Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-январындагы №18 токтому менен бекитилген |
Курагы боюнча жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн мөөнөтүнөн мурда пенсияга төлөнгөн суммаларды жоюу тартиби жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Курагы боюнча жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн мөөнөтүнөн
мурда пенсияга чыгуу менен байланышкан төлөнгөн пенсиянын
суммасын жоюу тартиби
III. Пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыкканына байланыштуу жоюу
суммасынын отчету жана эсеби
1. Бул Жобо "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 9-1 жана 12-1-статьяларына ылайык иштелип чыккан.
2. Жобо Мыйзамдын 9-1 жана 12-1-статьяларына ылайык курагы боюнча жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн мөөнөтүнөн мурда пенсияга төлөнгөн каражаттарды жоюу тартибин жөнгө салат.
3. Курагы боюнча жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн мөөнөтүнөн мурда пенсияга төлөнгөн каражаттарды жоюу пенсионерлердин төмөнкү категорияларына жүргүзүлөт:
- жалпы негиздерде курагы боюнча пенсия чектөө үчүн талап кылынган стажга караганда дагы 10 жылдан ашык камсыздандыруу иш стажы бар курагы боюнча мөөнөтүнөн мурда пенсия чектелген адамдарга;
- пенсия чектөө үчүн талап кылынган стажга караганда дагы 5 жылдан ашык камсыздандыруу иш стажы бар, анын ичинде кеминде жарымы жеңилдетилген шарттарга туура келген учурда жеңилдетилген шарттарда курагы боюнча мөөнөтүнөн мурда пенсия чектелген адамдарга;
- эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия чектөө үчүн талап кылынган стаждан дагы 5 жылдан ашык камсыздандыруу иш стажы бар, анын ичинде кеминде жарымы жеңилдетилген шарттарга туура келген эмгектин өзгөчө шарттары үчүн курагы боюнча мөөнөтүнөн мурда пенсия чектелген адамдарга.
4. Бул Жобонун 3-пунктунда каралган курагы боюнча жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн мөөнөтүнөн мурда пенсиялар тиешелүү негиздер боюнча пенсияга укук берүүчү куракка адамдын жетишине чейин ар бир ай үчүн 1,5 пайызга пенсиянын өлчөмүн азайтуу менен Мыйзамдын 22-статьясында белгиленген тартипте эсептелет.
5. Белгиленген өлчөмдө пенсия төлөө тиешелүү негиздер боюнча каралган пенсияга чыгуу курагына жеткенге чейин жүргүзүлөт.
6. Тиешелүү негиздер боюнча каралган пенсияга чыгуу курагына мөөнөтүнөн мурда чектелген пенсияга жеткен адам мөөнөтүнөн мурда пенсияга төлөнгөн сумманы толук жойгонго чейин пенсиянын өлчөмүн азайтуу менен ушул Мыйзамдын 22-статьясына ылайык пенсиянын өлчөмү кайра каралат.
7. Мөөнөтүнөн мурда пенсиянын төлөнгөн суммасы мөөнөтүнөн мурда пенсияны чектеген күндөн тартып жалпы жана жеңилдетилген негиздерде пенсияга укугу пайда болгон күнгө чейинки мезгилде жоюлууга тийиш.
8. Жоюунун суммасын эсептөө төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- электр энергиясы үчүн үстөктөрдү жана компенсациялык төлөмдөрдү эсепке албастан мөөнөтүнөн мурда пенсиянын өлчөмү аныкталат;
- мөөнөтүнөн мурда пенсия чектелген күндөн баштап жалпы белгиленген шарттарда укугу пайда болгонго чейинки мезгил үчүн төлөнгөн мөөнөтүнөн мурда пенсиянын суммасы аныкталат;
- төмөнкүдөй формула боюнча эсептелүүчү ай сайын жоюунун өлчөмү аныкталат:
ОТӨ = ТП * 0Д : 12, мында:
ОТӨ - ордун толтуруунун ар айлык өлчөмү;
ТП - мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн пенсиянын жалпы суммасы;
0,1 - учурдагы жылга мөөнөтүнөн мурда пенсиянын бардык түрлөрүн эсептөө үчүн кабыл алынуучу бирдиктүү коэффициент (10 жылдын ичинде жоюунун суммасын бөлүштүрүү өлчөмүнө туура келет);
12 - жылдагы айлардын саны.
9. Пенсиянын толук өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык жүргүзүлгөн пенсияларды жогорулатууларды эске алуу менен "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясына ылайык аныкталат.
10. Жалпы жана жеңилдетилген негиздерде жалпы белгиленген куракка жеткенден кийин төлөнө турган пенсиянын өлчөмү чектелген толук пенсиянын өлчөмүнүн жана ушул Жобонун 8-пунктуна ылайык эсептелген ай сайын кармалуучу сумманын айырмасы катары аныкталат.
11. Пенсияны кайра эсептөө жүргүзүүдө кармап калуунун өлчөмү кайра каралбайт жана кайра эсептелген пенсиянын өлчөмүнөн ошол эле өлчөмдө кармалат.
12. Кармап калуу менен пенсияны төлөө мөөнөтүнөн мурда пенсияны төлөө суммасын толук жойгонго чейин жүргүзүлөт. Мөөнөтүнөн мурда пенсияга төлөнгөн бардык сумма толук жоюлгандан кийин пенсияны андан ары төлөө толук өлчөмдө жүргүзүлөт.
13. Кары-картаңдар жана майыптар үчүн үй-интернаттарда (пансионаттарда) жашашкан, тергөө изоляторлорунда жана түзөтүү мекемелеринде жазаларды өтөп жатышкан пенсионерлердин төлөнүүчү пенсияларынын камсыздандыруу бөлүгүнөн белгиленген тартипте кармап калуулар жүргүзүлөт.
14. Мөөнөтүнөн мурда пенсияга төлөнгөн суммалар пенсионер Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткен учурда кайра орду толтурулууга тийиш эмес. Пенсионер Кыргыз Республикасына кайра кайтып келген учурда мөөнөтүнөн мурда пенсияга төлөнгөн сумма толугу менен жоюлганга чейин пенсиясынан кармап калуулар жүргүзүлөт.
15. Пенсионер каза болгон учурда төлөнгөн мөөнөтүнөн мурда пенсиянын суммасынын орду кайра толтурулбайт.
16. Пенсионер өз каалоосу боюнча белгиленген мөөнөтүнөн мурда курагы боюнча жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн мөөнөтүнөн мурда телөнгөн сумманы ыктыярдуу жоюу укугуна ээ.
17. Курагы боюнча мөөнөтүнөн мурда пенсия дайындоо жөнүндө арыз анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 токтому менен бекитилген Жер астындагы жумуштарда, эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштарда иштегендиги үчүн жеңилдетилген шартта курагы боюнча пенсия алууга укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызмат орундары менен көрсөткүчтөрдүн № 1 тизмеси боюнча, ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар, көп балалуу энелер, бала кезинен майып болгондордун энелери бардык тиешелүү документтер менен бирге белгиленген тартипте жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органына берилет.
Жеңилдетилген шарттарда мөөнөтүнөн мурда пенсия дайындоо жөнүндө арыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы 298 токтому менен бекитилген Эмгек шарттары оор жана зыяндуу өндүрүштердүн, жумуштардын, кесиптердин, кызмат орундары менен көрсөткүчтөрдүн № 2 тизмеси боюнча текстиль өндүрүштөрүнүн кызматкерлерине, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн граждандык авиациянын инженердик-техникалык курамына жана диспетчерлерине бардык керектүү документтер менен бирге жеңилдетилген шарттарда же эмгектин өзгөчө шарттарында иштеген жери боюнча белгиленген тартипте берилет.
18. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун райондук жана шаардык башкармалыктары тарабынан:
- пенсиянын өлчөмү азайтылуу менен мөөнөтүнөн мурда чектелген пенсияларга;
- пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыккандыгына байланыштуу пенсионерлерге иш жүзүндө төлөнгөн ордун толтуруунун суммаларына эсеп жүргүзүлөт.