Редакцияот 16.01.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 16-январы №18

Курагы боюнча жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн мөөнөтүнөн мурда пенсияга төлөнгөн суммаларды жоюу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-1 жана 12-1-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Курагы боюнча жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн мөөнөтүнөн мурда пенсияга төлөнгөн суммаларды жоюу тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна белгиленген тартипте аталган Жобону колдонуу боюнча түшүндүрүү жана уюштуруу иштерин жүргүзүүнү камсыздоо сунушталсын.

3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов