Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-июлундагы № 592 токтому менен бекитилген |
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун УСТАВЫ
(КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 29-январындагы № 2, 2024-жылдын 5-июлундагы № 77, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 77 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (мындан ары - Жарандык билим берүү борбору) жарандардын, шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын) укуктук маданиятын көтөрүү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутуу жаатындагы иштерди уюштуруу, координациялоо жана камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан уюштурулган.
(КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 77 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жарандык билим берүү борборунун уюштуруучусу болуп саналат.
3. Жарандык билим берүү борбору коммерциялык эмес уюм, уюштуруучулук-укуктук формасында "мекеме" болуп саналат.
4. Жарандык билим берүү борбору юридикалык жак болуп саналат, өзүнчө баланска ээ, банк мекемелеринде учурдагы, эсептик жана башка эсептерди ача алат, төгөрөк герб түшүрүлгөн мөөрү, бурчтук штампы, фирмалык аталыштагы жана башка реквизити бар өзүнүн штамптары, мөөрлөрү, бланктары болот.
5. Борбордук толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: - "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору";
- расмий тилде: - "Центр гражданского образования и избирательных технологий Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики".
Борбордун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: - "Жарандык билим берүү борбору" мекемеси;
- расмий тилде: - учреждение "Центр гражданского образования".
6. Жарандык билим берүү борборунун мүлкү негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле башка мүлктөр жана материалдык баалуулуктар болуп саналат. Мүлккө, ошондой бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынгандарга карата Жарандык билим берүү борбору ыкчам башкаруу укугун ишке ашырат.
Ыкчам башкаруу укугунда Жарандык билим берүү борборунун пайдалануусунда турган мүлктүн эч бир бөлүгү Борбордук шайлоо комиссиясынын макулдугусуз ээликтен чыгарылууга же башка уюмдун же юридикалык жана жеке жактын ээлигине, пайдалануусуна же болбосо тескөөсүнө берилүүгө тийиш эмес.
7. Жарандык билим берүү борбору Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине Жарандык билим берүү борборунун карамагына кирген маселелер боюнча көмөктөшөт, ошондой эле жалпы, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде эркин, атаандаштыктагы, мезгилдүү шайлоолорду жана демократиялуу референдумдарды өткөрүүгө көмөктөшөт.
8. Өзүнүн ишинде Борбор Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
(КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 77 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Борбор билим берүүнүн мамлекеттик системасына кирбейт. Борборго билим берүү тууралуу мыйзамдар жайылтылбайт.
10. Жарандык билим берүү борборунун ишин контролдоону жана мониторинг жүргүзүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы ишке ашырат.
11. Борбордун юридикалык дареги: 720011, Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 50.
2. Жарандык билим берүүнүн негизги милдеттери жана функциялары
12. Жарандык билим берүү борборунун негизги милдеттери төмөндөгүлөр болуп саналат:
1) жарандарды, шайлоочуларды (референдумдун катышуучуларын), саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин, шайлануучу органга талапкерлердин өкүлдөрүн, алардын ишенимдүү адамдарын, байкоочуларды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана башка адамдарды укуктук жактан окутуу;
2) жарандардын, ардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын окууларын уюштуруу;
3) Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын пландарын эске алуу менен Кыргыз Республикасында шайлоо технологияларына мониторинг жүргүзүү жана өркүндөтүү.
Борбордун иштери Кыргыз Республикасынын калкынын бардык социалдык катмарына жана курактык тобуна багытталган.
13. Алдыга коюлган максаттарына жетишүү жана негизги функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн Жарандык билим берүү борбору төмөндөгү функцияларды ишке ашырат:
- шайлоо комиссиялары, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, партиялар жана кыймылдар, өкмөттүк эмес уюмдар, илимий, агартуу жана билим берүү уюмдары, жалпыга маалымдоо каражаттары менен келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде, анын ичинде тике көп тараптуу жана эки тараптуу байланыштарды түзүү жолу менен өз ара аракеттенет;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде шайлоо укуктары жана шайлоо процесси менен байланышкан маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка уюмдарга жана мекемелерге көмөктөшөт;
- кызыктар уюмдар жана мекемелер менен бирге калктын ар түрдүү катмарларын шайлоо укугунун жана шайлоо процессинин негиздерине окутууну, ошондой эле шайлоого жана референдумга байланышкан олимпиадаларды, конкурстарды, викториналарды жана башка иш-чараларды өткөрүүнү уюштурат;
- калк менен массалык агартуу иштерин жүргүзүү үчүн шайлоо укугу жана шайлоо процесси маселелери боюнча маалыматтык, окуу-усулдук, илимий популярдуу материалдарды жана башка адабияттарды иштеп чыгууну, басып чыгарууну жана таркатууну камсыз кылат;
- ар түрдүү формаларда шайлоону жана референдумду даярдоону жана өткөрүүнү уюштурууну өркүндөтүү боюнча иш-чараларды (семинарларды, конференцияларды, лекцияларды, тренингдерди, аудио- жана видеоматериалдарды түзүүнү ж.б.) уюштурат;
- шайлоону өткөрүү жана ага катышуу, ошондой эле укук колдонуу практикасы маселелери боюнча консультациялык жана маалыматтык, эксперттик кызматтарды көрсөтөт, жарандарды, талапкерлерди, алардын ишенимдүү адамдарын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, байкоочуларды, шайлоочуларды, жалпыга маалымдоо каражаттарын окутууну уюштурат;
- шайлоо укугу жана шайлоо процесси жаатында социологиялык изилдөөлөрдү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук маданиятын көтөрүү боюнча иш тажрыйбасын жалпылаштырат жана жайылтат;
- үгүт өнөктүгүн жүргүзүүнүн, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутуунун ата мекендик жана чет элдик тажрыйбасын иликтейт, алдынкы тажрыйбаларды колдонуу боюнча сунуштарды даярдайт;
- шайлоо укугун жана шайлоо процессин өркүндөтүү жаатында маалыматтык жана аналитикалык материалдарды даярдайт;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын планында каралган иш-чараларды даярдоого жана уюштурууга катышат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр менен иштиктүү байланышты түзөт жана кызматташууну ишке ашырат
- шайлоо системасынын кесипкөй кадрларын даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;
- калкты жана шайлоо системасынын катышуучуларынын тийиштүү категорияларын укуктук агартууну уюштурат;
- шайлоо жана референдум жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоого катышат;
- шайлоо процессинин маселелери боюнча соттук талаш-тартыштарга жана сот практикасына мониторинг жүргүзөт;
- шайлоо алдындагы иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт;
- шайлоону жана референдумду уюштуруучулар жана катышуучулар үчүн окуу өткөрөт жана консалтингдик кызматтарды көрсөтөт;
- жаңы билим берүү жана маалыматтык технологияларды ишке киргизүү менен билим берүү процессин өркүндөтүүгө, Борбордун материалдык-техникалык базасын чыңдоого көмөктөшөт;
- шайлоо технологияларын өркүндөтүүгө багытталган техникалык сунуштарды талдоого жана иштеп чыгууга, көмөк көрсөтөт;
- шайлоо технологияларын өркүндөтүүгө багытталган программалык продуктыларды иштеп чыгат жана маалыматтык системаларга жана мобилдик тиркемелерге техникалык колдоо көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык маалыматтык системаларда маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык окуу жайлары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет элдик, менен билим берүү маселелери боюнча иштиктүү байланышты жана өз ара аракеттенүүнү түзөт;
- шайлоо мыйзамдарына, ушул Уставга ылайык башка иштерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштерди жүзөгө ашырат.
(КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 29-январындагы № 2, 2024-жылдын 5-июлундагы № 77 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Жарандык билим берүү борборунун ыйгарым укуктары
14. Борбор өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөндөгүлөргө укуктуу:
- жеке мүлктүк эмес укуктарды алуу үчүн мүлктүк укуктарды, алар боюнча милдеттенмелерди алып жүрүүнү ишке ашырат;
- өзүнүн атынан келишимдерди, макулдашууларды жана контракттарды түзөт, өзүнүн милдеттенмелери боюнча жооптуу болот;
- сот органдарында доочу жана жооп берүүчү катары кызыкчылыктарды алып жүрөт;
- Жарандык билим берүү борборунун функцияларын жана милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон аналитикалык жана статистикалык материалдарды жана башка маалыматтарды мамлекеттик башкаруу органдарынан, башка уюмдардан жана мекемелерден суратат жана белгиленген тартипте акысыз алат;
- зарыл маалыматтык-презентациялык материалдардын, видиофильмдердин, картографикалык иштердин жана маалымат адабияттарынын тапшырыкчысы катары чыгат;
- Борбордук шайлоо комиссиясы үчүн кызыкчылык жараткан ченемдик-укуктук жана башка маалыматтарды топтоону жана талдоону ишке ашырат;
- белгиленген тартипте иштөө үчүн кесипкөй даярдыгы бар персоналдарды, анын ичинде чет элдик консультанттарды ишке тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келбеген иштерди жана иштердин башка түрлөрүн белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;
- Борбордук шайлоо комиссиясы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында окутуу-билим берүү борборлорун түзөт;
- колдонуудагы мыйзамдарда тыюу салынбаган Кыргыз Республикасында алдыңкы шайлоо технологияларын даярдоого, иштеп чыгууга, киргизүүгө жана колдонууга багытталган башка иштерди жүзөгө ашырат.
(КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 29-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жарандык билим берүү борборунун уюштуруу түзүмү
15. Жарандык билим берүү борборунаБорбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетекчилик кылат.
16. Жарандык билим берүү борборунун директору:
- Жарандык билим берүү борборунун ишин уюштурат;
- Жарандык билим берүү борборунун функцияларын жана милдеттерин аткаруу үчүн жеке жоопкерчиликти алып жүрөт;
- Жарандык билим берүү борборунун мүлкүнүн сакталышын камсыз кылат;
- Жарандык билим берүү борборунун банк мекемелериндеги учурдагы, эсептик жана башка эсептерин ачат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлүүчү окуу-билим берүү борбору жөнүндө жобону бекитет;
- өзүнүн компетенциясынын чектеринде келишимдерди, макулдашууларды, контракттарды түзөт жана Жарандык билим берүү борборунун атынан ишеним каттарды берет;
- Жарандык билим берүү борборунун уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы менен макулдашуу боюнча бекитет жана өзгөртөт;
- Жарандык билим берүү борборунун кызматкерлерин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы менен макулдашуу боюнча эмгек келишими боюнча кабыл алат жана иштен бошотот.
- Жарандык билим берүү борборунун компетенциясынын чектеринде буйруктарды чыгарат;
- Жарандык билим берүү борборунун финансылык документтерине кол коет;
- Жарандык билим берүү борборунун компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өз ара мамиледе Жарандык билим берүү борборунун атынан чыгат;
- Жарандык билим берүү борборунун атынан аракеттенүүгө жана анын каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу;
- ушул Уставга ылайык Жарандык билим берүү борборун башкаруу боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 29-январындагы № 2, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 77 токтомдорунун редакциясына ылайык)
17. Жарандык билим берүү борборунун директору жок болуп калган учурда директордун милдетин Жарандык билим берүү борборунун директору ыйгарым укук берген адам аткарат.
18. Жарандык билим берүү борборунун ыйгарым укуктары башка мамлекеттик башкаруу органдарына жана уюмдарга берилиши мүмкүн эмес.
5. Жарандык билим берүү борборунун каражаттарын түзүү булактары
19. Төмөндөгүлөр Жарандык билим берүү борборунун каражаттарын түзүү булагы болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде ал үчүн каралган акча каражаттары;
- белгиленген тартипте ага пайдалануу укугуна берилген, ошондой эле жеке каражаттарынын эсебинен сатып алынган мүлк;
- шайлоо технологияларынын маселелери боюнча консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүнүн эсебинен алынган каражаттар;
- жарнак, маалыматтык, маалымдама жана башка материалдарды сатуунун эсебинен алынган каражаттар;
- тийиштүү программаларды жана долбоорлорду даярдоодон жана сатуудан алынган каражаттар;
- конференцияларды, семинарларды, "тегерек столдорду", презентацияларды өткөрүүнүн эсебинен алынган каражаттар;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк демөөрчүлөрдөн, эл аралык уюмдардан түшкөн гранттар, кредиттер жана башка түшүүлөр;
- юридикалык жана жеке жактардын максаттуу которуулары, төгүмдөрү жана башка жардамдары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган Жарандык билим берүү борборунун иштеринин кирешелери жана башка түшүүлөрү.
(КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 77 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Жарандык билим берүү борборунун иштеринин бардык кирешелери жана түшүүлөрү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын тескөөсүндө калган башка финансылык каражаттар ушул Уставда каралган максаттарды жана милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн жумшалат.
21. Жарандык билим берүү борборунун долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруудан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка финансылык-чарбалык иштердин түрүнөн алган кирешелери, ошондой эле алынган кирешелердин эсебинен сатып алынган мүлкү Жарандык билим берүү борборунун өз алдынча тескөөсүнө келип түшөт, өзүнчө баланста эсепке алынат жана ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жана милдеттерге чыгымдалат.
Жарандык билим берүү борборунун долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруудан, башка финансылык-чарбалык иштердин түрүнөн алган кирешелери, ошондой эле алынган кирешелердин эсебинен сатып алынган мүлкү Борбордук шайлоо комиссиясынын макулдугусуз ээликтен чыгарылууга же башка уюмдун же юридикалык жана жеке жактын ээлигине, пайдалануусуна же болбосо тескөөсүнө берилүүгө тийиш эмес.
(КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 29-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Башка жоболор
22. Финансылык-чарбалык тартипти сактоосун текшерүүнү кошуп алганда Жарандык билим берүү борборунун ишин контролдоо мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Жарандык билим берүү борбору жыл сайын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат, бюджеттик жана бюджеттен тышкары каржылоо булактары жана алардын сарпталышы тууралуу отчет берет.
(КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 77 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Жарандык билим берүү борборун кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык ишке ашырылат.
24. Жарандык билим берүү борборунун иши токтотулган учурда анын иштеп турганда түзүлгөн документтери Кыргыз Республикасынын архивдик фондусу жөнүндө мыйзамга ылайык сакталат.
25. Жарандык билим берүү борборунун Уставы Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилет.
26. Ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же болбосо аны жаңы редакцияда кабыл алуу төраганын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен кабыл алынат жана мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик кайра катталуудан өтүүгө жатат.