Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-январы № 2
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кызыл-Кыя, Баткен, Лейлек, Москва, Сокулук, Токмок, Панфилов, Араван, Өзгөн, Кара-Көл, Аксы, Нарын жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Кызыл-Кыя, Баткен, Лейлек, Москва, Сокулук, Токмок, Панфилов, Араван, Өзгөн, Кара-Көл, Аксы, Нарын жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя, Баткен, Лейлек, Москва, Сокулук, Токмок, Панфилов, Араван, Өзгөн, Кара-Көл, Аксы, Нарын жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Кызыл-Кыя, Баткен, Лейлек, Москва, Сокулук, Токмок, Панфилов, Араван, Өзгөн, Кара-Көл, Аксы, Нарын жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Кызыл-Кыя, Баткен, Лейлек, Москва, Сокулук, Токмок, Панфилов, Араван, Өзгөн, Кара-Көл, Аксы, Нарын жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 20-январындагы № 2 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Баткен облусу | ||||
Кызыл-Кыя шаары | ||||
1 | Кызыл-Кыя шаардык | Мамажалилов Каныбек Худайбердыевич (№ 4) ("Ыйман Нуру" депутаттык фракциясы) | Депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка кызматка өтүшү | № 61, 11.01.2022-ж. |
Баткен району | ||||
2 | Самаркандек айылдык | Орозалиев Имам-Саит Жамалович | Депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка кызматка өтүшү | № 34, 30.12.2021-ж. |
3 | Самаркандек айылдык | Ысманов Нурудинбай Маматович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 34, 30.12.2021-ж. |
Лейлек району | ||||
4 | Лейлек айылдык | Сапаров Талантбек Исабекович | Өз арызы | № 12, 19.01.2022-ж. |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
5 | Биринчи май айылдык | Акматов Бактияр Бактыбекович | Депутат жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигине байланыштуу | № 25, 28.12.2021-ж. |
Сокулук району | ||||
6 | Новопавловка айылдык | Табалдиев Суйунбай Байышович | Каза болгонуна байланыштуу | № 40, 23.12.2021-ж. |
7 | Асылбаш айылдык | Жумабеков Жалын Самудинович | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган. | № 39, 23.12.2021-ж. |
8 | Төмөнкү-Чүй айылдык | Акматов Жаныбек Абдимусаевич | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган. | № 38, 23.12.2021-ж. |
Токмок шаары | ||||
9 | Токмок шаардык | Зарлыкова Нургуль Бакытбековна (№ 9) ("Бирге" деп. фракция) | Соттун өкүмү күчүнө киргенине байланыштуу | № 6, 10.01.2022-ж. |
Панфилов району | ||||
10 | Курама айылдык | Ляленко Татьяна Сергеевна | Депутат жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигине байланыштуу | № 1, 17.01.2022-ж. |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
11 | С.Юсупова айылдык | Каюмов Аброрбек Пазилжонович | Өз арызы | № 1, 17.01.2022-ж. |
Өзгөн району | ||||
12 | Кызыл-Октябрь айылдык | Абдымомунова Аида Саиповна | Өз арызы | № 98, 17.01.2022-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Кара-Көл шаары | ||||
13 | Кара-Көл шаардык | Ашыралиев Эмил Рысбекович (№ 4) ("Замандаш" депутаттык фракциясы) | Өз арызы | № 1, 10.01.2022-ж. |
Өзгөн району | ||||
14 | Жерге-Тал айылдык | Бекмырзаев Анвар Айтмырзаевич | Өз арызы | № 1, 9.01.2022-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
15 | Эмгекчил айылдык | Өскөнбаев Азамат Жакыпович | Депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка кызматка өтүшү | № 1, 17.01.2022-ж. |
16 | Эмгекчил айылдык | Байтерекова Жыпаркүл Бекболотовна | Өз арызы | № 1, 17.01.2022-ж. |
Нарын шаары | ||||
17 | Нарын шаардык | Өмүрбай кызы Чолпон (№ 3), ("Ордо" депутаттык фракциясы) | Өз арызы | № 71, 11.01.2022-ж. |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 20-январындагы № 2 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
1 | Самаркандек айылдык | Ысманов Жоробай Каражанович | Өз арызы | № 34, 30.12.2021-ж. |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 20-январындагы № 2 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Кызыл-Кыя шаары | ||||
1 | Кызыл-Кыя шаардык | Мааткалыков Зарылбек Зайлабидинович (№ 8) ("Ыйман Нуру" саясий партиясы) | № 8 Кесиптик лицейи, мугалим | № 61, 11.01.2022-ж. |
Баткен району | ||||
2 | Самаркандек айылдык | Темирбаев Уланбек Абдикаарович | "Самаркандек" соода комплексинин директору | № 34, 30.12.2021-ж. |
3 | Самаркандек айылдык | Алиев Элчибек Абдисаитович | Аксай токой чарбасынын бөлүм башчысы | № 34, 30.12.2021-ж. |
Лейлек району | ||||
4 | Лейлек айылдык | Бостонов Алишер Абдумажитович | Жеке ишкер | № 12, 19.01.2022-ж. |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
5 | Биринчи май айылдык | Кенжеев Адилет Болотбекович | Жеке ишкер | № 25, 28.12.2021-ж. |
Сокулук району | ||||
6 | Новопавловка айылдык | Тинеев Канат Райханович | Слесарь | № 40, 23.12.2021-ж. |
7 | Асылбаш айылдык | Абдрахманов Алтынбек Аблабекович | ЖЧК "АЮ", касапчы | № 39, 23.12.2021-ж. |
8 | Төмөнкү-Чүй айылдык | Гавсидинов Алимбек Ашимович | Жеке ишкер | № 38, 23.12.2021-ж. |
Токмок шаары | ||||
9 | Токмок шаардык | Берикбаева Асель Тилековна (№ 12) ("Бирге" саясий партиясы) | Жеке ишкер | № 7, 10.01.2022-ж. |
Панфилов району | ||||
10 | Курама айылдык | Анапияева Джамалкан Джакиевна | Пенсионер | № 2, 17.01.2022-ж. |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
11 | С.Юсупова айылдык | Юсипов Абдигани Абдихалилович | "Сохиба" дыйкан чарбасынын башчысы | № 1, 17.01.2022-ж. |
Өзгөн району | ||||
12 | Кызыл-Октябрь айылдык | Урустамова Данакан Жеенбековна | Жеке чарба | № 99, 17.01.2022-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Кара-Көл шаары | ||||
13 | Кара-Көл шаардык | Халбатыров Улукмырза Уланович (№ 25) ("Замандаш" саясий партиясы) | Убактылуу иштебейт | № 1, 10.01.2022-ж. |
Аксы району | ||||
14 | Жерге-Тал айылдык | Исмайлов Уран Нурмаматович | Убактылуу иштебейт | № 1, 9.01.2022-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
15 | Эмгекчил айылдык | Мусаев Нарынбек Ырсалиевич | Т.Байбураев атындагы орто мектебинин мугалими | № 1, 17.01.2022-ж. |
16 | Эмгекчил айылдык | Тюменбаева Кайып Токобаевна | Пенсионер | № 1, 17.01.2022-ж. |
Нарын шаары | ||||
17 | Нарын шаардык | Каптагаева Айпери Болотбековна (№ 8) ("Ордо" саясий партиясы) | Убактылуу иштебейт | № 72, 17.01.2022-ж. |