Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12 январындагы №5 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
Бул, Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын "Үрөн жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак тоют чөптөрдүн бардык категориядагы үрөндөрүн өстүрүүнү нормативдик укуктук база менен камсыздоо максатында иштелип чыкты.
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобонун күчү Кыргыз Республикасында сорттук жана себүү сапаттарынын шайкештиги (мындан ары - шайкештикти баалоо) бааланууга тийиш болгон үрөндөргө карата колдонулат.
2. Ушул Жободо белгиленген талаптарга шайкештикти баалоо Кыргыз Республикасында пайдаланууга жол берилген сорттордун жана гибриддердин мамлекеттик реестрине (мындан ары - Мамлекеттик реестр) киргизилген, ошондой эле экспортко өстүрүлчү сорттордун жана гибриддердин үрөндөрүнө карата жүргүзүлүүгө тийиш.
3. Үрөндөрдү арналышы боюнча пайдалануу үчүн сапатын жана коопсуздугун ырастоочу документ болуп Эл аралык сары сертификат, Үрөндүн кондициялуулугу жөнүндө күбөлүк жана Шайкештик сертификаты эсептелет.
4. Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак тоют чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигине баалоону үрөндөрдү, көчөт материалын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын "Үрөн жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Жободо пайдаланылчу терминдер жана аныктамалар
Көп жылдык буурчак тоют чөптөрдүн үрөндөрү - Буурчак сымалдар (Leguminosae) тегине кирген айрым уруктардын жана түрлөрдүн үрөндөрү.
Эл аралык сары сертификат - экспорттолчу үрөндөргө берилчү сертификат.
Шайкештик сертификаты - үрөндөрдүн себүү сапаттарын күбөлөндүрүүчү документ.
Үрөндүн кондициялуулугу жөнүндө күбөлүк - касиеттери боюнча стандарттын талаптарына ылайык келген үрөндүн партиясына берилчү документ.
Инспекция - өсүмдүктөрдүн сорттук тазалыгын же типтүүлүгүн, аралашмалар менен булгангандыгын, илдеттер бар экендигин аныктоо максатында үрөндөрдүн сорттук сапаттарын аныктоо, ошондой эле гибрид үрөндөрдү өстүрүүдө технологиялык нормалардын сакталышына контроль.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ОЕСD - Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү өлкөлөрүнүн уюму, ал 1991-жылы 15-майда ОЕСDге мүчө өлкөлөрдүн чогулушунда кабыл алынган үрөндөрдү сертификаттоо схемасын иштеп чыккан.
ISTA - Үрөндөрдү тестирлөө боюнча эл аралык ассоциация, аны 1924-жылы Үрөнчүлөр конгресси уюштурган (Кембридж, Англия).
Сорт - колдо өстүрүлчү өсүмдүктөрдүн ар бири бөлөк-бөлөк каралчу жана башка сорттордон айырмалуу, бир өңчөй жана туруктуу ботаникалык тобу.
Оригинатор - сортту жараткан жана ага патент алган селекционер же селекциялык мекеме (уюмдар).
Оригинал үрөндөр - үрөнчүлүктө оригинатор селекционер же мекеме алган ар бир конкреттүү сорттун баштапкы тукумундагы үрөндөр.
Суперэлита үрөндөр - атайын селекциялык-үрөнчүлүк жана агротехникалык ыкмаларды жана методдорду колдонуу менен оригинал үрөндөрдөн алынган үрөндөр.
Элита үрөндөр - суперэлита үрөндөрдөн атайын агротехникалык ыкмаларды пайдалануу менен алынган жана сертификатталган үрөндөрдү өстүрүү үчүн арналган үрөндөр.
Сорттук үрөндөр - Мамлекеттик реестрге киргизилген жана тийиштүү шайкештик сертификатын алган сорттордун жана гибриддердин үрөндөрү.
Пайдаланууга жол берилген сорттордун жана гибриддердин мамлекеттикреестри - расмий сыноодон кийин Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген сорттордун, гибриддердин тизмеси.
Үрөндөрдүн партиясы - үрөндөрдүн бир документ менен күбөлөндүрүлгөн тийиштүү саны.
Себүү сапаттары - үрөндөрдүн жарактуулугун мүнөздөөчү касиеттеринин жыйындысы.
Сыноого алуучу - Мамлекеттик үрөн инспекциясынын үрөндөрдүн партиясынан сапатын контролдоо үчүн сыноого алууга укуктуу расмий өкүлү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Шайкештиги бааланууга тийиш болгон сорттор
5. Шайкештигин баалоого ыйгарым укуктуу органда үч жылдык сыноодон өткөрүлгөн, конкреттүү кыртыштык-климаттык шарттарда түшүмдүүлүгү жана сапаттык касиеттери боюнча айырмаланган сорттор алынат. Алар Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин реестрине киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Үрөндөргө баалоо жүргүзүүдө үрөндөрдү өстүрүүгө коюлчу негизги талаптар
6. Шайкештиги бааланууга тийиш болгон үрөндөрдүн айдоолору себилгенден кийин экинчи жылы 15-марттан кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу органда катталууга тийиш.
7. Инспекция сорттук белгилерди аныктоо жана айдоолордун үрөндүк максатка жарактуулугун аныктоо максатында жүргүзүлөт. Сорттук бир өңчөйлүктү аныктоочу белгилер болуп сортту каттоодо анын белгилери катары кабыл алынган белгилер эсептелет.
8. Көп жылдык буурчак сымал өсүмдүктөрдүн бир эле участоктогу айдоолорунун убакыт аралыгындагы интервал сорттордун кокусунан аралашып кетүүсүн, башка сорттордун жана формалардын түшүп калуусун болтурбоо максатында 5 жылдан кем болбоого тийиш.
9. Сорттун нукуралыгын жана сорттук тазалыгын аныктоо максатында ОЕСDнин сертификаттоо схемасына ылайык көп жылдык буурчак сымал чөптөрдүн үрөндөрдүн анализделчү партиясынан алынган сынамык үрөндөрү себилген контролдук участокту өзүнчө бөлүү жүргүзүлөт.
10. Ыйгарым укуктуу орган сорттук үрөндөрдүн партиясына ОЕСDнин схемасы боюнча сертификат берүүдө төмөнкүлөрдү жасайт:
- үрөндүк материалга сорттук документтери бар экенин текшерет;
- аралыктык изоляция нормалары милдеттүү сакталышын контролдойт;
- үрөндөрдү өстүрүүдө, жыйноодо, тазалоодо жана сактоодо сорттун нукуралыгы жана сорттук тазалыгы сакталышын текшерет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Себилчү материалдын шайкештигин баалоо
11. Үрөндүн тийиштүү партиясына шайкештик баасын алууга арыз ыйгарым укуктуу органга берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Шайкештикке баа берүү жөнүндө арыз алынгандан кийин ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун талаптарына жараша алынган арызды ишке ашыруу боюнча процедураларды жүргүзөт жана үрөндүн партиясынын шайкештиги жөнүндө документ берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Үрөндөрдүн ар бир партиясына шарттуу номер берилет, ал ошол партияны гана билдирет. Шарттуу номерлер ушул Жобонун 13-бөлүмүндө каралган форманы катуу сактоо менен белгиленет.
14. Ыйгарым укуктуу орган эгер төмөнкүдөй шарттар сакталбаса үрөндөрдүн берилген партиясына шайкештик жөнүндө документ берүүдөн баш тарта алат:
а) үрөндөрдүн партиясы алынган айдоо же айдоолор мурда тийиштүү учурунда, ушул Жобонун 4-статья 1-пунктунда белгиленген тартипте катталбаса;
б) үрөндүн партиясы алынган айдоону текшерүүдө айдоолор ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык эместиги көрүнсө;
в) ошол партиядагы сыноого алынган үрөндөрдү расмий текшерүүдө үрөндөр ушул Жобонун 15-бөлүмүндө каралган талаптарга ылайык эместиги аныкталса;
г) шайкештигин баалоо үчүн расмий текшерүүгө берилген үрөндөрдөн сынамык алуу ушул ISТАнын талаптарына ылайык эмес жүргүзүлсө;
д) шайкештигин баалоого арыз берилген партиядагы үрөн боюнча нормативдик талаптар бузулган болсо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Ыйгарым укуктуу орган үрөндүн бүтүндөй партиясына, ошондой эле анын бөлүгүнө шайкештик жөнүндө документти алып коюуга укуктуу. Үрөндүн кондициялуулугун күбөлөндүрүп берилген документи кайра алып коюлган үрөндөр төмөнкүдөй учурларда шайкештик бааларына ылайык эмес катары квалификацияланат, эгер:
а) шайкештигин баалоо жөнүндө документ алуу үчүн мурда тапшырылган маалыматтын бурмаланганы аныкталса;
б) үрөндөрдү өстүрүү, тазалоо, сактоо жана сатуу процесстеринде эреже бузуулар болгону аныкталса.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кыргыз Республикасында үрөндүн партиясынын шайкештиги жөнүндө документ болуп Үрөндүн кондициялуулугу жөнүндө күбөлүк эсептелет.
