14.06.2021-ж. |
6 | Эңилчек айылдык | Алапаев Эрнис Мелисович | Убактылуу иштебейт | № 30, 14.06.2021-ж. |
7 | Кереге-Таш айылдык | Осмонов Төлөн Мамытович | дыйкан | № 30, 14.06.2021-ж. |
Талас облусу | ||||
Манас району | ||||
8 | Покровка айылдык | Омуралиев Медербек Калдыбекович | Жеке ишкер | № 27, 18.06.2021-ж. |
9 | Арал айылдык | Садырбек уулу Эрлан | Манас райондук жаш өспүрүмдөр спорт мектеби, машыктыруучу | № 28, 18.06.2021-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Тогуз-Торо району | ||||
10 | Сары-Булун айылдык | Өмүракунов Сапаралы Карыпбекович | Убактылуу иштебейт | № 47, 18.06.2021-ж |