Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2022-жылдын 18-апрели № 45
2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2022-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 31 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 16 шайлоо участок түзүлгөн.
Шайлоочулардын тизмесине 30968 шайлоочу киргизилген.
Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 6 саясий партия катталган: "Ишеним", "Күчтүү Коом - Сильное Общество", "Социал-демократтар", "Ыйман-Нуру", "Альянс", "ЭлАман".
Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы 16 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары туралуу протоколдорунун негизинде Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктады.
Добуш берүүгө жалпысынан 10926 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 35,28% түзөт.
Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 6 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 7 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: "Ишеним" - 2591 добуш (23,66%) - 8 мандат; "Күчтүү Коом - Сильное Общество" - 2160 добуш (19,72%) - 6 мандат; "Социал-демократтар" - 1856 добуш (16,95%) - 5 мандат; "Ыйман-Нуру" - 1563 добуш (14,27%) - 5 мандат; "Альянс" - 1529 добуш (13,96%) - 4 мандат; "ЭлАман" - 993 добуш (9,7%) - 3 мандат.
Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына 4 арыз жана даттануу келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды. Кабыл алынган чечимдерге даттануулар келип түшкөн жок.
Арыздар жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында - https://shailoo.gov.kg/kg/reestr-zhalob-i-narushenij-na-vyborah-deputatov-nekotoryh-mestnyh даттануулар жана арыздар реестринде жайгаштырылган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 13-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жана Кара-Балта шаардык кеңешине жиберилсин.
4. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 45 токтомуна тиркеме |
2022-жылдын 10-апрели
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
Чүй облусу, Жайыл району, Кара-Балта шаары
Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө ПРОТОКОЛУ
Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо
I. 2022-жылдын 10-апрелиндеги Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын (Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблицалар тиркелет).
II. Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди. № 1 таблица түрүндө сунушталат.
№ 1 таблица
№ | Саясий партиянын аталышы | Саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны (төмөндөө тартибинде) | % | |
1 | "ЫЙМАН-НУРУ" СП | 1563 | 14,27% |
|
2 | "КУЧТУУ КООМ - СИЛЬНОЕ ОБЩЕСТВО" СП | 2160 | 19,72% |
|
3 | "ИШЕНИМ" СП | 2591 | 23,66% |
|
4 | "ЭЛАМАН" СП | 993 | 9,7% |
|
5 | "СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТТАР" | 1856 | 16,95% |
|
6 | "АЛЬЯНС" СП | 1529 | 13,96% |
|
7 | "Талапкерлердин баардык тизмелерине каршы" позициясы үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны | 161 | 1,47% |
|
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды:
№ 2 таблица
1 | Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын аталышы | ||
| 1. "ЫЙМАН-НУРУ" СП 2. "КУЧТУУ КООМ - СИЛЬНОЕ ОБЩЕСТВО" СП 3. "ИШЕНИМ" СП 4. "ЭЛАМАН" СП 5. "СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТТАР" СП 6. "АЛЬЯНС" СП | ||
2 | "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттардын төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшүн Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы аныктады: | ||
№ | Саясий партиянын аталышы | Депутаттык мандаттын саны | |
1 | "ЫЙМАН-НУРУ" СП | 5 | |
2 | "КУЧТУУ КООМ - СИЛЬНОЕ ОБЩЕСТВО" | 6 | |
3 | "ИШЕНИМ" СП | 8 | |
4 | "ЭЛАМАН" СП | 3 | |
5 | "СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТТАР" | 5 | |
6 | "АЛЬЯНС" СП | 4 | |
3 | "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесиндеги ар бир шайланган депутаттарды Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы аныктады: | ||
№ | Саясий партиянын аталышы | № | Депутаттын фамилиясы, аты, атасынын аты |
1 | "ЫЙМАН-НУРУ" СП | 1 | Сатыбалдиев Айбек Рахатбекович |
2 | Мурадылов Рустам Асанович | ||
3 | Шыгаева Наргиза Асылбековна | ||
4 | Бутобаев Шамшидин Закиржанович | ||
5 | Алыбаев Кенжебек Мадылбекович | ||
2 | "КУЧТУУ КООМ - СИЛЬНОЕ ОБЩЕСТВО" СП | 1 | Макишев Нурпаис Эсенбекович |
2 | Байышбаев Абдусамат Сайпидинович | ||
3 | Жапакова Нуржан Масалбековна | ||
4 | Асаналиев Аскат Уланбекович | ||
5 | Джетыбаева Айгуль Алымкуловна | ||
6 | Бекболотова Зарыл Кенжеевна | ||
3 | "ИШЕНИМ" СП | 1 | Ачакеева Аида Бейшембиевна |
2 | Абышов Эржан Ковланович | ||
3 | Сарсембаев Галым Арипжанович | ||
4 | Джуматаева Айсулуу Дуйшенбековна | ||
5 | Болотбеков Данияр Болотбекович | ||
6 | Рыскулбек уулу Нурмат | ||
7 | Шашко Ирина Васильевна | ||
8 | Айткожоев Эмир Чолпонкулович | ||
4 | "ЭЛАМАН" СП | 1 | Ажыматов Азамат Темирканович |
2 | Суюмбаев Мирбек Бектурович | ||
3 | Билялова Алмазханум Башировна | ||
5 | "СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТТАР" СП | 1 | Байсариев Арсен Руусланович |
2 | Дуйшенбиев Рустам Аширсултанович | ||
3 | Ладожинская Надежда Ивановна | ||
4 | Аманов Азим Галидинович | ||
5 | Ниязов Адилет Анарбекович | ||
6 | "АЛЬЯНС" СП | 1 | Дуйшеналиев Мирбек Кубанычбекович |
2 | Айтыкулов Урмат Калыбекович | ||
3 | Тыналиева Наргиза Маратовна | ||
4 | Кадыркулов Адилет Адылбекович | ||
Протокол 2022-жылдын 13-апрелинде 18 саат 45 мүнөттө түзүлдү.
Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колтамгалары:
Төрага: |
| Т.Бешкемпирова |
Катчы: |
| Р.Ноорузбаева |
Мүчөлөр: |
| Н.Сегизбаев |
|
| А.Рыскулова |
|
| З.Токсобаева |
|
| Л.Шейшенова |
|
| Н.Сатаев |
|
| А.Максатбеков |
|
| Г.Омурзакова |
|
| Г.Дубанаева |
|
| Г.Урмолдоева |