Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-июну № 580
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Көл, Сүлүктү, Балыкчы жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Кара-Көл, Сүлүктү, Балыкчы жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл, Сүлүктү жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Кара-Көл, Сүлүктү жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Кара-Көл, Сүлүктү жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 29-июнундагы № 580 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Кара-Көл шаары | ||||
1 | Кара-Көл шаардык | Чыныкбаев Нузарбек Бобубекович (№ 2) ("Бирге-Вместе" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 51, 28.06.2021-ж. |
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
2 | Сүлүктү шаардык | Халбеков Абдысамат Диканбаевич (№ 1) (Өнүгүү-Прогресс деп. фракциясы) | Жеке арызы | № 38, 15.06.2021-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
3 | Саруу айылдык | Аскарбек уулу Улукбек | Депутат жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегенде | № 18, 18.06.2021-ж. |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 29-июнундагы № 580 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Балыкчы шаары | ||||
1 | Балыкчы шаардык | Джээнтаева Кумушбубу Усупбаевна (№ 33) п/п "Өнүгүү-Прогресс" | Өз арызы | № 45, 24.06.2021-ж. |
Замирова Айгерим Замировна (№ 36) п/п "Өнүгүү-Прогресс" | Өз арызы | № 45, 24.06.2021-ж. | ||
Кусеинова Айнура Кубанычбековна (№ 38) п/п "Өнүгүү-Прогресс" | Өз арызы | № 45, 24.06.2021-ж. | ||
Алдаярова Тинатин Эсенгуловна (№ 42) п/п "Өнүгүү-Прогресс" | Өз арызы | № 45, 24.06.2021-ж. | ||
Сулайманкулова Айтолкун Кенжетаевна (№ 45) п/п "Өнүгүү-Прогресс" | Өз арызы | № 45, 24.06.2021-ж. | ||
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 29-июнундагы № 580 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Кара-Көл шаары | ||||
1 | Кара-Көл шаардык | Ныязалиев Арзымат Нурманбетович (№ 5) ("Бирге-Вместе" с/п) | "СМ Повертэч Ко" ЖЧК, прораб | № 51, 28.06.2021-ж. |
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
2 | Сүлүктү шаардык | Сатторов Руфат Исроилович (№ 8) (Өнүгүү-Прогресс с/п) | БатМУнун Сүлүктү педогогикалык колледжи, методист | № 38, 15.06.2021-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
3 | Саруу айылдык | Өмүрбаев Алмазбек Асангазиевич | Жети-Өгүз райондук электр тармагынын кызматкери | № 18, 18.06.2021-ж. |