Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2022-жылдын 18-апрели № 48
2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2022-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 31 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө 1 шайлоо округу түзүлүп, 3 шайлоо участкасы уюштурулган. Шайлоочулардын тизмесине 3015 шайлоочу киргизилген.
Кажы-Сай айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны 11, анын ичинен 4 мандат аялдар үчүн резервделинген. 26 талапкер катталган, анын ичинде 11 аял.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясы 3 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоонун натыйжасын аныктаган.
Добуш берүүгө жалпысынан 951 шайлоочу катышып 31,54%ды түздү. 11 депутат шайланды, анын ичинен 4 депутат аял.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде арыз жана даттануулар түшкөн жок.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 13-апрелиндеги Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Тоң аймактык шайлоо комиссиясына жана Кажы-Сай айылдык кеңешине жиберилсин.
4. Тоң аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө Кажы-Сай айылдык кеңешинин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 48 токтомуна тиркеме |
2022-жылдын 10-апрели
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө ПРОТОКОЛ
Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо
I. 2022-жылдын 10-апрелинде Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын (Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблица тиркелет).
II. Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди жана №1 таблица түрүндө сунушталат.
№ 1 таблица
11 мандаттуу № 1 Кажы-Сай шайлоо округу боюнча
№ | Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты | Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны (төмөндөө тартибинде) | |
1 | Акунов Ильич Талдыбекович | 369 | |
2 | Кожоева Бактыгул Орунбасаровна | 364 | |
3 | Байгазиева Чынара Байгазиевна | 309 | |
4 | Темирбеков Кубан Темирбекович | 292 | |
5 | Шералиев Саламат Таалайбекович | 288 | |
6 | Усубалиева Тинатин Мадийевна | 277 | |
7 | Балкыбеков Асан Мелисович | 220 | |
8 | Жусупбек уулу Жаныбек | 220 | |
9 | Ишентуров Темирлан Элмирбекович | 202 | |
10 | Мусаев Талайбек Казыевич | 198 | |
11 | Каратаева Гульмира Качкыновна | 193 | |
12 | Кулубеков Урматбек Талайбекович | 190 | |
13 | Стамкулова Гульнара Калыбековна | 188 | |
14 | Иманкожоев Акылбек Асанович | 186 | |
15 | Бектуров Руслан Кыдыкович | 175 | |
16 | Курманов Айтбек Койчуманович | 168 | |
17 | Ибраева Роза Ниязакуновна | 160 | |
18 | Аликова Нургул Асановна | 146 | |
19 | Каныбеков Нургазы Каныбекович | 143 | |
20 | Муктаров Улан Абасканович | 110 | |
21 | Темиров Адис Темирович | 107 | |
22 | Жобасарова Кымбат Билалиевна | 92 | |
23 | Нарынбаева Бурмажан Каракеевна | 90 | |
24 | Каирова Айнагуль Мусаевна | 77 | |
25 | Токтосунов Жыргалгелди Асанкожоевич | 74 | |
26 | Термечикова Жыпар Кудаяровна | 71 | |
27 | "Бардыгына каршы" | 3 |
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды:
1) Аял талапкер үчүн резервде калтырылган мандаттар боюнча Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттары болуп шайланды (№ 2 таблица)
№ 2 таблица
11 мандаттуу № 1 Кажы-Сай шайлоо округу боюнча
№ | Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты | Шайлоочулардын талапкер үчүн берген добуштарынын саны (төмөндөө тартибинде) | |
1 | Кожоева Бактыгул Орунбасаровна | 364 | |
2 | Байгазиева Чынара Байгазиевна | 309 | |
3 | Усубалиева Тинатин Мадийевна | 277 | |
4 | Каратаева Гульмира Качкыновна | 193 |
2) Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттары болуп көп добуштарды алган талапкерлер шайланды (№ 3 таблица)
№ 3 таблица
11 мандаттуу № 1 Кажы-Сай шайлоо округу боюнча
№ | Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты | Шайлоочулардын талапкер үчүн берген добуштарынын саны (төмөндөө тартибинде) | |
1 | Акунов Ильич Талдыбекович | 369 | |
2 | Темирбеков Кубан Темирбекович | 292 | |
3 | Шералиев Саламат Таалайбекович | 288 | |
4 | Балкыбеков Асан Мелисович | 220 | |
5 | Жусупбек уулу Жаныбек | 220 | |
6 | Ишентуров Темирлан Элмирбекович | 202 | |
7 | Мусаев Талайбек Казыевич | 198 |
Протокол 2022-жылдын 13-апрелинде 18 саат 50 мүнөттө түзүлдү.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колтамгалары
Төрагасы: |
| Абдыкеримов Р.С. |
Катчысы: |
| Урмамбетов Д.К. |
Мүчөлөр: |
| Жаналиева М.К. |
|
| Айбек кызы А. |
|
| Асаналиев Ж. |
|
| Бейшекеев А. |
|
| Качкынова Н.С. |
|
| Закиров А.С. |
|
| Турусбеков М.К. |
|
| Чойтонбаев Б. |
|
| Байзакова Б. |
|
| Эгембердиева М. |