Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-августу № 658
"Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-ноябрындагы № 176 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 26-августундагы № 103 конституциялык Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-ноябрындагы № 176 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) токтомдун преамбуласы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4 жана 8-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 5-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 жана 24-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:";
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы 1-1-пунктча менен толукталсын:
"1-1) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссиялары (мындан ары - аймактык шайлоо комиссиялары);";
- 4-пунктта "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 25-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Шайлоо комиссияларынын, округдук шайлоо комиссияларын кошпогондо, төрагаларын жана катчыларын шайлоо жана мөөнөтүнөн мурда бошотуу "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын шайлоо жана бошотуу үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.";
- Жобо төмөндөгүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Аймактык шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана ишин уюштуруунун тартиби
35-1. Округдук шайлоо комиссияларынын курамы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен тиешелүү шайлоо округдарында иштеп жаткан тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана алардын резервдеринин ичинен түзүлөт жана бекитилет.
35-2. Борбордук шайлоо комиссиясы төмөндөгүдөй тартипте ар бир шайлоо округу боюнча 12 мүчөдөн кем эмес курамда округдук шайлоо комиссиясын түзөт:
- эгерде бир шаардын же райондун аймагында (АШК) бир шайлоо округу түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мүчөлөрүнүн жана ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен түзүлөт;
- эгерде бир шаардын же райондун аймагында (АШК) эки же андан көп шайлоо округдары түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиялары аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мүчөлөрүнүн жана ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен түзүлөт;
- эгерде эки же андан көп шаарлардын же райондордун аймагында (АШК) бир шайлоо округу түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиясы ошол аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мүчөлөрүнүн ичинен түзүлөт.
Зарылчылыкка жараша округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн саны округдук шайлоо комиссиясынын сунуштамасы боюнча иш процессинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынын өзгөртүлүшү мүмкүн.
35-3. Округдук шайлоо комиссиясы "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында:
1) шайлоо мыйзамдарынын аткарылышы үчүн контролдукту жүзөгө ашырат, ошондой эле тийиштүү округда алардын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылат;
2) тийиштүү округда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурууда Борбордук шайлоо комиссиясына көмөктөшөт;
3) шайлоо участкаларынын жана округдарынын схемаларын жана чек араларын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кароо жана бекитүү үчүн сунуш киргизет;
4) участкалык шайлоо комиссияларынын курамын түзөт жана бекитет жана алардын жайгашкан ордун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт;
5) калкка участкалык шайлоо комиссияларынын даректери жана телефон номурлары тууралуу маалымдайт;
6) тийиштүү аймакта Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын ишин уюштурат жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан маселелер боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын билдирүүлөрүн угат;
7) участкалык шайлоо комиссияларына укуктук, уюштуруу-усулдук жана материалдык-техникалык жардам көрсөтөт;
8) участкалык шайлоо комиссияларынын имарат, транспорт, байланыш менен камсыз болушун контролдойт, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун башка маселелерин карайт;
9) шайлоочулардын тизмесин түзөт, жүргүзөт, жаңылайт жана тактайт;
10) шайлоочулардын тизмесин жалпы таанышууга жана көрүүгө сунуш кылынышына контролдукту жүзөгө ашырат;
11) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн мамлекеттик акча каражаттарын тескейт, аларды участкалык шайлоо комиссияларынын ортосунда бөлүштүрөт жана ал каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдукту камсыз кылат;
12) бардык талапкерлер жана саясый партиялар үчүн шайлоо алдындагы иште бирдей укуктук шарттардын сакталышын камсыз кылат, талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүсүн уюштуруу боюнча чараларды көрөт, үгүт материалдарын илүү үчүн орун-жайларды караштырат ;
13) участкалык шайлоо комиссияларына шайлоо жана башка документтерди жеткирүүнү уюштурат;
14) тийиштүү шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилейт;
15) шайлоо мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте, айрым шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга укуктуу;
16) Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду өткөрүп берет;
17) округдук шайлоо комиссиясына түздөн-түз келип түшкөн, ошондой эле округдук шайлоо комиссиясынын ыкчам таасир этүүчү координациялык тобуна келип түшкөн участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды жана арыздарды карайт, аларды милдеттүү түрдө реестрге киргизүү менен алар боюнча чечимдерди кабыл алат;
18) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан документтерди архивге же Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүүнү камсыз кылат;
19) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бюджеттик каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчет берет;
20) зарылчылыкка жараша Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан иштерди аткарууга штаттан тышкары кызматкерлерди эмгек келишимдери боюнча тартат;
21) участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана резервин окутууну жүргүзөт;
22) шайлоо мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Округдук шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат.
35-4. Төмөнкүлөр округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албайт:
1) Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештердин депутаты;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы;
3) судья, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкери, аскер кызматчысы;
4) талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;
5) башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
6) мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу алынбаган же жоюлбаган адам;
7) ал аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан округдук шайлоо комиссиясынын курамына кирген аймактык шайлоо комиссиясын кошпогондо, башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
8) терс жагдайдын негизи боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдетин аткаруудан мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.
Бир округдук шайлоо комиссиясынын курамына жубайлар жана жакын туугандар шайланышы мүмкүн эмес.
35-5. Округдук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын дайындоо комиссиянын курамын бекитүүдө шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча иш тажрыйбасын эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен дайындалат.
Округдук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын мөөнөтүнөн мурда бошотуу, бошогон кызмат ордун ээлөө округдук шайлоо комиссиясынын курамынын сунуштамасы боюнча Борбордук шайлоо комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
35-6. Округдук шайлоо комиссиясынын курамы жана дареги Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан алар түзүлгөн күндөн тартып үч календардык күндөн кеч эмес жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.
35-7. Округдук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын биринчи жыйыны өткөн күндөн тартып башталат жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча токтотулат.
35-8. Округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча округдук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин төмөнкү учурларда милдетин аткаруудан бошотулат:
1) өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызын бергенде;
2) Кыргыз Республикасынын тышкары туруктуу жашаган жерге чыгып кеткенде;
3) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же жоготкондо, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгын алганда же болбосо чет мамлекеттин аймагында жарандын туруктуу жашоого укугун тастыктаган жашап туруу укугун алганда;
4) ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
5) аны жөндөмсүз, жөндөмдүүлүгү чектелген, өлгөн жана аны белгисиз жок болгон деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
6) өлгөндө - округдук шайлоо комиссиясынын сунуштамасы боюнча;
7) округдук шайлоо комиссиясынын сунуштамасынын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн өзүнүн милдеттерин жана тапшырмаларды системалуу түрдө аткарбагандыгы таанылганда;
8) округдук шайлоо комиссиясы таркатылганда;
9) милдеттерин жана тапшырмаларды системалуу түрдө аткарбаганда - округдук шайлоо комиссиясынын сунуштамасы боюнча.
35-9. Округдук шайлоо комиссиясынын курамынан анын мүчөсү чыкканда, чыгып кеткен шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн арызы катталган күндөн тартып беш күндөн кеч эмес тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен ордун ээлөө жүргүзүлөт.
35-10. Округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү:
1) жыйын жөнүндө өз учурунда маалымдалат;
2) округдук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
3) округдук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирген жана анын жыйынында каралып жаткан бардык маселелер боюнча добуш берүүнү жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу;
4) округдук жана төмөн турган комиссиялардын документтери жана материалдары менен таанышууга, алардын көчүрмөлөрүн алууга (шайлоочулардын тизмесин, шайлоо бюллетендерди кошпогондо) жана ошол көчүрмөлөрдү күбөлөндүрүүгө укуктуу;
5) шайлоо комиссияларынын аракеттерине (аракетсиздигине) Борбордук шайлоо комиссиясына даттанууга укуктуу;
6) жыйында добуш берүүдөн баш тартууга укуксуз.
35-11. Округдук шайлоо комиссиясы, эгерде анын белгиленген мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес курамы түзүлсө ишке киришүүгө укуктуу.
Округдук шайлоо комиссиясынын биринчи жыйыны курамы бекитилгенден кийин 5 календардык күндөн кеч эмес өткөрүлөт, эгерде ага округдук шайлоо комиссиясынын белгиленген курамынын үчтөн экиден кем эмеси катышса укукка сыйымдуу болуп саналат.
35-12. Округдук шайлоо комиссиясынын жыйынын (мындан ары - жыйыны) төрага тарабынан, ошондой эле округдук шайлоо комиссиясынын белгиленген курамынын үчтөн экиден кем эмесинин талабы боюнча чакырылат.
Жыйын жумасына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Округдук шайлоо комиссиясынын белгиленген санынын көпчүлүгү катышса жыйын мыйзам ченемдүү болот.
35-13. Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү финансылык камсыз кылуу маселелери боюнча, добуш берүүнүн жыйынтыктары, шайлоону анык эмес таануу тууралуу, участкалык шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө округдук шайлоо комиссиясынын чечимдери жыйында округдук шайлоо комиссиясынын белгиленген курамынын үчтөн экиден кем эмеси тарабынан кабыл алынат.
Округдук шайлоо комиссиясынын башка маселелер боюнча чечимдери жыйында округдук шайлоо комиссиясынын белгиленген санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
35-14. Округдук шайлоо комиссиясынын чечимдерине шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы кол коет.
Чечимге макул эмес округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү жазуу жүзүндө өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу, ал жыйындын протоколунда чагылдырылууга, ага тиркелүүгө тийиш жана эки күндүк мөөнөттөн кеч эмес, ал эми добуш берилген күнү, добуш берилген күндүн эртеси күнү - токтоосуз түрдө төрага тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына билдирилет.
35-15. Добуш берүүнүн жыйынтыктары, шайлоону анык эмес таануу тууралуу, участкалык шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө, ошондой эле даттанууларды кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган округдук шайлоо комиссияларынын чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялоо үчүн 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө жатат.";
- 36-пунктта:
биринчи абзац "Аймактык" деген сөз "Округдук, аймактык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пунктча "19-беренесинин" деген сөздөрдөн кийин "жана ушул Жобонун" деген сөздөр менен толукталсын;
- 37, 38, 39, 40, 41, 56, 58, 59, 60 жана 61-пункттардагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "аймактык" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү "округдук, аймактык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 39-пунктта "Мыйзамынын жоболоруна" деген сөздөрдөн кийин "жана ушул Жобонун" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-главанын аталышындагы "аймактык" деген сөз "Округдук жана аймактык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 57-пункттагы "аймактык" деген сөз "округдук, аймактык" деген сөздөргө, "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |