Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-январы №16
"Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10 жана 64-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо министри көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Бул Конституциялык мыйзам аскердик абалды киргизүүнүн, алып салуунун жана кармап туруунун тартибин; согуш мезгилинде мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт; Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын, ошондой эле аскердик абал мезгилинде уюмдардын уюштуруу-укуктук формаларына карабастан укуктук мамилелерин жөнгө салат.
1-берене. Негизги түшүнүктөр
Аскердик абал - Кыргыз Республикасына баскынчылык (куралдуу кол салуу) же түздөн-түз баскынчылык коркунучу келген учурларда республиканын бүткүл аймагына же анын айрым аймактарына киргизилүүчү өзгөчө укуктук режим. Бул режим Кыргыз Республикасынын Президентине, мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзгөчө укуктарды (ыйгарым укуктарды) ыйгарууну карайт.
Аскердик абалдын колдонулуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын (мындан ары - жарандар) укуктары жана эркиндиктери, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан уюмдардын ишмердиги, алардын кызмат адамдарынын укуктары чектелиши, ошондой эле жарандарга, уюмдарга жана алардын кызмат адамдарына кошумча милдеттер жүктөлүшү мүмкүн.
Баскынчылык - укукка каршы, түз жана кыйыр же БУУнун Уставына туура келбеген башка түрдө Кыргыз Республикасына каршы мамлекеттин куралдуу күчтөрүн колдонуусу.
Согуш абалын жарыялоо - мамлекет (мамлекеттер) тарабынан Кыргыз Республикасына куралдуу кол салуу болгон учурда аны менен тынчтык мамилелерин токтоткондугу жана согуш абалына өткөндүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы.
Согуш абалы - согуш жарыяланган же согуштук аракеттер иш жүзүндө башталган учурдан тартып өтүүчү жана согуштук аракеттер токтотулганга же алардын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөнгө чейин улануучу Кыргыз Республикасы менен мамлекеттин (мамлекеттердин) ортосундагы мамилелер.
Баскынчылыктын түздөн-түз коркунучу - Кыргыз Республикасына каршы баскынчылыкка себепкер болгон чыныгы мүмкүнчүлүктөрдү аныктоочу белгилердин жыйындысы.
Согуш аракеттери - коюлган милдеттерди аткаруу үчүн күчтөрдү жана каражаттарды уюшкандыкта колдонуу; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка нормативдик укуктук актыларына ылайык, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана нормаларына жана ушул жаатта, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошундары жана бөлүктөрү тарабынан жүргүзүлгөн күжүрмөн аракеттери.
Согуш мезгили - Кыргыз Республикасы башка мамлекет (мамлекеттер) менен согуш абалында болгон мезгил. Ал согуш жарыяланган же согуштук аракеттер иш жүзүндө жүргүзүлгөн учурдан башталат жана согуш токтотулгандыгы жөнүндө жарыялоо менен, бирок согуштук аракеттер иш жүзүндө аяктагандан кийин бүтөт.
Аскер командачылыгы - согуш мезгилинде стратегиялык, ыкчам милдеттерди жана административдик-чарбалык милдеттерди аткарган аскердик башкаруу органдары.
Аймактык коргонуу - Кыргыз Республикасынын аймагындагы объекттерди жана коммуникацияларды душмандын аракеттеринен, диверсиялык же террордук акттардан жана коркунучтун башка түрлөрүнөн коргоо, ошондой эле аскердик абалды түзүү жана кармап туруу.
Аймактык коргонуу күчтөрү жана каражаттары - Кыргыз Республикасынын аймагында калкты, объекттерди жана коммуникацияларды душмандын аракеттеринен, диверсиялык же террордук акттардан коргоого, ошондой эле аскердик абалды киргизүүгө жана кармап турууга дайындалган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошундары, бөлүктөрү, мекемелери, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, укук коргоо органдарынын бөлүкчөлөрү.
Коменданттык саат - аскердик абалда мөөнөтү жана убактысы көрсөтүлүп, коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо максатында, чалгындоо, диверсиялык жана башка укукка каршы аракеттерди токтотуу үчүн, калктуу конуштардын жашоочуларына адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү атайын берилген өткөрмөлөрү жана документтери жок, белгиленген убакта жашаган жеринен сырткары болууга жана калктуу конуштарда жүрүүгө тыюу салуу үчүн киргизилген чара.
2-берене. Аскердик абалды киргизүү үчүн негиздер
Кыргыз Республикасынын аймагында же анын өзүнчө аймактарында аскердик абалды киргизүү үчүн негиз болуп, Кыргыз Республикасына каршы баскынчылык же баскынчылыктын түздөн-түз коркунучу эсептелет.
Эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана нормаларына ылайык Кыргыз Республикасына каршы баскынчылык деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттин (мамлекеттердин тобунун) куралдуу күчтөрүнүн басып кирүүсү же кол салуусу, мындай басып кирүүнүн же кол салуунун натыйжасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын аймагын аскердик оккупациялоо же куралдуу күчтөрдү колдонуу менен Кыргыз Республикасынын аймагын же анын бир бөлүгүн аннексиялоосу (басып алуусу);
2) Кыргыз Республикасынын аймагын чет мамлекеттин (мамлекеттердин тобунун) куралдуу күчтөрү менен бомбалоо же Кыргыз Республикасына каршы чет мамлекеттин (мамлекеттердин тобунун) кандайдыр бир куралдарды колдонуусу;
3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө алардын жайгашкан жерине карабастан чет мамлекеттин (мамлекеттердин тобунун) куралдуу күчтөрүнүн кол салуусу;
4) Кыргыз Республикасына каршы баскынчылык актты жасоо үчүн өзүнүн аймагын башка мамлекеттин (мамлекеттердин тобунун) колдонушуна уруксат берген чет мамлекеттин (мамлекеттердин тобунун) аракеттери;
5) чет мамлекет (мамлекеттердин тобу) тарабынан же чет мамлекеттин (мамлекеттердин тобунун) атынан куралданган бандаларды, топторду, иррегулярдуу күчтөрдү же жалдануучуларды жиберүү, алар ушул пунктта көрсөтүлгөн баскынчылык акттары сыяктуу эле Кыргыз Республикасына каршы куралдуу күчтөрдү колдонуу акттарын жасаса.
Кыргыз Республикасына каршы баскынчылыктын түздөн-түз коркунучу болуп, чет мамлекеттин (мамлекеттердин тобунун) БУУнун Уставын, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана нормаларын бузуу, баскынчылык актты жасоого даярдыкты түздөн-түз көрсөтүүчү аракеттери, ошону менен бирге Кыргыз Республикасына согуш жарыялашы таанылат.
3-берене. Аскердик абалды жарыялоо жана киргизүү
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы же анын өзүнчө аймактарындагы аскердик абал Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен жарыяланат, ал радио жана телекөрсөтүү каналдары боюнча, ошондой эле расмий жарыялоо менен билдирилет.
Кыргыз Республикасынын Президенти аскердик абалдын жарыяланышы жөнүндө Жарлыкты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары Жогорку Кеңеш) кароого тез арада киргизет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин аскердик абалды жарыялоо жөнүндө Жарлыгында төмөнкүлөр аныкталат:
- аскердик абалды жарыялоо үчүн негиз болгон кырдаалдар;
- аскердик абал жарыяланган учурдун датасы жана убакыты;
- аскердик абал жарыялануучу аймактын чектери;
- аскердик абалды белгилөө жана камсыз кылуу үчүн тартылуучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, күчтөр жана каражаттар;
- киргизилүүчү чаралардын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын ишмердигин убактылуу чектөө тизмелери.
Кыргыз Республикасынын Президентинин аскердик абалды жарыялоо жөнүндө Жарлыгын бекитүү тууралуу маселени Жогорку Кеңеш 24 сааттын ичинде карап чыгышы керек, ал эми Жогорку Кеңештин сессияларынын ортосундагы мезгилде - 72 сааттын ичинде.
Кыргыз Республикасынын Президентинин аскердик абалды жарыялоо жөнүндө Жарлыгын бекитүү тууралуу чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана өзүнчө токтом менен таризделет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилбеген Кыргыз Республикасынын Президентинин аскердик абалды жарыялоо жөнүндө Жарлыгы андай чечим кабыл алынган күндүн эртеси аракетин токтотот, ал жөнүндө Кыргыз Республикасынын же анын тиешелүү өзүнчө аймактарынын калкына, аскердик абалды жарыялоо жөнүндө кабардар кылынган тартипте эле жарыяланат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен аскердик абал киргизилгенде:
- Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши түзүлөт;
- Кыргыз Республикасынын облустарынын, шаарларынын жана райондорунун коргоо комитеттери түзүлөт;
- Кыргыз Республикасынын коргонууну жана коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгынын негизинде мамлекеттик органдардын функциялары жана ыйгарым укуктары кайрадан бөлүштүрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешин, облустарынын, шаарларынын жана райондорунун коргоо комитеттерин жоюу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт.
4-берене. Аскердик абалдын мезгили
Аскердик абалдын мезгили аскердик абал киргизилген учурдан башталат жана аскердик абал жокко чыгарылган учурдан баштап токтотулат.
Аскердик абал киргизилген аймактарда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскердик командачылыктын ыйгарым укуктары кеңейет, аларга коомдук тартипти коргоо жана камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик органдардын функциялары өтөт.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдар аскердик абал мезгилинде баскынчылыкка кайта сокку беришет, коомдук тартипти камсыз кылышат, жарандык жана аймактык коргоо боюнча иш чараларды, ошондой эле коргоо жаатындагы башка милдеттерди аткарышат.
5-берене. Аскердик абалды камсыз кылуу чаралары
Аскердик абал киргизилгенде төмөнкү чаралар колдонулат:
1) коомдук тартипти коргоону жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууну, аскердик, маанилүү мамлекеттик жана атайын объекттерди, калктын жашоо-турмушун, транспорттун жүрүшүн, коммуникацияларды жана байланышты камсыз кылуучу объекттерди, энергетика объекттерин, ошондой эле адамдардын жашоосуна жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө жогорку деңгээлдеги коркунуч алып келүүчү объекттерди коргоону күчөтүү;
2) транспорттун жүрүшүн, коммуникацияларды жана байланышты камсыз кылуучу объекттерди, энергетика объекттерин, ошондой эле адамдардын жашоосуна жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө жогорку деңгээлдеги коркунуч алып келүүчү объекттердин ишинин өзгөчө режимин киргизүү;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактардын согуш мезгилинин шарттарында ишке которулуусун камсыз кылуу, ошондой эле аймактык коргонууну уюштуруу, согуш мезгилинин шарттарында аракет кылууга калкты даярдоо боюнча иш чараларды аткаруу;
4) пропаганда жана (же) үгүттөөнү жүргүзгөн саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын ишин, ага тете эле согуш мезгилинин шарттарында Кыргыз Республикасынын коргонуусун жана коопсуздугун начарлатуучу башка иш аракеттерди чектөө же токтото туруу, ошондой эле демонстрацияларды, жыйналыштарды, митингдерди, жүрүштөрдү, иш таштоолорду өткөрүүгө тыюу салуу;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте коргоо муктаждыгы үчүн иштерге, душмандын курал колдонгондон келип чыккан кесепеттерин жоюу, экономиканын, жашоо-турмушту камсыз кылуу системасынын жана аскердик объекттердин бузулган (талкаланган) объекттерин калыбына келтирүүгө, ошондой эле өрткө, эпидемияга жана эпизоотияга каршы күрөшкө катышууга жарандарды тартуу;
6) калкты, чарбалык, социалдык жана маданий багыттагы объекттерди эвакуациялоо, жарандарды жашоо үчүн коркунучтуу райондордон туруктуу же убактылуу жашоо жайларын берүү менен көчүрүү;
7) жарандарга жайгашуу же жашаган жерди тандоого тыюу салуу же чектөө;
8) уюштуруу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактардын, билим берүү мекемелеринин, ошондой эле оюн-зоок жайларынын иш режимин белгилөө;
9) коргоо ишканаларынын, зарыл болгон учурда уюштуруу-укуктук формаларына карабастан башка юридикалык жактардын жумушчуларын өзүнүн каалоосу боюнча иштен бошотууга тыюу салуу;
10) уюштуруу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактарга коргоо продукциясын чыгаруу жана берүү боюнча милдеттүү талаптарды киргизүү;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте кийин компенсациялоо менен уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, эсептелген жылга карата мобилизациялык планы бар уюмдардан тышкары башка уюмдардан транспорт каражаттарын, курулмаларды, имараттарды, машиналарды, механизмдерди, радиоберүүчү түзүлүштөрдү, көбөйткүчтөрдү, электрондук-эсептегич техникасын, үн жазуучу аппаратураларды, байланыштын жана автоматташтырылган башкаруу системасынын техникалык каражаттарын, ок атуучу жана башка куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу жана химиялык заттарды, радиоактивдүү материалдарды, ошондой эле жабдууларын жана материалдык каражаттарын коргоо муктаждыктары үчүн алуу же убактылуу тартуу;
12) уюштуруу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактарга зарыл болгон учурда кызматкерлерди, алардын макулдугусуз, эмгек келишиминде каралбаган иштерге которууга уруксат берүү;
13) коменданттык кызматка транспорт каражаттарын токтотуу жана кароо, зарылчылыгына карата жарандардын жеке өздөрүн жана алардын буюмдарын кароо, жарандарды жана транспорт каражаттарын кармоо укугун берүү менен коменданттык саат киргизүү. Мында жарандардын ким экендигин аныктоо же алгачкы териштирүү органдарына же тергөө органдарына өткөрүп берүү үчүн аларды кармоо мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эки суткадан ашпоого тийиш;
14) байланыш, транспорт, басма сөз, телекөрсөтүү, эсептөө борборлору менен автоматташтырылган башкаруу системасынын ишканаларынын, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жалпы пайдалануудагы радио байланыштын ишине көзөмөл жүргүзүү. Жеке пайдалануудагы радио сүйүүчүлөрдүн үн-бергич-кабылдагыч радиостанцияларынын иштешине тыюу салуу;
15) почталык жөнөтүүлөргө, кат-кабарларга, телекоммуникация системасы аркылуу берилүүчү билдирүүлөргө аскердик цензураны киргизүү, ошондой эле телефон аркылуу сүйлөшүүлөргө көзөмөл жүргүзүү, цензура органдарын дайындоо жана алардын ыйгарым укуктарын аныктоо;
16) эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана нормаларына ылайык Кыргыз Республикасы менен согуш абалында болгон мамлекеттердин же аны менен союздаш мамлекеттердин жарандарын мажбурлап жайгаштыруу (обочолоп кармоо);
17) Кыргыз Республикасынын аймагы (же анын айрым райондору) боюнча чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жүрүшүнө, ошондой эле уюштуруу-укуктук формаларына карабастан коргоо продукциясын чыгарып жана берип жаткан юридикалык жактарга барышына тыюу салуу (чектөө);
18) жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чыгуусуна тыюу салуу же чектөө;
19) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, аскердик башкаруу органдарына, өзүнүн ишмердигин коргоо чөйрөсүндө ишке ашыруучу уюштуруу-укуктук формаларына жана менчик формасына карабастан юридикалык жактарга жашырындуулук режимин күчөтүүгө багытталган кошумча чараларды киргизүү;
20) курал-жарактарды, ок-дарыларды, жарылуучу жана уулуу заттарды, спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу, баңги зат жана башка күчтүү заттарды кармаган дары-дармектерди жана препараттарды пайдалануунун өзгөчө режимин белгилөө.
Ушул берененин биринчи бөлүгүнүн 15-пункту менен каралган чаралар Кыргыз Республикасына каршы агрессия болгон учурларда гана аскердик абал убагында колдонулушу мүмкүн.
Аскердик абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары менен мамлекеттин муктаждыктары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн камсыз кылуу жана калктын муктаждыктары үчүн продукцияларды (иштерди аткаруу, кызмат көрсөтүү) өндүрүү максатында экономикалык жана финансылык ишмердикти ишке ашырууга, мүлктү пайдаланууга, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана финансылык каражаттардын эркин орун которуштуруусуна, маалымат издөөгө, алууга, берүүгө, чыгарууга жана жайылтууга убактылуу чектөөлөрдү киргизүү менен байланышкан чаралар каралышы мүмкүн, эмгек ишмердигинин режими убактылуу өзгөртүлүшү жана финансылык, салыктык, бажылык жана банктык жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.
Ушул берененин биринчи бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары менен каралган чараларды колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары аскердик абал учурунда да, ошондой эле ал киргизилгенге чейин эле да кабыл алынышы мүмкүн.
6-берене. Аскердик абалды камсыз кылуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен аскер кызматы каралган мамлекеттик органдар төмөнкү милдеттерди аткаруу үчүн тартылат:
1) аскердик абал киргизилген аймакка кирүүнүн жана чыгуунун өзгөчө режимин сактоо, ошондой эле ал аймакта эркин жүрүүнү чектөө;
2) калкты сактоого жана эвакуациялоого катышуу, авариялык-сактоо жана башка күтүүсүз иштерди өткөрүүгө, өрткө, эпидемияга жана эпизоотияга каршы күрөшкө катышуу;
3) аскердик, маанилүү мамлекеттик жана атайын объекттерди, калктын жашоо-турмушун, транспорттун жүрүшүн, коммуникацияларды жана байланышты камсыз кылуучу объекттерди, энергетика объекттерин, ошондой эле адамдардын жашоосуна, ден соолугуна жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө жогорку деңгээлдеги коркунуч алып келүүчү объекттерди коргоо;
4) мыйзамсыз куралданган түзүмдөрдүн иш-аракетин, чалгындоо, террордук жана диверсиялык иш-аракеттерди токтотуу;
5) коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу;
6) аскердик абалды камсыз кылуу боюнча башка иш-чараларды өткөрүүгө катышуу.
7-берене. Аскердик абалды камсыз кылууда куралды, күжүрмөн техниканы, атайын каражаттарды, ошондой эле күч колдонуу
Аскердик абалды камсыз кылуу үчүн тартылган аскер кызматчыларына жана мамлекеттик органдардын кызматчыларына кызматтык милдеттерин аткарууда куралды, күжүрмөн техниканы, атайын каражаттарды, ошондой эле күч колдонууга укук берилет.
Аталган адамдар куралды, күжүрмөн техниканы, атайын каражаттарды, ошондой эле күч колдонууда келтирилген зыян коркунучтун мүнөзүнө жана даражасына туура келсе ал ар келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартышпайт.
Аскердик абалды камсыз кылуу үчүн тартылуучу аскер кызматчылары жана мамлекеттик органдардын кызматчылары төмөнкүлөрдө куралды, күжүрмөн техниканы, атайын каражаттарды, ошондой эле күч колдонууга укуктуу:
1) мамлекеттик жана аскердик объекттерге, жарандарга жана башка адамдарга кол салууга сокку берүү үчүн;
2) аскер кызматчыларынын жана мамлекеттик органдардын кызматчыларынын, ошондой эле жарандардын жана башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келген каршылыктарды болтурбоо үчүн;
3) курал, ок-дары, жарылуучу, химиялык же уулу заттарды алып жүргөн адамдарды төмөнкү учурларда кармоо үчүн:
- кылмыш кылып жаткан жеринде үстүнөн чыкса;
- аскер кызматчыларынын же мамлекеттик органдардын кызматчыларынын мыйзамдуу талаптарын аткарышпаса;
- аскер кызматчыларына же мамлекеттик органдардын кызматчыларына аларга жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоол кылышса;
4) корголуучу объекттерге жана аскерлердин жайгашуу жерлерине мыйзамсыз кирүү аракеттерин токтотуу үчүн;
5) барымтага кармалгандарды, басып алынган корголуучу объекттерди, курулмаларды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү бошотуу, ошондой эле жапырт тартип бузууларды жана коомдук тартипти топтолуп бузууларды болтурбоо үчүн;
6) айдоочусу мыйзамдуу талаптарды аткарбаган транспорт каражаттарын токтотуу үчүн;
7) коркунуч белгисин берүү же жардамга чакыруу үчүн;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка учурларда.
Ыйгарым укуктарын ашкере колдонуу менен куралды, күжүрмөн техниканы, атайын каражаттарды, ошондой эле күч колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.
8-берене. Коменданттык саат киргизүү
Аскердик абал шартында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, чалгындоо, диверсиялык жана башка укукка каршы иш аракеттерди болтурбоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен:
- коменданттык саат киргизилет;
- шаарлардын (райондордун) коменданттары дайындалат жана шаарлардын (райондордун) чектери такталат;
- коменданттык сааттын колдонулуу убактысы жана жарандардын укуктарынын, ошондой эле юридикалык жактардын ишмердигинин убактылуу чектөөлөрү көрсөтүлөт;
- аскердик командачылыктын (коменданттын) ыйгарым укуктары аныкталат;
- коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга тийиш болгон башка маселелер каралат.
Шаардын (райондун) коменданты өзүнүн чечими менен төмөнкүлөрдү аныктайт:
- коменданттык саатты сактоого тартылуучу күчтөрдү жана каражаттарды;
- кызмат өтөө тартибин;
- убактылуу кармалгандарды кармоо жерлерин;
- коменданттык саатты жана өз ара аракеттенүүнү уюштурууга тийиш болгон башка маселелерди.
Коменданттык саат убактысында жарандарга, анын ичинде чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү атайын берилген өткөрмөлөрү жана документтери жок, көчөдө жана башка коомдук жерлерде жүрүүгө, ошондой эле андай документтери жок, жашаган жеринен сырткары болууга тыюу салынат.
Ушул берененин үчүнчү бөлүгүндө каралган тартипти бузган адамдар аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат бүткөнгө чейин, ал эми жанында документтери жок болсо - ким экендигин аныктаганга чейин, эки суткадан ашык эмес кармалат; кармалгандардын жеке өздөрү, буюмдары жана транспорттук каражаттары каралат, алардан куралдар, ок-дарылар, жарылуучу, химиялык жана уулуу заттар, ошондой эле башка тыюу салынган буюмдар алынат.
9-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин аскердик абалды камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Президенти:
1) согуш аракеттерин жүргүзүүгө директиваны жана аскердик абалды, коменданттык саатты киргизүү жөнүндө жарлыктарды чыгарат;
2) Коргоо кеңешин, облустардын, райондордун жана шаарлардын коргоо комитеттерин түзөт;
3) аскердик абалды камсыз кылууну уюштурууну жалпы жетектейт;
4) аскердик абалды камсыз кылуу боюнча чараларды колдонууну контролдойт;
5) пропаганданы жана (же) үгүттөөнү жүргүзгөн саясий партиялардын, башка коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын ишин, ага тете эле аскердик абал шартында Кыргыз Республикасынын коргонуусуна жана коопсуздугуна тоскоол болгон башка иш аракеттерди токтотот;
6) аскердик абал учурунда аскердик кызмат өтөө тартибин аныктайт;
7) Кыргыз Республикасынын коргонуусуна жана коопсуздугуна тоскоол болуучу иш-аракеттерди чет мамлекеттик жана эл аралык уюмдар жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө такталган маалыматтарды укук коргоо органдары алганда, аскердик абал учурунда бул уюмдардын Кыргыз Республикасындагы иш-аракеттерин токтотот;
8) аскердик абал киргизилген аймакта транспорттун жүрүшүн, коммуникацияларды жана байланышты камсыз кылуучу объекттердин, энергетика объекттеринин, ошондой эле адамдардын жашоосуна, ден соолугуна жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө жогорку деңгээлдеги коркунуч алып келүүчү объектилердин өзгөчө иштөө режимин белгилейт;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскердик абалды камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башка ыйгарым укуктарды аткарат.
10-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин аскердик абалды камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши:
1) согуш жана тынчтык маселелерин чечет; аскердик абалды киргизет; согуш абалын жарыялайт; ушул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;
2) аскердик абал мезгилине өзгөчө мамлекеттик бюджет жөнүндө мыйзамды кабыл алат;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамында аныкталган тартипте эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскердик абалды камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башка ыйгарым укуктарды аткарат.
11-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аскердик абалды камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аскердик абалды камсыз кылуу боюнча ишмердүүлүгүн жетектейт;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана жарандардын муктаждыктарын канааттандырууга багытталган чаралардын аткарылышын камсыз кылат;
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өзгөчө мамлекеттик бюджетти берет жана анын аткарылышын камсыз кылат;
4) коргонууну камсыз кылуу үчүн продукцияларды өндүрүүнү (иш аткарууну, кызмат көрсөтүүнү) уюштурат;
5) аскердик абал мезгилинде мамлекеттин муктаждыктарын материалдык-техникалык, эмгек жана башка ресурстар менен камсыз кылуу боюнча иштерди уюштурат;
6) экономикалык жана финансылык ишмердикти ишке ашырууга, мүлктүү пайдаланууга, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана финансылык каражаттардын эркин орун которуштуруусуна, маалымат издөөгө, алууга, берүүгө, чыгарууга жана жайылтууга убактылуу чектөөлөрдү белгилейт; эмгек ишмердүүлүгүнүн режимин убактылуу өзгөртөт жана финансылык, салык, бажы жана банктык жөнгө салууларынын өзгөчөлүктөрүн белгилейт;
7) баскынчылык кылган мамлекет (мамлекеттердин тобу) менен эл аралык келишимдерди денонсациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берет.
8) Кыргыз Республикасынын аймагына жарандардын кирүүсүнө (аймагынан чыгуусуна) тыюуларды жана чектөөлөрдү белгилейт;
9) аймактык жана жарандык коргонууну жетектейт;
10) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин компетенциясына киргизилген ыйгарым укуктардан башка аскердик абалды камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды аткарат.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын коргонуусун жана коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентине аскердик абалдын колдонулуу мезгилинде мамлекеттик органдарынын түзүмдөрү жөнүндө (коргоо, улуттук коопсуздук, ички жана тышкы иштер маселелерин тескегендерди кошпогондо) сунуштарын берет.
12-берене. Кошумча түзүлүүчү согуш мезгилинин мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңеши согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жетектөөнүн жогорку органы болуп эсептелет, аны Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы жетектейт.
Коргоо Кеңешинин курамы жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Жобо менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын буйруктары жана директивалары түрүндө таризделген Коргоо Кеңешинин чечимдери Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын облустарынын, шаарларынын жана райондорунун коргоо комитеттери өздөрүнүн аймагында ушул конституциялык Мыйзамдын 5-беренесинде каралган, 4, 13, 15, 16, 17-пункттарынан тышкары, аскердик абалды камсыз кылуу боюнча чараларды колдонуу укугуна ээ болот.
13-статья. Аскер командачылыгынын ыйгарым укуктары
Аскер командачылыгына аскердик иш-аракеттер жүргүзүлүп же жайылтылып жаткан жерлерде аскердик абалды камсыз кылуу максатында ушул конституциялык Мыйзамдын 5-беренесинин 1, 3, 5, 7, 11, 13-пункттарында каралган чараларды колдонуу укуктары берилет. Мындан тышкары аскер командачылыгына төмөнкү укуктар берилет:
1) юридикалык жактарды алардын уюштуруу-укуктук формаларына карабастан эвакуациялоого, ошондой эле калкты согуштук аракеттер болуучу зоналардан көчүрүүгө;
2) оор кылмыштары үчүн соттолгон адамдарды жана тергөөдөгү жана административдик көзөмөлдөгү адамдарды, кийин аскер иш-аракеттери жүргүзүлбөгөн аймактарына жайгаштыруу менен көчүрүүгө;
3) аскердик бөлүктөрдү жана мекемелерди турак-жай менен камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жана юридикалык жактардын турак-жайларды берүү милдеттерин белгилөөгө;
4) жалпы колдонуудагы транспорт, соода-сатык жана коомдук тамактануу ишканаларынын, турмуш-тиричилик, кампа жана коммуналдык чарбанын иштөөсүн, алардын уюштуруу-укуктук формаларына карабастан жөнгө салууга, калкка жана уюмдарга азык-түлүк жана өнөржай товарларын берүүнүн нормаларын жана тартибин (нормаланган камсыздоо) белгилөөгө;
5) коргоо курулмаларын колдонуунун тартибин белгилөөгө;
6) карантин жана башка санитардык-эпидемияга каршы иш чараларды өткөрүүгө;
7) тийиштүү коргонуу комитеттери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюштуруу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде токтомдорду жана буйруктарды чыгарууга жана жалпыга маалымдоо үчүн жарыялоого, ошондой эле алардын аткарылышына контролдук кылууга;
8) бул берененин 7-пунктунда каралган токтомдорду жана буйруктарды аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдарына жана жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти белгилөөгө.
14-берене. Аскердик абал шарттарында териштирүү жана сот өндүрүшү
Аскердик абал убагында жасалган кылмыштар жөнүндөгү иштер боюнча териштирүү жана сот өндүрүшү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
15-берене. Аскердик абал шарттарында прокурордук көзөмөл
Аскердик абал убагында согуш мезгилинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аткаруу бийлик органдары тарабынан ченемдик укуктук актылардын аткарылышын прокурордук көзөмөлгө алуу Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Мыйзамдарды бузууну тез арада жоюуну талап кылган өзгөчө кырдаалдарда прокурор каршылыктарды жана көрсөтмөлөрдү кароонун кыскартылган мөөнөтүн белгилөөгө укуктуу. Алгачкы тергөө органдары каршылыктарды жана көрсөтмөлөрдү кароонун жыйынтыктары жөнүндө тез арада жазуу түрүндө прокурорго билдиришет.
16-берене. Аскердик абал убагындагы жарандардын милдеттери
Жарандар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул конституциялык Мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актылардын аскердик абал маселелери боюнча талаптарын аткарууга милдеттүү.
Аскердик абал киргизилген аймактагы жарандар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген аскердик абалды камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын, алардын кызмат адамдарынын талаптарын аткарууга жана аларга жардам көрсөтүүгө;
2) жашаган жери боюнча аскердик башкаруу органдарына жана мамлекеттик органдарга чакыруу боюнча келүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте коргонуу мүнөзүндөгү иштерге, душмандын курал колдонуусунун кесепеттерин жоюуга, бузулган жана кыйраган экономика объекттерин жана аскердик объекттерди, калктын турмуш-тиричилигин камсыз кылган системаларды калыбына келтирүү иштерине, ошондой эле өрткө, эпидемияларга, эпизоотияларга каршы күрөшкө катышууга;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте кийин компенсациялоо менен аларда болгон мүлктү коргонуу муктаждыгы үчүн керек болгондо берүүгө;
5) Бул конституциялык Мыйзамга ылайык мамлекеттик органдар тарабынан аларга жүктөлгөн башка милдеттерди аткарууга.
17-берене. Аскердик абал убагындагы уюмдардын милдеттери
Аскердик абал киргизилген аймактагы уюмдар аскердик абалды камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын, алардын кызмат адамдарынын талаптарын аткарууга жана аларга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Аскердик абал убагында уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте кийин компенсациялоо менен аларда болгон мүлктү коргонуу муктаждыгы үчүн керек болгондо берүүгө;
2) келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын коргонуусун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында мамлекеттин тапшырмаларын (заказдарын) биринчи кезекте аткарууга;
3) Бул конституциялык Мыйзамга ылайык мамлекеттик органдар тарабынан аларга жүктөлгөн башка милдеттерди аткарууга.
18-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын жоболорун сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул конституциялык Мыйзамдын жоболорун, Кыргыз Республикасынын аскердик абал маселелери боюнча башка мыйзамдарын жана нормативдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн, ошондой эле аскердик абал убагында кылган кылмыштары үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
19-берене. Мыйзамдарды өзгөртүү, референдумдар жана шайлоолор
Аскердик абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алууга же Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алууга жана киргизүүгө жол берилбейт.
Аскердик абал убагында референдумдарды, шайлоолорду, жыйналыштарды, митингдерди, демонстрацияларды, жүрүштөрдү жана пикетке чыгууларды өткөрүүгө жол берилбейт.
20-берене. Аскердик абалды алып салуу
Ушул конституциялык Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына же анын өзүнчө аймактарына киргизилген аскердик абал аны киргизүү үчүн негиз болгон кырдаалдар жоюлгандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан алынып салынат, ал жөнүндө Кыргыз Республикасынын же анын тиешелүү региондорунун калкына, аскердик абалды жарыялоо жөнүндө кабардар кылынган тартипте эле жарыяланат.
Аскердик абал алынып салынган учурдан баштап, аскердик абалды камсыз кылуу үчүн кабыл алынган нормативдик укуктук актылар, аларды чыгарган органдар тарабынан жокко чыгарылат.
Аскердик абал алынып салынган учурдан баштап мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аскердик башкаруу органдары аскердик абалды камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген тартипте токтотот.
21-берене. Аскердик абалды киргизүү жана аны алып салуу жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмуна кабарлоо
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына же анын өзүнчө аймактарына аскердик абал киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында аскердик абал киргизилгендигине жана жарандардын укуктары жана эркиндиктери чектелгендигине байланыштуу эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелеринен Кыргыз Республикасы четтегендиги тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына (ал эми ал аркылуу Бириккен Улуттар Уюмунун мүчө мамлекеттерине) кабарлоо боюнча чараларды көрөт.
Кыргыз Республикасынын Президенти аскердик абал алынып салынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасы эл аралык келишимдер боюнча өзүлөрүнүн милдеттенмелерин кайта түзгөндүгү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына (ал эми ал аркылуу Бириккен Улуттар Уюмунун мүчө мамлекеттерине) кабарлоо боюнча чараларды көрөт.
22-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап 1998-жылдын 30-сентябрындагы N 126 "Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн нормативдик актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|