17. Үрөндөрдүн кондициялуулугу жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматтар:
а) Үрөндүн кондициялуулугу жөнүндө күбөлүктү берген ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
б) үрөндү өндүрүүчүнүн аталышы жана каттоо номери;
в) үрөндүн партиясынын шарттуу номери;
г) өсүмдүк, сорттун аталышы, үрөндүн категориясы;
д) үрөндүн партиясынын нетто салмагы жана упаковкалардын саны;
е) үрөндүн арналышы;
ж) үрөндүн сапатынын көрсөткүчтөрү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Эл аралык сары сертификатта көрсөтүлүүчү маалыматтар:
а) үрөндү өндүрүүчүнүн аталышы жана каттоо номери;
б) үрөндүн түрү, сорту, категориясы, үрөндүн партиясынын салмагы;
в) шайкештигине баалоо жүргүзүлгөн лабораториянын аталышы;
г) сыноо үчүн үрөндөн алган лабораториянын аталышы;
д) үрөндүн партиясынын номери;
е) үрөндүн партиясын мөөр коюп бекиткен лабораториянын аталышы;
ж) контейнерлердин саны;
з) сынамыкка үрөн алынган күн, сынамыктын лабораторияга келген күнү, сынамыктын лабораториялык номери;
и) үрөндүн сапатынын көрсөткүчү.
19. Шайкештик сертификатында көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматтар:
а) ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
б) каттоо N;
в) түрү;
г) сорту;
д) кайрадан упаковкалоо жөнүндө арыз;
е) контейнерлердин саны;
ж) партиянын декларацияланчу салмагы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Аралыктык изоляция
20. Кайчылаш чаңдашуучу көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөр үчүн айдоолор башка түрлөрдүн чаң менен чаңдашпаш үчүн белгиленген нормаларга ылайык изоляцияланууга тийиш:
(1-таблица)
Буурчак сымал (буурчак) өсүмдүктөр | 2 га чейинки талаалар үчүн | 2 га ашык талаалар үчүн |
Талаалар: - кийин көбөйтүп өстүрүү үчүн - тоюттук жана башка максаттар үчүн | 400 м 100 м | 200 м 50 м |
21. Буурчак сымалдар тобундагы буурчак өсүмдүктөрдүн үрөндөрү үчүн аралыктык изоляцияны эгер ошол талаадагы өсүмдүктүн үрөндөрү андан аркы көбөйтүү үчүн пайдаланылбаса кичирейтүүгө болот. Чаңдын болууга тийиш эмес булактарынан коргоо канааттанарлык болсо аралыктык изоляция сакталбаса да болот.
7. Инспекция
22. Инспекция себилчү материалдын документтерин текшерээрден мурда, текшерилчү аянттын документтердеги маалыматтарга ылайыктыгын аныктоо жана үрөндүк чөптөрдү алдын ала карап чыгуу менен жасалат. Инспекция жүргүзүүдө инспектор талааны кыдырып, ал жерде:
- өсүп турган чөптөр тийиштүү түргө, текке, типке, топко жана сортко таандык экенин аныктайт;
- үрөндүк материалдардын сактоого туура коюлганын жана алардын абалын текшерет;
- өзгөчө учурда сорттук чөптөрдөн үрөндүк максатка кошумча аянттар бөлүнөт;
- ар бир өсүмдүктүн, түрдүн жана сорттун аянттарынын өлчөмүн, бири-биринен ажыратуу кыйын болгон маданий жана отоо өсүмдүктөрдүн башка түрлөрү бар экенин, карантиндик жана айрыкча зыяндуу отоо чөптөрдүн бар экени, илдеттерге кабылгандыгы, зыянкечтер бузгандыгы аныкталат.
