Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2022-жылдын 18-апрели № 43
2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2022-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 31 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Таш-Көмүр шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 11 шайлоо участок түзүлгөн.
Шайлоочулардын тизмесине 24889 шайлоочу киргизилген.
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 3 саясий партия катталган: "Жаштар", "Ынтымак", "Ата-Журт Кыргызстан".
Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясы 11 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорунун негизинде Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктады.
Добуш берүүгө жалпысынан 7703 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 30,95% түзөт.
Таш-Көмүр шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 3 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 7 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: "Жаштар" - 3493 добуш (45,34%) - 14 мандат; "Ынтымак" - 1126 добуш (14,61%) - 5 мандат; "Ата-Журт Кыргызстан" - 2966 добуш (38,50%) - 12 мандат.
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясына 4 арыз жана даттануу келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды. Кабыл алынган чечимдерге даттануулар келип түшкөн жок.
Арыздар жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында - https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-vyborah-deputatov-nekotoryh-mestnyh даттануулар жана арыздар реестринде жайгаштырылган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясына жана Таш-Көмүр шаардык кеңешине жиберилсин.
4. Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 43 токтомуна тиркеме |
2022-жылдын 10-апрели
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр шаары
Таш-көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө ПРОТОКОЛУ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо
I. 2022-жылдын 10-апрелиндеги Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын (Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблицалар тиркелет).
II. Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди. № 1 таблица түрүндө сунушталат.
№ 1 таблица
№ | Саясий партиянын аталышы | Саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны (төмөндөө тартибинде) | % |
1 | "Жаштар" саясий партиясы | 3493 | 45,34% |
2 | "Ынтымак" саясий партиясы | 1126 | 14,61% |
3 | "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясы | 2966 | 38,50% |
| "Талапкерлердин баардык тизмелерине каршы" позициясы үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны | 75 | 0,97% |
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды:
№ 2 таблица
1 | Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын аталышы | ||
| 1. "Жаштар" саясий партиясы 2. "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясы 3. "Ынтымак" саясий партиясы | ||
2 | "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттардын төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшүн Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясы аныктады: | ||
№ | Саясий партиянын аталышы | Депутаттык мандаттын саны | |
1 | "Жаштар" саясий партиясы | 14 | |
2 | "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясы | 12 | |
3 | "Ынтымак" саясий партиясы | 5 | |
3 | "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесиндеги ар бир шайланган депутаттарды Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясы аныктады: | ||
№ | Саясий партиянын аталышы | № | Депутаттын фамилиясы, аты, атасынын аты |
1 | "ЖАШТАР" саясий партиясы | 1 | Кудайбердиев Сагынбек Токтосунович |
2 | Сыдыков Кенжебек Бакасович | ||
3 | Чолпонкулова Гульназ Жыналиевна | ||
4 | Арстанбеков Мирзалбек Боронбаевич | ||
5 | Абдумомунов Нуралы Оросбекович | ||
6 | Сыдыкова Астра Анаркуловна | ||
7 | Арстанбеков Асылбек Ёмъркулович | ||
8 | Малабеков Талайбек Ыманбекович | ||
9 | Сапаралиева Миргъл Асановна | ||
10 | Мырзаканов Самат Кылычбекович | ||
11 | Шоруков Асылбек Акбаралыевич | ||
12 | Субанова Аида Нарынбековна | ||
13 | Садыров Данияр Маматкаримович | ||
14 | Садырбаев Нуралы Анарбекович | ||
2 | "АТА ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН" саясий партиясы | 15 | Тултаев Марат Абдузакирович |
16 | Ажыканов Жумабек Алымжанович | ||
17 | Абидова Жылдыз Исраиловна | ||
18 | Мырзакматов Нургазы Орозбаевич | ||
19 | Бабатаев Сманжан Самарбекович | ||
20 | Чаргынова Сабиракан Туралыевна | ||
21 | Овазбеков Адилет Овазбекович | ||
22 | Жумагулов Нурбек Жумагулович | ||
23 | Конкобаева Гульмира Каримовна | ||
24 | Отунчиев Талайнур Ахмаджанович | ||
25 | Джумашев Азамат Сатаркулович | ||
26 | Курманкулова Жылдызкан Тургуналиевна | ||
3 | "ЫНТЫМАК" саясий партиясы | 27 | Дуйшенов Канат Райымбекович |
28 | Ормонов Раимбек Базарбекович | ||
29 | Токтомамбетова Жамилякан Сакибаевна | ||
30 | Султаналиев Жыргалбек | ||
31 | Доронкулов Айбек Маматисакович | ||
Протокол 2022-жылдын 14-апрелинде 18 саат 30 мүнөттө түзүлдү.
Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колтамгалары:
Төрагасы |
| Т.Тургунбаев |
Катчысы |
| Б.Дуйшебаева |
Мүчөлөрү: |
| Г.Аширова |
|
| С.Шаматов |
|
| А.Эгизбаева |
|
| Б.Айдаркулов |
|
| Е.Юрченко |
|
| М.Турдубаева |
|
| Р.Турдиева |
|
| К.Суеркулов |
|
| У.Кулибаев |
|
| М.Доронкулова |