Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-январы № 13
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
Бул Мыйзам тынчтык жана согуштук мезгилдердеги өзгөчө кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын жарандык коргоо жагындагы уюштуруучулук-укуктук нормаларды аныктайт.
Мыйзам аркылуу жарандык коргонуунун милдеттери жана аларды ишке ашыруунун укуктук нормалары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандык коргонуу маселелерин чечүүдөгү ыйгарым укуктары белгиленет.
1-статья. Негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
Өзгөчө кырдаал - Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында адамдардын курман болуусун, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна дуушарлантышы мүмкүн болгон же дуушарланткан коркунучтуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, талкалоонун заманбап каражаттарынын тийгизген таасирлеринин натыйжасында болуучу кырдаал.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу - өзгөчө кырдаалдардын болуу опурталын мүмкүн болушунча максимум азайтууга, ошондой эле адамдардын ден соолугун сактоого, алар болгондо зыянды азайтууга багытталган алдын ала жасалуучу иш-чаралардын комплекси.
Өзгөчө кырдаалдарды жоюу - өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу факторлорун локалдаштыруу жана жайылышын токтотуу, өзгөчө кырдаалдар чыккан учурда жүргүзүлчү авариялык-куткаруучу жана адамдардын өмүрүн жана анын ден соолугун сактоого, зыяндын өлчөмүн азайтууга багытталган башка кечиктирилгис иштер.
Өзгөчө кырдаалдын зонасы - өзгөчө кырдаал түзүлгөн аймак.
Өзгөчө кырдаалдардагы коопсуздук - тынчтык жана согуш мезгилдердеги өзгөчө кырдаалдын таасиринин натыйжасында пайда болуучу коркунучтардан адамдардын, коомдун, аймактардын кызыкчылыктарын жана өлкөнүн инфраструктурасын коргоодо калктын жашоо-тиричилигинин нормалдуу шартын жана өндүрүш объекттеринин иштешин калыбына келтирүүнү камсыз кылуучу абал.
Жарандык коргонуу - Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын тынчтык жана согуш мезгилдерде техногендик, табигый жана биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан, ал эми согуш мезгилинде согуштук аракеттерди киргизген учурда же ошол аракеттердин натыйжасында пайда болуучу коркунучтардан коргоону камсыз кылуучу жалпы мамлекеттик жана коргоочу иш-чаралар системасынын курамдык бөлүгү.
Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасы - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, коомдук бирикмелердин жана ыктыярдуу уюмдарынын башкаруу органдары, күчтөрү жана каражаттары анын элементи болуп эсептелген, тынчтык жана согуш мезгилдерде калкты жана өлкөнүн аймагын өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча функцияларды аткаруучу жалпы мамлекеттик система.
Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары- Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) - Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жарандык коргонуу жагында маселелерди чечүүгө атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарандык коргонуу тармагында тийиштүү нормативдик жөнгө салуу, ошондой эле атайын, көзөмөлдөөчү, контролдоочу функциялар жана иш-аракеттерди координациялоо тапшырылат.
Уюмдар - коргоо жана экономикалык мааниге ээ же тынчтык жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдын пайда болуу опурталы жогорку даражадагы объекттери бар уюмдар. Уюмдарды потенциалдуу опурталдуу объекттерге жана коргоо жана экономикалык мааниси орчундуу объекттерге киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Жарандык коргонууну башкаруу - жарандык коргонууну республикалык деңгээлде жалпы башкарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишке ашырат, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жарандык коргонуунун начальниги болот.
- облустук, райондук жана жергиликтүү деңгээлде - жарандык коргонууну жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жетектешет.
Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар - тийиштүү аймакта жарандык коргонуу боюнча иштерди уюштурууга жана аткарууга арналган, жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын аймактык бөлүгүнүн координациялоочу органы.
Жарандык коргонуу кызматтары - жарандык коргонуунун атайын иш-чаралары аткарылышын камсыздоо жана бул максатта күч-каражаттарды даярдоо максатында республикалык, облустук, райондук, шаардык, ошондой эле объекттик жарандык коргонуу кызматтары түзүлөт.
Жарандык коргонуу кызматтарынын тизмесин, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
Жарандык коргонуунун күчтөрү - жарандык коргонуу аскери, өрткө каршы бөлүктөр, ошондой эле жарандык коргонуунун кошуундары.
Жарандык коргонуу аскери - Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тынчтык жана согуш мезгилдерде жарандык коргонуунун маселелерин чечүүгө атайын даярдалган аскердик бөлүктөрү жана бирикмелери. Согуштук аракеттердин учурунда жарандык коргонуу аскеринин өздүк курамы жарандык коргонуу маселелерине байланышпаган аскердик милдеттерди аткарууга тартылбайт.
Жарандык коргонуу аскеринин бөлүктөрүнүн жана подразделениелеринин уюштуруу-штаттык түзүмүн Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президенти белгилеген чектерде бекитет.
Жарандык коргонуунун кошуундары - уюмдардын базасында аймактык-өндүрүштүк принцип боюнча түзүлгөн, тынчтык жана согуш мезгилдерде өзгөчө кырдаалдарда авариялык-сактоочу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн даярдалган, атайын техникага жана мүлктөргө ээ кошуундар. Жарандык коргонуунун кошуундарын түзүүнүн жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Согуш мезгилде жарандык коргонуу боюнча топко киргизилген аймак жарандык коргонуу жагында олуттуу коргонуу жана экономикалык мааниге ээ шаар же башка калктуу конуш жайгашкан аймак.
2-статья. Жарандык коргонууну уюштуруунун жана ишке ашыруунун принциптери
1. Жарандык коргонуу ишин уюштуруу жана жүргүзүү мамлекеттин өтө маанилүү функцияларынын бири, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун курамдык бөлүгү. Кыргыз Республикасында жарандык коргонуу аймактык-өндүрүштүк принцип боюнча уюштурулат жана жүргүзүлөт.
2. Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды пландаштыруу жана ишке ашыруу жарандык коргонууну башкаруу органдары тарабынан аймактардын экономикалык, жаратылыштык жана башка мүнөздөмөлөрүн, өзгөчөлүктөрүн жана өзгөчө кырдаалдар пайда болуу коркунучунун даражасын эске алуу менен жүргүзүлөт.
Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралардын көлөмү жана мазмуну колдо болгон күчтөрдүн жана каражаттардын керектүү жетиштүү болушу жана аларды пайдалануу принциптерине жараша аныкталат.
Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралар өзгөчө кырдаал жаралган аймактагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрү жана каражаттары менен ишке ашырылат.
Согуш мезгилинде жарандык коргонууну киргизүүгө мамлекетти даярдоо жарандык коргонууну башкаруу органдары тарабынан тынчтык мезгилде алдын ала, куралдардын, согуштук аракеттерди киргизген учурда же ушул аракеттердин кесепетинен пайда болуучу коркунучтардан калкты коргоо каражаттарынын өнүккөндүгүн эске алуу менен, ишке ашырылат.
3. Согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагында же айрым региондорунда жарандык коргонууну киргизүү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 8-пунктуна ылайык башталат.
3-статья. Жарандык коргонуу жагындагы укуктук жөнгө салуу
Жарандык коргонуу жагындагы укуктук жөнгө салуу ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык ишке ашырылат.
4-статья. Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын негизги милдеттери
1. Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын негизги милдеттери:
- өзгөчө кырдаалдарда калкты жана аймактарды коргоону камсыз
кылуу боюнча укуктук нормаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана өндүрүштүк жана социалдык маанидеги объекттердин өзгөчө кырдаалдарда иштөөгө туруктуулугун жогорулатууга багытталган максаттык жана илимий-техникалык программаларды ишке ашыруу;
- жарандык коргонууну башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын даярдыгын камсыз кылуу;
- жарандык коргонуу жагындагы маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, алмашуу жана берүү;
- бардык деңгээлдердеги мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин даярдоо жана квалификацияларын жогорулатуу;
- калкты өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө үйрөтүү;
- өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана социалдык-экономикалык кесепеттерин баалоо;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн финансылык жана материалдык резервдерди түзүү;
- жарандык коргонуу жагында өндүрүш коопсуздугун мамлекеттик экспертизалоо, өрткө каршы көзөмөл жана контролдоо;
- өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу;
- калкты, материалдык жана маданий баалуулуктарды коопсуз райондорго эвакуациялоо;
- коммуналдык-техникалык кызматтарды жана коммуникацияларды калыбына келтирүү;
- калкка медициналык кызмат көрсөтүү, жашоо тиричилигин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жагында эл аралык кызматташуу;
- баш калкаларды жана радиацияга каршы жашынчу жерлерди, башкаруунун запастык пункттарын, тынчтык жана согуш мезгилде пайда болгон коркунуч жөнүндө кабарды калкка өз убагында билдирүү үчүн башкаруунун байланыш жана маалымдоо системаларын түзүү жана даярдыкта кармоо;
- өзгөчө кырдаалдарда айыл чарба жаныбарларын, өсүмдүктөрдү, азык-түлүктү, азыктык сырьену, жем-чөптү, суу булактарын жана суу менен камсыздоо системаларды коргоо;
- өзгөчө кырдаалдарда авариядан сактоочу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү;
- радиоактивдүү, химиялык, биологиялык жана башка булганууларга дуушар болгон аймактарды табуу жана белгилөө;
- калкты, техниканы, имараттарды жана башка объекттерди тазалоо иш-чараларды жүргүзүү;
- жарыкты чүмбөттөө жана чүмбөттөөнүн башка түрлөрү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- табигый жана техногендик мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардан калкка жана аймактарга болуучу опурталды баалоо жагынан изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- башка иш-чараларды көрүү.
5-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктары:
- жарандык коргонуу жагында мамлекеттик бирдиктүү саясатты жүргүзөт;
- жарандык коргонуу жагында иштеп чыгууларды, илимий-изилдөөлөрдү уюштурат жана жүргүзөт, атайын программалардын аткарылышын уюштурат;
- Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандык коргонуу жагындагы милдеттерин, функцияларын, иш тартибин, укуктарын жана милдеттерин аныктайт;
- жарандык коргонуунун керектөөлөрү үчүн финансылык жана материалдык мамлекеттик резервдерди түзүүнү камсыз кылат, ошондой эле аларды пайдалануунун тартибин аныктайт;
- жарандык коргонуунун иш-чараларын мамлекеттик каражаттардын эсебинен каржылоо маселелерин чечет;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча чара көрөт жана мамлекеттик жардам көрсөтөт;
- согуш мезгилинде аймактарды жарандык коргонуу боюнча топторго киргизүүнүн тартибин аныктайт;
- жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларын жана башка объекттерин куруунун тартибин, ошондой эле материалдык-техникалык, азык-түлүктүк, медициналык жана башка каражаттардын запастарын түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин аныктайт;
- өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин белгилейт;
- Жарандык коргонуунун тынчтык мезгилдеги планын бекитет жана Жарандык коргонуунун согуш учурундагы планын Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизет.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык коргонуу жагында башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
6-статья. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктары
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- жарандык коргонуу боюнча комиссияларды түзүшөт жана алардын ишин координациялашат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык коргонуу жагында приказдарды жана буйруктарды чыгарышат;
- өздөрүнө караштуу аймакта өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүшөт;
- жарандык коргонуу үчүн керектүү күчтөрдү жана каражаттарды даярдашат жана даярдыкта кармашат;
- калкты өзгөчө кырдаалдарда коргонуунун жана аракеттенүүнүн ыкмаларына үйрөтүүнү уюштурушат;
- өзгөчө кырдаалда эвакуация жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алышат жана аны уюштурушат;
- өзгөчө кырдаалдын пайда болуу коркунучу же пайда болгону жөнүндө калкка өз убагында кабарлоону камсыз кылышат;
- тынч мезгилде коргонуунун материалдык-техникалык, азык-түлүктүк, медициналык, жеке жана коллективдүү каражаттарынын запастарын түзүшөт жана кармашат.
7-статья. Уюмдардын жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктары
1. Уюмдар:
- өздөрүнүн штаттарында жарандык коргонуу боюнча адистин кызмат ордун караштырууга тийиш;
- жарандык коргонуунун кошуундарын уюштурушат жана аларды жарандык коргонуу иш-чараларын жүргүзүүгө даярдыкта кармашат;
- тынчтык жана согуш мезгилдерде жарандык коргонуунун пландарын иштеп чыгышат жана турмушка ашырышат;
- уюмдун тынчтык жана согуш мезгилдерде туруктуу иштеши боюнча иш-чараларды жүргүзүшөт;
- өз кызматкерлерин тынчтык жана согуштук мезгилдерде өзгөчө кырдаал пайда болгондо коргонуунун ыкмаларына үйрөтүшөт;
- өзгөчө кырдаал пайда болгон учурга карата кабарлоо системаларын түзүшөт жана алардын туруктуу иштешин камсыздашат;
- коргонуунун материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык, жеке жана коллективдик каражаттарынын запасын түзүшөт;
- жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана калкка уюмдун аймагында же анын жанында табигый же техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал пайда болгону жөнүндө токтоосуз кабарлашат;
- өз объекттеринин аймагында өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүшөт.
8-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарандык коргонуу жагындагы укуктары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын жарандары төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- өзгөчө кырдаал пайда болгон кезде өз өмүрүн, ден соолугун жана жеке мүлкүн сактоого;
- өзгөчө кырдаал зонасында жүргөн учурда акысыз медициналык тейленүүгө жана дарыланууга;
- жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жарандык коргонуунун иштерин аткаруу үчүн арналган башка мүлктөрүн пайдаланууга;
- ыктыярдуу (коомдук) куткаруучу түзүлүштөрдүн курамына кирүүгө;
- Кыргыз Республикасынын айрым бир аймактарында болгон учурда жарандар чалдыгышы мүмкүн болгон опурталдар жана коопсуздуктун керектүү чаралары жөнүндө маалымдалууга.
2. Өзгөчө кырдаалды жоюуга түздөн-түз белгиленген тартипте катышкан жарандарга өзгөчө кырдаалдын зонасында иштегени үчүн компенсацияларды жана жеңилдиктерди алууга укук берилет.
Кыргыз Республикасынын жарандарына берилчү компенсацияларды жана жеңилдиктерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
3. Кыргыз Республикасынын жарандары жарандык коргонуу жагында төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу жагындагы мыйзамдарын жана башка нормативдик укуктук актыларын сактоого;
- тиричиликте жана күндөлүк эмгек иште коопсуздуктун чараларын сактоого, өзгөчө кырдаалдын пайда болушуна алып келе турган эреже бузууларга жол бербөөгө;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдан коргоонун жолдорун, алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн ыкмачарын, коргонуунун жамааттык жана жеке каражаттарын пайдалануу эрежелерин үйрөнүүгө;
- өзгөчө кырдаалдар коркунучу чыкканда жана ал пайда болгондо өзүн алып жүрүүнүн белгиленген эрежелерин аткарууга;
- мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда көмөк көрсөтүүгө.
9-статья. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюунун тартиби
1. Тынчтык мезгилде жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын төмөнкүдөй иштөө режими белгиленет:
- күндөлүк иштөө режими - нормалдуу өндүрүштүк, радиациялык, химиялык, биологиялык (бактериологиялык), сейсмикалык, гидрометеорологиялык абал учурунда;
- жогорку даярдыктагы режим - өндүрүштүк, радиациялык, химиялык, биологиялык (бактериологиялык), сейсмикалык, гидрометеорологиялык абал начарлаганда же өзгөчө кырдаалдын пайда болуу мүмкүндүгү тууралуу божомолдор алынган учурда;
- өзгөчө кырдаал режими- өзгөчө кырдаал пайда болгон жана аны жоюу учурунда.
Тынчтык жана согуш мезгилде жарандык коргонуунун режимдерин киргизүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
2. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, жарандык коргонуу күчтөрүн жана каражаттарын колдонуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык ишке ашырылат. Авариялык-сактоочу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүгө тартуунун жана алардын чыгымдарын компенсациялоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
10-статья. Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик экспертиза, көзөмөл жана контроль
Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик экспертиза, көзөмөл жана контроль Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу жагындагы эл аралык келишимдерине жана мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылат.
11-статья. Жарандык коргонуу жагындагы эл аралык кызматташуу жана эл аралык келишимдер
Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен жарандык коргонуу жагында эл аралык кызматташуусу мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
12-статья. Жарандык коргонуу иш-чараларын каржылоо
1. Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка нормативдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
2. Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө чыгымдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте төлөнөт.
Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды каржылоо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринде жыл сайын бекитилчү бюджеттердин каражаттарынын чегинде каралат.
13-статья. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн финансылык жана материалдык резервдерди түзүү жана пайдалануу
Өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн финансылык жана материалдык резервдерди түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормативдик укуктук актылары менен аныкталат.
14-статья. Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу жагындагы мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын кызмат адамдары жана калкы жарандык коргонуу жагында милдеттерин аткарбаганы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.
15-статья. Корутунду жоболор
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын "Жарандык коргонуу жөнүндө" 2000-жылдын 20-январындагы № 31 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасынын "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 14-февралындагы № 39 Мыйзамы
- "Кыргыз Республикасынын "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-сентябрындагы № 204 Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын "Калкты жана аймактарды табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардан коргоо жөнүндө" 2000-жылдын 24-февралындагы № 45 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасынын "Калкты жана аймактарды табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардан коргоо жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июнундагы № 68 Мыйзамы.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|