Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-марты № 32
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сүлүктү, Нарын, Ысык-Ата, Каракол жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Сүлүктү, Нарын, Ысык-Ата, Каракол жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү, Нарын, Ысык-Ата, Каракол жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Сүлүктү, Нарын, Ысык-Ата, Каракол жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Сүлүктү, Нарын, Ысык-Ата, Каракол жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиялары 2-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 22-мартындагы № 32 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
1 | Сүлүктү шаардык | Сатторов Руфат Исроилович (№ 8) ("Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясы) | Өз арызы | № 2, 16.03.2022-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
2 | Дөбөлү айылдык | Богачиев Уланбек Кубанычбекович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 3, 14.03.2022-ж. |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
3 | Узун-Кыр айылдык | Сыйналапов Бекмурат Кубанычбекович | Өз арызы | № 03, 9.03.2022-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
4 | Каракол шаардык | Асангулов Азамат Айтбекович (№ 4) ("Бирге-Вместе" депутаттык фракциясы) | Өз арызы | № 1, 17.03.2022-ж. |
Ак-Суу району | ||||
5 | Ак-Булуң айылдык | Шабданбеков Айбек Омуракунович | Өз арызы | № 3, 17.03.2022-ж. |
6 | Алышбаев Мекен Дуйшенбекович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 3, 17.03.2022-ж. | |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 22-мартындагы № 32 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
1 | Сүлүктү шаардык | Жайнаков Руслан Мажитович (№ 10) ("Өнүгүү-Прогресс" с.п) | Баткен мамлекеттик университетинин алдындагы Сүлүктү гуманитардык экономикалык институту, окутуучу | № 2, 16.03.2022-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
2 | Дөбөлү айылдык | Шеримбаев Нурбек Шабданбекович | Дыйкан чарба | № 3, 14.03.2022-ж. |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
3 | Узун-Кыр айылдык | Акынов Айдар-Бек Муратбекович | ЖК "Риха" таразачы | № 03, 09.03.2022-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
4 | Каракол шаардык | Акматов Адилет Кубанычбекович (№ 10) ("Бирге-Вместе" с.п.) | Убактылуу иштебейт | № 1, 17.03.2022-ж. |
Ак-Суу району | ||||
5 | Ак-Булуң айылдык | Омуракунова Жамила Мелисовна | Убактылуу иштебейт | № 4, 17.03.2022-ж. |
6 | Таштандиев Кайратбек Өмурбекович | Убактылуу иштебейт | № 4, 17.03.2022-ж | |