Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-майындагы № 256 токтому менен бекитилген |
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 215, 2012-жылдын 19-июнундагы № 429, 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 514, 2014-жылдын 16-июнундагы № 328, 2015-жылдын 7-декабры № 841, 2017-жылдын 8-июнундагы № 355, 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 , 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Сертификаттардын талондорун жыйноо
III. Жогорку окуу жайларга тандоо жана кабыл алуу
IV. Абитуриенттерди максаттуу кабыл алууну уюштуруу
V. Жыйынтыктоочу жоболор
Тиркеме. Абитуриенттердин категориялары жана алар боюнча мамлекеттик гранттарды пайыздык бөлүштүрүү жөнүндө нускама
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына жалпы республикалык тестирлөөнүн (мындан ары - ЖРТ) жыйынтыгы боюнча мамлекеттик билим берүү грантына талапкер абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу эрежелерин аныктайт.
II. Сертификаттардын талондорун жыйноо
2.1. Учурдагы жылдын ЖРТ натыйжасы боюнча абитуриентти тандоо жана кабыл алуу жождордун гранттык комиссиялары тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - КР БИМ) жыл сайын белгиленген мөөнөттө өткөрүлөт. Грант алуу конкурсуна КР ББИМи белгилеген тең (бирдей) же босого баллынан жогору балл алган абитуриенттер киргизилет. Мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөнгө чейин абитуриент тапшырган ЖРТнын жыйынтыктары 3 жыл ичинде жарактуу.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июнундагы № 328 , 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.2. Абитуриенттердин сертификаттарынын кесилген талондорун жыйноо үчүн грант бөлүнгөн ар бир факультетке, факультет көрсөтүлгөн, мөөр басылып бекитилген өзүнчө ящик (урна) жасалат.
2.3. ЖОЖдун администрациясы конкурска катышуу жана сертификаттардын кесилген талондорун ящикке жыйноо, абитуриенттердин тизмесин түзүү үчүн абитуриенттерди каттоо өткөрүлүүчү убакытты жарыялайт.
2.4. Ар бир турда грант алууга талапкер абитуриент өзү каалаган факультеттин мөөр басылып бекитилген кутусуна сертификаттын айрыма талонун салуу менен бир ЖОЖду тандоого укуктуу. Айрыма талонду берүүдө милдеттүү түрдө сертификаттын түп нускасы көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
2.5. Каттоо журналында абитуриенттер жөнүндө төмөнкү маалыматтар катталат:
- абитуриенттин идентификациялык номери;
- негизги жана зарыл болсо предметтик тест боюнча алган баллынын саны;
- абитуриент окууну каалаган адистик жана факультет;
- каттоо жүргүзүлгөн дата;
- абитуриенттин кол тамгасы.
2.6. Каттоо журналы факультетте же адистиктер боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
Гранттык комиссия тарабынан сертификаттардын штрих-кодун саноо жолу менен абитуриенттерди каттоодон өткөрүүдө электрондук каражаттар колдонулган учурда каттоо журналдарын милдеттүү түрдө толтуруу зарыл эмес. Абитуриентке кабыл алынгандыгы жөнүндө айрылган талондун тил каты берилет. Конкурска катышкан абитуриенттердин компьютердик маалымат базасынын коргоочу каражаттары болууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
2.7. Жогорку окуу жайына кабыл алууда жеңилдиктерге талапкер абитуриенттер каттоо учурунда тастыктоочу документтерди (ата-энесинин өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу, аскер билети мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөндүгү жөнүндө белгиси бар аскер билети ж.б.) берүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомунун редакциясына ылайык)
2.8. Каттоодон кийин абитуриент окууну каалаган факультеттин мөөр басылган урнасына сертификаттын кесилген талонун таштоосу керек. Кесилген талондо адистик көрсөтүлөт. Мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн абитуриенттер аскер кызматын өтөгөнгө чейин алынган сертификатты колдонгондо окууга кабыл алуунун туруна карабастан факультеттин мөөрү менен бекитилген ящикке сертификаттын өзүн таштайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомунун редакциясына ылайык)
2.9. Каттоо журналындагы же абитуриенттердин компьютердик маалымат базасындагы маалыматтар боюнча гранттык комиссия ар бир күндүн аягында тактага төмөнкү маалыматтарды илет:
- абитуриенттердин идентификациялык номери жана алар жыйнаган баллдардын ар бир категория боюнча өзүнчө ажырымдалган тизмеси;
- бул жобого тиркелген абитуриенттер категориялары жана алар боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын пайыздык бөлүштүрүү жөнүндө нускамада көрсөтүлгөн ошол күндөгү категориялар ортосундагы катыш.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
2.10. Сертификаттардын кесилген талондорун жыйноо 2,5 күнгө созулат.
III. Жогорку окуу жайларга тандоо жана кабыл алуу
3.1. Гранттык орундарга конкурстан тышкары кирүүгө укуктуу абитуриенттердин категориялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө жободо аныкталат.
3.2. Жождорго абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу эки түрдө өткөрүлөт. Ар бир кийинки тур толбогон гранттар болсо өткөрүлөт, тандоонун жана кабыл алуунун үчүнчү туру КР ББИМдин уруксаты менен өткөрүлөт. Экинчи жана үчүнчү тур башталганга чейин бош орундар тууралуу маалымат тактага илинет, басма сөздө жарыяланат же абитуриенттер арасында башкача түрдө таратылат. Бардык турларда тандоонун жана кабыл алуунун эрежелери бирдей.
3.3. Абитуриенттердин сертификаттарынын кесилген талондорун жыйноо абитуриенттердин каттоонун үчүнчү күнү саат 14тө аяктайт.
3.4. Мөөр басылган урналар гранттык комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын катышуусу менен ачылат. Жождун гранттык комиссиясынын мүчөлөрү алынган сертификаттардын кесилген талондорунун саны жөнүндө протокол түзөт жана ага кол тамга коюшат.
3.5. Жождун гранттык комиссиясы бул Жобонун Абитуриенттердин категориялары жана алар боюнча мамлекеттик гранттарды пайыздык бөлүштүрүү жөнүндө нускамада көрсөтүлгөн жождун адистиктерине конкурсуна катышуучу абитуриенттердин социалдык категориясынын пайыздык катышын эсептейт.
I, II топтордогу майыптар, жеңилдиктери жана кепилдиктери боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңелген адамдар, бала кезинен майыптар, майып балдар, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган кыргыз улутундагы адамдар, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларында, 2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында курман болгон адамдардын балдары, кайрылман макамы бар адамдар жождорго сынактын негизинде, адамдардын бул категориясы үчүн жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү гранттык орундардын квотасынын чегинде эсепке киргизилет. Жождун гранттык комиссиясы сынактык негизде абитуриенттердин жеке арыздарынын негизинде даярдоо багыттары жана адистиктер боюнча квотаны бөлүштүрөт. Жогоруда көрсөтүлгөн категориялар үчүн арналган квоталар толук эмес талап кылынган учурда алар жалпы шарттарда башка абитуриенттердин арасында тандоонун жана эсепке киргизүүнүн үчүнчү турунда бөлүштүрүлүшү мүмкүн. Айылдык жаштардын санындагы адамдар (айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү) гранттык окутууга тиркелген Нускамага ылайык аныкталуучу гранттык орундардын квотасынын чегинде эсепке киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 429, 2014-жылдын 16-июнундагы № 328, 2015-жылдын 7-декабры № 841 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3.6. Эң жогорку балл алган абитуриенттер окууга кабыл алынат. Бирдей балл алган учурда "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар абитуриентке, мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн абитуриентке жана "Кыргызтест" системасын эске алуу менен мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик тилге ээ болгон деңгээли жөнүндө мамлекеттик сертификаты бар абитуриентке артыкчылык берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомунун редакциясына ылайык)
3.7. Милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын жана Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун кошумча сынактардан талап кылган адистиктерине кабыл алууда ЖРТда алынган натыйжа артыкчылыктуу болуп саналат.
3.8. ЖОЖго кабыл алуу жана грант алуу конкурсунда негизги жана предметтик тесттердин баллынын суммасы менен конкурска катышкан, негизги жана тийиштүү предметтик тест боюнча өтүү баллына тең же андан жогору балл топтогон абитуриенттер окууга өтүүдө артыкчылыктуу укукка ээ болушат. Эгерде конкурска предметтик тесттин жыйынтыктары менен абитуриенттердин саны жетишсиз болсо, гранттык комиссия абитуриенттерди (медициналык жана фармацевттик адистиктерди кошпогондо) негизги тесттин жыйынтыктары боюнча окууга кабыл алууну сунуштайт.
ЖОЖго медициналык жана фармацевттик адистиктер боюнча кабыл алуу жана грант алуу конкурсуна негизги жана предметтик тесттер боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аныктаган өтүү баллына тең же андан жогору балл топтогон абитуриенттерге гана катышууга уруксат берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
3.9. ЖОЖго кабыл алууда негизги жана кошумча предметтик тесттин суммасы бирдей болгондо гранттык орунга "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар абитуриентке, мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн абитуриентке, "Кыргызтест" системасын эске алуу менен мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик тилге ээ болгон деңгээли жөнүндө мамлекеттик сертификаты бар абитуриентке, артыкчылык берилет, ал эми мындай наамы жок болгон учурда - предметтик тест боюнча кыйла жогорку балл алган абитуриентке артыкчылык берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 215 , 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3.10. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси кийинки күнү саат 10:00гө чейин маалымат тактайына илинүүсү зарыл.
3.11. Жожго кабыл алууга сунушталган абитуриент 3 күндүн ичинде өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоо үчүн кабыл алуу комиссиясына төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:
- паспорту же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- ЖРТ сертификатынын түп нускасы;
- жалпы орто билими жөнүндө аттестатынын, орто кесиптик билими жөнүндө дипломунун түп нускасы же анын көчүрмөсү;
- (бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 514 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- аскердик билет же аскердик каттоо күбөлүгү;
- тийиштүү сандагы сүрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
3.12. Жождо окууну каалаган абитуриенттердин тизмеси жождун гранттык комиссиянын төрагасынын кол тамгасы менен кабыл алуунун бардык турлары аяктагандан кийин абитуриенттердин алган баллынын тууралыгын тастыктоо үчүн Көз карандысыз комиссияга (мындан ары - КККга) жиберилет. КККнын тастыктоосу 2 күндүн ичинде берилет.
3.13. КТК тарабынан тастыкталган абитуриенттердин тизмеси жождун администрациясына кабыл алуу буйругун даярдоо үчүн берилет жана жалпы маалымат тактайына илинет.
3.14. Жождун гранттык комиссиясы КР ББИМине 15-сентябрга чейин гранттык орундарга кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча отчет берет.
IV. Абитуриенттерди максаттуу кабыл алууну уюштуруу
4.1. Жогорку окуу жайы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өтүнмөлөрдү чогултат жана КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен мамлекеттик билим берүү грантынын негизинде бекитилген кабыл алуу планынын чегинде адистиктер боюнча максаттуу орундардын саны жөнүндө чечим кабыл алат.
4.2. Жож жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кабыл алынган чечим жөнүндө маалымдайт жана алар менен конкурстук негизде жогорку окуу жайына максаттуу кабыл алуу келишимдерин түзөт (бюджеттик орунга 1,2 адамдан кем эмес).
4.3. Ар бир багыт (адистик) боюнча максаттуу кабыл алуудагы орундардын саны абитуриенттерге жана коомчулукка милдеттүү маалымдоо менен документтерди кабыл алуудан 1 ай мурда аныкталат.
4.4. Максаттуу орундардын саны документтерди кабыл алуу жана жүрүшүндө, тандоо жана кабыл алуу турларынын жүрүшүндө көбөйтүлбөйт.
4.5. Максаттуу орундар конкурсуна ошол жылдагы ЖРТга катышкан жана босого баллдан жогорку балл алган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жолдомосу менен келген абитуриенттер катыша алышат. КР ББИМи бул категориядагы абитуриенттер үчүн өзүнчө босого балл кое алат. Эң көп балл алган абитуриенттер кабыл алууга сунушталат.
