Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-январы №9
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы жерлерди Пүлгөн-Бүргөндү автожолун куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун 152,92 га жерин, анын ичинде Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 26,82 га жерин жана айылдык округдардын аймактарында жайгашкан 126,1 га айыл жанындагы жайыттарды Пүлгөн-Бүргөндү автожолун куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай. транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына тиркемеге ылайык которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке менчик укугунда таандык, Пүлгөн-Бүргөндү автожолун куруу зонасына туш келүүчү аянты 2,48 га айдоону Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылдык округунун аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине белгиленген тартипте алмашууну жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы №9 токтомуна тиркеме |
Айылдык округдун бардыгы |
Которулуучу аянт, га |
Менчик түрлөрү боюнча | |||||
Бар дыгы
| анын ичинде: | мамле кеттик мен- чиктеги жерлер
| жеке мен- чиктеги жерлер
| ||||
сугат айдоо | көп жылдык өсүм-дүктөр | айыл жанын-дагы жайыт тар | мелиорациялык даярдоо стадиясындагы жерлер | ||||
1 | 2 | 3 | 4
| 5 | 6 | 7 | 8 |
Алга | 49,3 |
|
| 49,3 |
| 49,3 |
|
Кыргыз-Кыштак | 47,52 | 4,56 | 0,3 | 20,88 | 21,78 | 45,22 | 2,3 |
Халмион | 30,5 | 0,18 |
| 30,32 |
| 30,5 | 0,18 |
Орозбеков | 25,6 |
|
| 25,6 |
| 25,6 |
|
Район боюнча бардыгы | 152,92 | 4,74 | 0,3 | 126,1 | 21,78 | 152,92 | 2,48 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
М.Исмаилов |