Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-январы №15
"Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ("Эркинтоо" гезити, 2004-ж., 23-июль, № 56-59) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
358-берене төменкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Бажы органдарынын карамагында турган жана коммерциялык, банктык же мыйзам менен сакталуучу башка сырды камтыган маалыматтар базасына жетүү мүмкүнчүлүгү терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берилет.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|