23. Айдоолорду карап чыккандан кийин инспектор үрөн өндүрүүчүгө отоо, чабуу, зыянкечтерге каршы күрөшүү, кошумча азыктандыруу, сорттоп тазалоо, үрөндүк айдоо гүлдөп турган кезде чаңдаштыргыч аарылары менен бал челектерди алып келүү аркылуу чаңдаштырууну күчөтүү жөнүндө рекомендацияларды берет.
24. Инспекцияланчу үрөндүк өсүп турган чөптөр башка сорттун жер түрдүн (үрөндөрүн ошол түрдүн, типтин же топтун үрөндөрүнөн ажыратып бөлүү кыйын болгондор) үрөндүк айдоосуна катарлаш болгон бардык учурларда инспектор апробация актысында үрөндөрдү жыйноо, бастыруу, тазалоо жана сактоо учурунда механикалык аралашып кетүүнү болтурбоо үчүн кандай чараларды көрүү керектигин көрсөтөт.
25. Көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөрдү инспектор өсүмдүктөрдү кароо жолу менен инспекциялайт.
26. Айдоолорду инспекциялоодо үрөн өндүрүүчүлөр себилген үрөндөрдүн сорттук документтерин көрсөтүүгө тийиш, инспектор ошого ылайык сорттун сүрөттөмөсүн ырастаган документтердин шайкештигин аныктайт.
27. Инспектор үрөн өндүрүүчүгө түшүмдүн сакталышын жана үрөндүн жогорку сапатын камсыздоочу иш-чараларды жүргүзүүнү сунуш кылууга милдеттүү (отоо чөптөрдөн арылтуу, түрдүк отоо, үрөн чанакчаларын жыйноонун мөөнөттөрү жана ыкмалары, үрөндөрдү сактоого коюу жана документтештирүү).
28. Буурчак сымалдар (Буурчактар) тобундагы бардык түрлөрдүн сорттук жана түрлүк тазалыгы 1 чарчы метрдеги өзөктөрдүн саны менен эсептелет.
Көп жылдык буурчак сымал чөптөрдүн бардык түрлөрү үчүн түрдүн тазалыгын аныктоодо аралашмалардын максимум саны
(2-таблица)
Буурчак сымалдар (Буурчактар) тобундагы бардык түрлөр, Рisum sativum, Vicia faba жана Glycine мах'тан башкалары | Базистик үрөндөр | Сертификатталган үрөндөр |
30 кв.м де 1 өсүмдүк | 10 кв.м де 1 өсүмдүк |
Буурчак сымалдар тобундагы айрым түрлөрдү аныктоо үчүн түрлүк тазалыктын минимум проценти
(3-таблица) (% менен)
Түрлөрү | Базистик үрөндөр | Сертификатталган үрөндөр, биринчи репродукция | Сертификатталган үрөндөр, экинчи репродукция |
Pisum sativum (айдама буурчак), Vicia faba (буурчак сымалдар) | 99,7 | 99,0 | 98,0 |
Glycine max (соя) | 99,5 | 99,0 | 99,0 |
Көп жылдык буурчак сымал чөптөрдүн бардык түрлөрү үчүн сорттун тазалыгын аныктоодо аралашмалардын максимум саны
(4-таблица)
Буурчак сымалдар (Буурчактар) тобундагы бардык түрлөр, Lolium sp.'дан башкалары | Базистик үрөндөр | Сертификатталган үрөндөр |
30 кв.м де 1 өсүмдүк | 10 кв.м де 1 өсүмдүк |
8. Үрөн өндүрүүнү инспекциялоо
29. Ыйгарым укуктуу орган бардык үрөндүк айдоолорду, ошондой эле даярдалган үрөндөрдүн партияларын эсепке алат. Мында үрөндүн упаковкасы ушул Жобонун 11 жана 12-бөлүмдөрүндө белгиленген талаптарга ылайык пломбаланып жана маркаланууга тийиш. Анализге алынган үрөндүн сынамыгынын массасы ушул Жобонун 10-бөлүмүндө айтылган талаптарга ылайык болууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Топтолгон ар бир партиядан шайкештигине баалоо жүргүзүүдөн өткөрүү үчүн сынамыкка үрөн алынат. Анализге алынган сынамык үрөндү алуунун эрежеси жана массасы ушул Жободо айтылган талаптарга ылайык болууга тийиш.
31. Ыйгарым укуктуу орган сорттук тазалык жагында текшерүү жүргүзөт жана үрөндүн ар бир партиясы боюнча шайкештикти баалоо максаты үчүн керектүү маалыматтын берилишин талап кылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Ыйгарым укуктуу орган үрөндүн жакшы корутунду алган ар бир партиясына ушул Жобого ылайык Эл аралык сары сертификат жана Үрөндүн кондициялуулугу жөнүндө күбөлүк берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Үрөндүн эки же андан көп партиясын бириктирүүгө жол берилет, бирок мында жаңы куралган партия өзүнүн бир өңчөйлүгүн сактоого тийиш.
34. Көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөрдүн шайкештикке баалоо жүргүзүү үчүн берилчү партияларынын сынамыктарынан контролдук участокторду таза түзүү (таза себүү) үчүн төмөнкүдөй сынамыктар алынат:
- суперэлита жана элита үрөндөр үчүн - ар бир партиядан;
- шайкештигине баа берилчү үрөндөр үчүн - ар бир төртүнчү партиядан бир сынамык.
Бул сынамык үрөндөр сынамыкты алгандан кийинки жылы келүүчү сезондо контролдук участоктордо өстүрүлүүгө тийиш.
9. Үрөндөрдүн категориялары
35. Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак сымал тоюттук чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигин баалоо системасы төмөнкүдөй категорияларды камтыйт, алар ОESD белгилеген схемаларга туура келет:
(5-таблица)
Кыргыз Республикасында аныкталган категориялар | ОЕSD схемаларында аныкталган категориялар |
Оригинал үрөндөр | Селекционердин үрөндөрү |
Супер элитанын үрөндөрү | Базалыктан мурдагы үрөндөр |
Элитанын үрөндөрү | Базалык үрөндөр |
Шайкештик баасын алган үрөндөр | Сертификатталган үрөндөр |
36. Оригинал үрөндөрдү өстүрүү селекционерлердин жана селекциялык уюмдардын - оригинаторлордун өздөрүнүн карамактарында калат. Оригинал үрөндөр сынамыкка үрөн алуу жөнүндө арыз берилгенде бааланышы мүмкүн.
37. Супер элитанын жана элитанын үрөндөрүн оригинатор же баштапкы үрөнчүлүк жүргүзүүгө укуктуу үрөнчүлүк чарба тарабынан өндүрүлөт.
38. Шайкештик баасына жооп берген үрөндөр - бул үрөндүк себүүгө жана өндүрүштүк максаттарга арналган үрөндөр. Аларга 1, 2 жана 3-репродукциялардагы үрөндөр кирет.
10. Үрөндүн партиясы жана сынамыктарды алуу
39. Үрөндүн партиясы деп теги, сорттук жана айдалуу сапаттары боюнча бир өңчөй, Эл аралык сары сертификат же Үрөндүн кондициялуулугу жөнүндө күбөлүк берилген тийиштүү сандагы үрөн эсептелет. Партиянын бир өңчөй эмес болушуна жол берилбейт.
40. ISТА стандарттарынын эл аралык нормаларына ылайык буурчак сымал көп жылдык тоют чөптөрдүн үрөнүнүн партиясы үчүн төмөнкүдөй максимум салмак белгиленген:
Ак донник (Меlilotus albus) - 10000 кг;
Дарылык касиети бар донник (Меlilotus offikinalis) - 10000 кг;
Кызыл беде (Тrifolium pretense) - 10000 кг;
Беде (Меdikago L.) - 10000 кг;
Айдама эспарцет (Оnobrychis viciifolia) - 10000 кг.
Партиянын салмагынан жол берилчү максимум четтөө 5 процент.
41. Эгерде берилген үрөндүн салмагы жетишерлик көп болсо, анда аны контролдук бирдиктерге бөлүү зарыл, алардын өлчөмү партиянын максимум массасынан ашпоого тийиш. Алардын ар бири өзүнчө партия катары каралат.
42. Үрөндөрдүн тапшырылган партиялары мүшөктөргө, контейнерлерге жана башка идиштерге партияны билдирүүчү этикеткасы жана маркировкасы менен салынууга тийиш.
43. Расмий текшерүү үчүн сынамык үрөндү тандап алуу ISТАнын эл аралык методикасы боюнча сынамыкты иргеп алуучу тарабынан ишке ашырылат.
44. Эгерде сынамык үрөндү тандап алуу ISТАнын методикасына ылайык жүргүзүлбөгөнү аныкталса, анда мындай сынамыктар расмий текшерүүгө алынбайт.
45. Үрөндөрдүн анализге тапшырылчу сынамыктарынын минимум салмагы:
Ак донник (Меlilotus albus) - 50 г;
Дарылык касиети бар донник (Меlilotus offikinalis) - 50 г;
Кызыл беде (Тrifolium pretense) - 50 г;
Беде (Меdikago L.) - 50 г;
Айдама эспарцет (Оnobrychis viciifolia) - 600 г.
46. Үрөндүн нымдуулугун аныктоо үчүн сынамык нымды өткөрбөөчү контейнерге салынат, ага белгиленген үлгүдөгү этикетка кошо салынат, абанын калдыгы контейнерден чыгарылат. Нымдуулукту аныктоо үчүн сынамыктын минимум салмагы:
Ак донник (Меlilotus albus) - 50 г;
Дарылык касиети бар донник (Меlilotus offikinalis) - 50 г;
Кызыл беде (Тrifolium pretense) - 50 г;
Беде (Меdikago L.) - 50 г;
Айдама эспарцет (Оnobrychis viciifolia) - 50 г.
47. Ар бир сынамыктын бир бөлүгү анализ үчүн пайдаланылат, экинчи бөлүгү кайталап анализ жүргүзүү мүмкүндүгү үчүн сактоодо калат.
11. Упаковкалоо жана пломбалоо
48. Алынган сынамыктар ташуу учурунда үрөн бузулбагыдай кылып упаковкаланууга тийиш. Үрөндүн нымдуулугун аныктоо үчүн сынамыктар ным өткөрбөөчү контейнерлерге алынат.
49. Үрөн салынган упаковка сынамык алынган учурда пломбаланууга, ал эми упаковканын ичиндегилер ушул Жобонун 10-бөлүмүнө ылайык сынамыкты алуучу тарабынан маркаланууга тийиш.
50. Химиялык жана биологиялык препараттар менен иштетилген үрөндөр салынган упаковкада тийиштүү ырастоочу жазуулары болууга тийиш.
51. Эгер үрөн салынган упаковка пломбаланып жана кайра ачылса, анда аны сынамыкты алуучу гана кайрадан пломбалай алат.
52. Мүшөктөргө, чоң тарага эндей салынган жана кампадагы үрөндөргө карата төмөнкүдөй талаптар колдонулат:
а) сынамыкты мүшөктөн алууда мүшөктөр сынамыктар алынганга чейин тигилүү болууга тийиш;
б) сынамыкты үкөкчөдөгү, чоң өлчөмдүү тарада же кампада эндей салынган жерден алууда алар сынамык алынгандан кийин дароо мөөр коюп чаптап бекитилүүгө тийиш.
53. Пломба коюунун айрыкча ылайыктуу ыкмалары төмөнкүдөй:
а) сынамык алуучунун жеке эн белгиси бар пломба;
б) картон пломба коюуда сынамыкты алуучунун күбөлүгүнүн жеке номери коюлат.
12. Упаковкага этикетка (марка) коюу
54. Үрөндүк материалдын сапаты жөнүндө толук жана туура маалымат жазылган этикетка упаковкага жазылат же чапталат.
55. Үрөндүн ар бир упаковкасына тышкы этикеткага кошумча иретинде тышкы этикетка сыяктуу эле мазмундагы жана түстөгү ички этикетка салынат.
56. Маалыматтар жана коштооч информация ушул Жобого ылайык кыргыз жана орус тилдеринде берилет.
57. Үрөндү сатуу учурунда же сатууга даярдоо процессинде үрөндү сатуучу же башка адамдар этикетканы жана маркировканы атайын жасашына, жазышына же өчүрүшүнө, өзгөртүүлөрдү киргизишине, бузушуна, жашырышына же ар кандай башка ыкма менен башка максаттарга пайдаланышына тыюу салынат.
58. Эгер үрөн жөнүндө маалымат жазылган маркировка упаковканын сыртына өчпөөчү боек менен жазылса, же эгер сыртына чапталуучу этикетка жетишерлик бышык материалдан жасалса, анда ички расмий этикетка талап кылынбайт.
59. Этикеткалар тик бурчтуу, минимум 100 мм х 67 мм өлчөмдө болууга тийиш. Этикеткалардын өңдөрү үрөндөрдүн категорияларына жараша төмөнкүдөй түстө болот:
- оригинал үрөндөр - күлгүн;
- супер элитанын үрөндөрү - ак, диагоналы боюнча күлгүн тилкелүү;
- элитанын үрөндөрү - ак;
- шайкештик баасына жооп берүүчү үрөндөр - көгүш.
60. Этикеткадагы маалымат кара түстөгү басма тамга менен жазылып, даана жана оңой окулууга, төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- Өндүрүүчү (Производитель);
- Өсүмдүк (Культура);
- Мууну (Репродукция);
- Үлгүнүн N (N партии);
- Фракциясы (Фракция);
- Тазалыгы (Чистота) % менен;
- Өнүмдүүлүгүү (Всхожесть) % менен;
- Салмагы (Вес) кг менен;
- Салынган жылы жана айы (месяц и год упаковки);
- Ууланганы (Протравлены);
Таңгактын кайрадан маркаланганы (пломбаланганы) жөнүндө белги.
61. Эгер маалыматтар упаковканын өзүнө жазылса, анда алардын формасы жана жазылчу орду стандарт этикетканын түрүнө болушунча жакындатылууга тийиш.
13. Айдоолордун жана үрөндөрдүн партияларынын шарттуу номерлери
62. Үрөндөрдүн бирдейлиги аларды өстүрүү процессинде да, үрөндөр жыйналып, тазаланып, упаковкалангандан кийин да сакталууга тийиш. Мындай бирдейликти айдоолордун номерлерин көрсөтүү системасынын жана үрөндөрдүн партияларын шарттуу номерлөө системасынын жардамы менен контролдоого жана кармоого болот, бул системалар ар бир өзүнчө партиянын тегин байкоого алууга жана көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
63. Айдоолордун көрсөткүч номерлери.
Ар бир өзүнчө айдоодо (талаада) оңой таанылуучу кайталангыс көрсөткүч номер болууга тийиш.
Көрсөткүч номер ыйгаруу үчүн төмөнкүлөр алынат:
- түшүм алынган жылдын акыркы эки цифрасы;
- өндүрүүчүнүн каттоо номери;
- айдоонун катар номери, ал өндүрүүчү тарабынан өз каалоосуна жараша ыйгарылат (өз жоопкерчилиги менен).
Мисалы: түшүм алынган жыл - 2006, өндүрүүчүнүн каттоо номери 008, айдоонун катар номери - 06. Ошентип, айдоонун көрсөткүч номери - 06/008/06.
14. Үрөндүн партиясынын шарттуу номерлери
64. Үрөндөрдү сатууда ар бир партиянын оңой таанылуучу жана кайталангыс шарттуу номери болууга тийиш.
65. Үрөндөрдүн категориясын белгилөө үчүн төмөнкүдөй эки орундуу тамга коддор берилет:
- оригинал үрөндөргө - ОР;
- суперэлита үрөндөргө - СЭ;
- элита үрөндөргө - ЭЛ;
- шайкештик баасын алган үрөндөргө - СС.
66. Үрөндөрдүн партиясын номерлөө төмөнкүдөй схема боюнча ишке ашырылат:
- акыркы эки цифра - түшүм алынган жыл;
- категориясынын коду;
- үрөндү өндүрүүчүнүн каттоо номери;
- ошол өндүрүүчү көрсөтүлгөн жылда алган түшүмдүн партиясынын катар номери.
Мисалы: түшүм алынган жыл - 2006, категориясы - элита, өндүрүүчүнүн каттоо номери - 007, үрөндүн партиясынын катар номери - 05. Демек, үрөндүн бул партиясынын номери - 06/ЭЛ/007/05 болууга тийиш.