4.6. Максаттуу орундарга кабыл алынган абитуриенттер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү аймактарында ишке милдеттүү бөлүштүрүү жөнүндө студенттин жождун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосунда үч тараптуу келишим түзүлөт.
4.7. Эгерде жож менен келишим түзгөн тараптар максаттуу орундарга багытталган конкурсту камсыздабаса, гранттык комиссия министрлик жана максаттуу орундарга тапшыруучуларды кабар берүү менен бөлүнгөн максаттуу орундарды азайтууга милдеттүү. Максаттуу кабыл алуу боюнча бардык жол жоболор гранттык комиссиянын протоколу менен катталат.
4.8. Максаттуу орунга конкурс боюнча өтпөй калган адамдар үчүн билим берүүнүн каалаган формасындагы жалпы конкурска катыша алышат.
4.9. Тандоонун жана кабыл алуунун үчүнчү турунан кирүү кийин калган бош ваканттык максаттуу орундар жалпы конкурста катышкан абитуриенттерге ыйгарылат.
V. Жыйынтыктоочу жоболор
5.1. Жождун гранттык комиссиясы абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жол-жоболорун бузган учурда абитуриент же байкоочулар КРдин ББИМине даттанууга укуктуу. Республиканын региондорунда даттануулар КР ББИМинин региондук түзүмдөрүнө берилет. КР ББИМинин өкүлдөрү түшкөн даттанууларды ыкчам жана көз карандысыз кароону жүргүзүшөт. Даттануунун жыйынтыгы жазуу жүзүндө 3 күндүн ичинде арыздануучу тарапка жеткирилет.
Тиркеме
Абитуриенттердин категориялары жана алар боюнча мамлекеттик гранттарды пайыздык бөлүштүрүү жөнүндө НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 215, 2012-жылдын 19-июнундагы № 429, 2014-жылдын 16-июнундагы № 328, 2015-жылдын 7-декабры № 841, 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Гранттык орунду ээлөөгө (конкурстан тышкары кабыл алынууга укугу бар абитуриенттерден башка) ат салышып жаткан бардык студенттер төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:
- Бишкек шаарындагы орто жана кесиптик орто билим берүү окуу жайларын аяктаган абитуриенттер;
- облустук борборлордогу (Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Кара-Кол, Талас ш.) жана кичи шаарчалардагы (Балыкчы, Чолпон-Ата, Кара-Балта, Чүй-Токмок, Кант, Кара-Көл, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Сүлүктү, Өзгөн, Исфана, Көк-Жаңгак, Миңкуш, Ташкөмүр, Шопоков, Токтогул ш.) орто жана кесиптик орто билим берүү окуу жайларын аяктаган абитуриенттер;
- айылдык мектептерди аяктаган абитуриенттер;
- Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорундагы орто билим берүү окуу жайларын аяктаган абитуриенттер;
- максаттуу орундар конкурсуна катышуучу абитуриенттер;
- жеңилдик берилген абитуриенттер (I, II топтордогу майыптар, жеңилдиктери жана кепилдиктери боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңелген адамдар, бала кезинен майыптар, майып балдар, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларында, 2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында курман болгон адамдардын балдары, кайрылман макамы бар адамдар, запаска бошотулган аскер кызматчылары мөөнөттүү аскер кызматынан өткөн адамдар, "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамдары бар адамдар).
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 429, 2014-жылдын 16-июнундагы № 328 , 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Абитуриенттердин категорияларынын пайыздык катышы жождун гранттык комиссиясы тарабынан сертификаттардын кесилген талондору жыйналып болгон соң, максаттуу кабыл алууга катышкан абитуриенттерден ошондой эле жеңилдик берилген абитуриенттерден тышкары ар бир адистик үчүн өзүнчө бардык турларда төмөнкүдөй формуланын жардамында аныкталат:
№k
Соц. категориянын квотасы = _______________ * кабыл алуу планы
№ жалпы
мында, №k - категорияга дал келген абитуриенттердин саны;
№ жалпы - конкурска катышкан жалпы студенттердин саны.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)