Редакцияот 12.01.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 12-январы №5

Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Үрөн жөнүндө" Мыйзамына ылайык, көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөрдүн себүү жана сатуу үчүн пайдаланылчу үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү боюнча ишти тартипке салуу, республиканын ички рыногун кондициясыз үрөн материалдын келишинен коргоо жана коммерциялык үрөнчүлүктү колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов