Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 1-июлу № 591
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Талас шаардык, Нарын, Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык, Нарын, Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Талас шаардык, Нарын, Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Талас шаардык, Нарын, Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-июлундагы № 591 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Талас облусу | ||||
Талас шаары | ||||
1 | Талас шаардык | Жылдызова Анара Бектурсунова (№ 9) ("Аманат" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 29, 29.06.2021-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
2 | Сары-Ой айылдык | Кошалиев Бакытбек Сейтекович | Депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка кызматка өтүшү | № 53 29.06.2021-ж. |
3 | Дөбөлү айылдык | Бектемиров Авас Турдубаевич | Депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка кызматка өтүшү | № 54 29.06.2021-ж. |
4 | Кара-Кужур айылдык | Рысбек уулу Дамир | Депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка кызматка өтүшү | № 55 29.06.2021-ж. |
5 | Казан-Куйган айылдык | Мамбеткулов Чынгыз Майрамбекович | Депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка кызматка өтүшү | № 56 29.06.2021-ж. |
6 | Достук айылдык | Өмүрканов Кубанычбек Жумагулович | Өз арызы | № 57 29.06.2021-ж. |
Талас облусу | ||||
Кара-Буура району | ||||
7 | Маймак айылдык | Ниязалиева Алима Бакузеевна | Депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка кызматка өтүшү | № 30, 24.06.2021-ж. |
8 | Көк-Сай айылдык | Стамкулов Болот Музулумович | Депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка кызматка өтүшү | № 29, 24.06.2021-ж. |
9 | Аманбаев айылдык | Зулумбек уулу Анарбек | Депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка кызматка өтүшү | № 31, 24.06.2021-ж. |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-июлундагы № 591 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Талас облусу | ||||
Кара-Буура району | ||||
1 | Маймак айылдык | Абашев Алмаз Эркинбекович | Өз арызы | № 28, 24.06.2021-ж. |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-июлундагы № 591 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Талас облусу | ||||
Талас шаары | ||||
1 | Талас шаардык | Тууганбаев Жаныбек Бактыбекович (№ 10) ("Аманат" с/п) | ЖЧК Талас Дамы директорунун басары | № 30, 29.06.2021-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
2 | Сары-Ой айылдык | Токтосун уулу Калдыбай | Дыйкан чарбанын мүчөсү | № 53, 29.06.2021-ж. |
3 | Дөбөлү айылдык | Богачаев Уланбек Кубанычбекович | Салкын Төр паркында токой башчы | № 54, 29.06.2021-ж. |
4 | Кара-Кужур айылдык | Сулайманбеков Улар Сулайманбекович | Кара-Кужур айылынын жайыт комитетинин бухгалтери | № 55, 29.06.2021-ж. |
5 | Казан-Куйган айылдык | Талипов Бектур Темрбекович | Жеке ветеринар | № 56, 29.06.2021-ж. |
6 | Достук айылдык | Абдыжапаров Адилет Жолочуев | Ат-Башы ГЭСинде машинист | № 57, 29.06.2021-ж. |
Талас облусу | ||||
Кара-Буура району | ||||
7 | Маймак айылдык | Талапкерлер калбай калгандыгына байланыштуу, мандат кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат. |
|
|
8 | Көк-Сай айылдык | Нарбеков Эрмек Орозбаевич | Транспорnтук инспекцияда инспектор болуп иштейт | № 29, 24.06.2021-ж. |
9 | Аманбаев айылдык | Джуманалиев Алихан Чоткараевич | Убактылуу бош | № 31, 24.06.2021-ж. |