Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-январы №1
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Алай районунун аймагында болгон жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Алай районунун аймагында болгон жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу жана жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жабыр тарткан калкты үйлөрдүн курулушу аяктаганга чейин убактылуу жайгаштыруу үчүн 115 мобилдүү турак үйлөрдү Нура айылына жеткирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нура айылындагы турак үйлөрдүн курулушу аяктагандан кийин ушул токтомдун 1-пунктунда аталган 115 даана мобилдүү турак үйлөрдү министрликтердин резервине койсун.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жабыр тарткан калкка 2008-жылдын ноябрь-декабры жана 2009-жылдын январь-марты үчүн ай сайын 150 кВтс боюнча ар бир абонентке эсептөө менен электр энергиянын наркын компенсацияласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- жабыр тарткан калкка 2008-жылдын ноябрь-декабры жана 2009-жылдын январь-марты үчүн ай сайын 150 кВтс боюнча ар бир абонентке эсептөө менен электр энергиянын наркын компенсациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине зарыл каражаттарды караштырсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке төмөнкүлөр үчүн зарыл болгон акчалай каражаттарды бөлүп берсин:
аталган иштерге эсептелген чыгымдарга ылайык жабыр тарткан турак үйлөргө, имараттарга жана курулмаларга текшерүү жүргүзүүгө;
Нура айылынын башкы планын долбоорлоого;
Нура айылындагы жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан турак үйлөрдү, социалдык-маданий багыттагы объекттерди жана инженердик коммуникацияларды долбоорлоого жана курууга, тиркемеге ылайык.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
- Нура айылында турак үйлөрдү жана социалдык-маданий багыттагы объекттерди куруу үчүн тез курулуучу конструкциялардын берүүчүсүн аныктоо жана беримдерге келишим түзүү үчүн Кытай Эл Республикасынын фирмалары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- турак үйлөрдү, социалдык-маданий багыттагы объекттерди жана инженердик коммуникацияларды долбоорлоо жана куруу боюнча заказчы болсун;
- курулушту долбоорлоо менен катар жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине республикалык бюджетте 2009-жылга каралган каражаттардын чектеринде Нура айылындагы турак үйлөрдү жана коомдук багыттагы объекттерди калыбына келтирүү боюнча коомдук акы төлөнүүчү жумуштарды уюштуруу үчүн 1 млн. сом бөлүнсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр |
И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-январындагы №1 токтомуна тиркеме |
ТИЗМЕСИ
№ | Объекттин аталышы | Че нөө бир диги | Кубаттуу- лук/саны | Объекттин болжол наркы миң сом | Куруу мөөнөтү | Заказчы | Эс- кер- түү | |
баштоо | аяктоо | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
1-кезек - 2009- жыл
1 | Эки бөлмөлүү турак үйлөр | даа на | 26 | 36984,0 | март | ноябрь | Мамкуру луштун Турак жай курулуш башкар- малыгы |
|
2 | Үч бөлмөлүү турак үйлөр | даа на | 126 | 206546,0 | март | ноябрь | -"- |
|
3 | Электр менен камсыздоо(электр линия үчүн түркүк төр | км/ даа на | 3,80/130 | 2400,0 | март | ноябрь | -"- |
|
4 | Трансформатор подстанциясы 250 кВт | даа на | 3 | 1800,0 | март | ноябрь | -"- |
|
5 | Жолдор (айыл ичиндеги) | км | 5 | 4700,0 | март | ноябрь | -"- |
|
6 | Суу тосмо курулмалары | даа на | 1 | 2600,0 | март | ноябрь | -"- |
|
7 | Суу түтүгү | км | 3,80 | 5700,0 | март | ноябрь | -"- |
|
8 | Темир бетон ирригациялык лоток | п/м | 7600 | 3800,0 | март | ноябрь | -"- |
|
9 | Ташмамы-эстелик | даа на | 1 | 600,0 | март | ноябрь | -"- |
|
10 | 10 орундуу мончо | даа на | 1 | 3400,0 | март | ноябрь | -"- |
|
11 | Дүкөн | даа на | 1 | 2463,0 | март | ноябрь | -"- |
|
12 | Коомдук тамактануу пункту (60 кв.м) | даа на | 1 | 1800,0 | март | ноябрь | -"- |
|
13 | Спорт зал (24х12 м) галереясы менен (6х9 м) | даа на | 1 | 10665,0 | март | ноябрь | -"- |
|
| Бардыгы: | 283458,0 |
| |||||
2-кезек - 2010-жыл
| Бардыгы |
|
| 33320,0 |
|
|
|
|
1 | 50 орундуу бала бакча | даа на | 1 | 6400,0 | март | ноябрь | Мамкуру- луштун Турак жай курулуш башкар- малыгы |
|
2 | 200 орундуу клуб | даа на | 1 | 11000,0 | март | ноябрь | -"- |
|
3 | Тиричиликтик тейлөө комплекси | даа на | 1 | 4000,0 | март | ноябрь | -"- |
|
4 | Мечит | даа на | 1 | 2300,0 | март | ноябрь | -"- |
|
5 | Автосервис | даа на | 1 | 1360,0 | март | ноябрь | -"- |
|
6 | Стадион | даа на | 1 | 760,0 | март | ноябрь | -"- |
|
7 | Көпүрөлөр | даа на | 2 | 3200,0 | март | ноябрь | -"- |
|
8 | Нура суусунун жээгин бекемдөөчү иштер | км | 1,2 | 4300,0 | март | ноябрь | -"- |
|
Эскертүү:
1. Объекттердин такталган сметалык наркы долбоордук-сметалык документтердин даярдыгына карата аныкталат.
2. Долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу боюнча жумуштардын наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 19-мартындагы N 99-б буйругунун 14-пунктуна ылайык аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
М.Исмаилов |