Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-январы № 4
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.К.Нарматованын билими тууралуу документтери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматтары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - КР БШК) 2021-жылдын 22-октябрындагы № 710 чечими менен берилген документтердин негизинде, анын ичинде "Журналистика" кесиптиги боюнча 2017-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университети (мындан ары - ЖАМУ) тарабынан берилген № УВ170038584 дипломдун нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн негизинде О.К.Нарматова "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары катталган.
КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 836 токтому менен О.К.Нарматова бирдиктүү шайлоо округу боюнча "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды деп таанылган.
КР БШКнын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 844 токтому менен О.К.Нарматова "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталган.
2022-жылдын 19, 20-январында КР БШКга О.К.Нарматова тарабынан жогорку билими жөнүндө ЖАМУнун дипломун мыйзамсыз алуу жөнүндө маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен (мындан ары - КР ББжИМ) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (мындан ары - УКМК) маалымат келип түшкөн (тиркелет).
2022-жылдын 20-январында КР БШКнын жыйынында ушул маселени кароодо аталган органдардын өкүлдөрү жана О.К.Нарматова чакырылган. Жыйынга КР ББжИМ өкүлү - жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Д.К.Алибаева; УКМК өкүлү - өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө тобунун жетекчиси улук майор Э.О.Алишеров жана О.К.Нарматованын өкүлү М.А.Ураимов катышты.
УКМКнын өкүлү Э.О.Алишеров 2021-жылдын 29-декабрында кылмыш иши козголгондугун, анын алкагында тергөөнүн жүрүшүндө ЖАМУда жогорку кесиптик билим алууда О.К. Нарматова тарабынан мыйзамдарды бузуу аныкталгандыгын билдирди.
КР ББжИМ маалыматы боюнча, О.К.Нарматованын жогорку билими жөнүндө дипломду алышынын мыйзамдуулугун текшерүү максатында КР ББжИМ 2022-жылдын 15-январындагы № 30/1 буйругу менен атайын комиссия түзүлгөн, иштеринин жыйынтыгы боюнча комиссия 2017-жылы ЖАМУ тарабынан О.К.Нарматовага берилген диплом Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамын бузуу менен берилгендигин аныктаган.
Атап айтканда, КР ББжИМнын комиссиясы тарабынан О.К.Нарматова ЖАМУга журналистика факультетине тапшырууда кабыл алуунун эрежелери сакталбагандыгы, мурдагы билими жөнүндө талап кылынуучу документтер жок болгондугу, жогорку кесиптик билим алуунун профилине орто кесиптик билиминин профилинин ылайык келүүсү боюнча талаптар сакталбагандыгы белгиленген.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, "Тиешелүү багыттагы кесиптик орто билими бар адамдар тездетилген программалар боюнча кесиптик жогорку билим алышы мүмкүн".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобонун 1.5-пунктуна ылайык, "Жождорго тездетилген программалар боюнча окутууга ар түрдүү деңгээлдердеги жогорку кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар адамдар кабыл алынат".
О.К.Нарматованын өкүлү М.А.Ураимов жыйында О.К.Нарматова атайын орто кесипти 2010-жылы "Бухгалтердик эсеп" кесиптиги боюнча Москвадагы бизнес колледжден алгандыгын маалымдады. Бирок О.К.Нарматованын аталган окуу жайын бүтүргөндүгүн тастыктаган документтерди берүүгө мүмкүнчүлүгү жок экендигин билдирди.
УКМКнын өкүлү сурак жүргүзүүдө О.К. Нарматова ошол адистик боюнча Москва бизнес колледжинде окугандыгы тууралуу билдиргендигин тастыктады.
Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-ноябрындагы № 634 токтому менен бекитилген, Евразия экономикалык шериктештигинде билим, илимий деңгээл жана илимий наам тууралуу документтерди өз ара таануу жана эквиваленттүүлүгү жөнүндө макулдашуунун 5-беренесине ылайык "Кесиптик орто билими жөнүндө диплом Тараптардын мамлекеттеринин ар биринде билим алуусун улантууда жана кесиптик иш менен алектенүү үчүн ошол документтерде көрсөтүлгөн адистигине (кесибине) жана/же квалификациясына ылайык Тараптар тарабынан эквиваленттүү (жарактуу) деп таанылат".
Мындан тышкары, КР ББжИМнын өкүлү Д.К.Алибаева "Жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 718 токтому кабыл алынганга чейин атайын кесиптик орто билимдин жана профили боюнча ага ылайык келген бакалаврларды жана кесиптик жогорку билимдин адистигин даярдоо багыттарынын тизмегин бекитүү жөнүндө, КР ББжИМнын буйругу жыл сайын чыгарылып тургандыгын белгилеген, ага ылайык мурда алынган билимдин профилинен билим алууну улантууга, жогорку кесиптик билимден алынган профилге укуктук жактан ылайык келиши белгиленип турган.
КР ББжИМнын маалыматына ылайык, 2013-жылы колдонуудагы ББжИМнын буйругу боюнча "Бухгалтердик эсеп" адистиги боюнча кесиптик орто билимдин профили "Экономика", "Бизнес маалымат" жана "Бажы иши" адистиктери боюнча жогорку кесиптик билимдин багыттарына гана ылайык келген.
Баяндалгандардын негизинде, "Бухгалтердик эсеп" адистиги боюнча Москва бизнес колледжинин кесиптик орто билим жөнүндө диплому "Журналистика" адистиги боюнча жогорку кесиптик билимдин профилине ылайык келбейт, бул өз кезегинде "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, жогоруда аталган жоболордун жана буйруктардын талаптарын бузуу болуп саналат, демек О.К.Нарматованын ЖАМУга тапшыруусу жана жогорку кесиптик билими жөнүндө тездетилген программада диплом алуусу үчүн негиз боло алмак эмес.
УКМКнын маалыматы боюнча, корутунду аттестациялоону кошуп алганда бир катар семестрлер боюнча аттестациялоо учурунда О.К.Нарматова КР аймагынан сырткары жүргөн, бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 токтому менен бекитилген, билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуунун тартибинин 20-пунктунун "Билим берүү уюму тарабынан окугандарды аралыктык аттестациялоо жана бүтүрүүчүлөрдү милдеттүү жыйынтыктоочу аттестациялоо окугандын өзүнүн милдеттүү катышуусу менен жүзөгө ашырылат" деген талаптарын бузуу болуп саналат.
ББжИМнын комиссиясынын текшерүүсүнүн алкагында ошондой эле билим берүү тууралуу мыйзамдардын башка одоно бузулушу аныкталган, натыйжада комиссиянын корутундусунун негизинде, ЖАМУнун ректору тарабынан О.К.Нарматовага "Журналист" квалификациясын ыйгаруу жөнүндө 2017-жылдын 14-апрелиндеги Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын токтомун жокко чыгаруу, 2017-жылдын 5-июлунда каттоо № 8763 О.К.Нарматовага берилген жогорку билими жөнүндө № УВ170038584 дипломду чакыртып алуу тууралуу 2022-жылдын 19-январындагы № 6/163 буйругу чыгарылган.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык Мыйзам) 59-беренесине ылайык "Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат".
Конституциялык Мыйзамдын 59-беренесине ылайык: "Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.".
Конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарына ылайык талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына "талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган, өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын атайын формаларын, паспортунун көчүрмөсүн, жогорку кесиптик билим жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен маалымдаманы, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө, соттолгондук жөнүндө маалыматтарды, чет мамлекеттин жарандыгы (ошондой эле мурдагы жарандыктары, башка жарандыктары) бар же жок экендиги жагынан жекече маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун" берет.
Конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык "Шайланган талапкердин каттоосу, талапкер өзүнүн пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтарды жашырып койгонунун, анын ичинде талапкердин мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу же ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлардын бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыгы жөнүндө, колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген негиздерде анын башка пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтар талапкер тарабынан жашырган фактылары далилденген учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат".
Жогорку кесиптик билим алуунун тартиби жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгына байланыштуу 2017-жылдын 5-июлунда каттоо № 8763 О.К.Нарматовага берилген жогорку билими жөнүндө № УВ170038584 дипломду чакыртып алуу тууралуу КР ББжИМ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин 1-бөлүгүнө, 59, 61-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. О.К.Нарматованын каттоосу жокко чыгарылсын жана ал КР БШКнын 2021-жылдын 22-октябрындагы № 710 чечими менен катталган "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкердин тизмесинен алып салынсын.
2. "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер О.К.Нарматованы "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланды деп таануу бөлүгүндө КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 836 токтомунун 7-пункту жокко чыгарылсын.
3. О.К.Нарматованы "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары каттоо бөлүгүндө КР БШКнын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 844 токтому жокко чыгарылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нарматова Орозайым Кочконбаеванын күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |