Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2022-жылдын 18-апрели № 49
2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2022-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 31 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө 1 шайлоо округу түзүлүп, 1 шайлоо участкасы уюштурулган. Шайлоочулардын тизмесин 2248 шайлоочу киргизилген.
Тоголок-Молдо айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны 11, анын ичинен 4 мандат аялдар үчүн резервделинген. 14 талапкер катталган, анын ичинде 6 аял.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы 1 участкалык шайлоо комиссиясынан добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколунун негизинде Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоонун натыйжасын аныктаган.
Добуш берүүгө жалпысынан 739 шайлоочу катышып 32,87%ды түздү. 11 депутат шайланды, анын ичинен 5 депутат аял.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде арыз жана даттануулар түшкөн жок.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 13-апрелиндеги Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясына жана Тоголок-Молдо айылдык кеңешине жиберилсин.
4. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 18-апрелиндеги № 49 токтомуна тиркеме |
2022-жылдын 10-апрели
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө ПРОТОКОЛ
Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо
I. 2022-жылдын 10-апрели Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын (Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблицалар тиркелет).
II. Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди жана № 1.2.3 таблица түрүндө сунушталат.
№ 1 таблица
Кара-Ой 11 мандаттуу шайлоо округ боюнча
№ | Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты | Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны (төмөндөө тартибинде) | |
1 | Сапарбаева Асел Жолочиевна | 601 |
|
2 | Жолдошбек уулу Аттокур | 510 |
|
3 | Абдыласов Бекназар Асанбекович | 468 |
|
4 | Кадырбек уулу Урмат | 454 |
|
5 | Султанова Салтанат Абдыкалыковна | 378 |
|
6 | Мамбеталиева Бактыгүл Мамбеталиевна | 369 |
|
7 | Жымыева Жыпаркүл Турдубековна | 367 |
|
8 | Исмаилова Назгүл Карыбековна | 329 |
|
9 | Мамбетов Амантур Сапарбекович | 278 |
|
10 | Турганбаев Жыргалбай Камытович | 273 |
|
11 | Акматов Нарынбек Жумагазиевич | 230 |
|
12 | Саргожоев Бактыбек Нурдинович | 203 |
|
13 | Кулубаев Алтыбай | 191 |
|
14 | Шакенова Мария Тынчтыкбековна | 163 |
|
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды:
1) Аял талапкер үчүн резервде калтырылган мандаттар боюнча Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттары болуп шайланды (№ 2 таблица)
№ 2 таблица
11 мандаттуу Кара-Ой шайлоо округу боюнча
№ | Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты | Шайлоочулардын талапкер үчүн берген добуштарынын саны (төмөндөө тартибинде) | |
1 | Сапарбаева Асел Жолочиевна | 601 |
|
2 | Султанова Салтанат Абдыкалыковна | 378 |
|
3 | Мамбеталиева Бактыгүл Мамбеталиевна | 369 |
|
4 | Жымыева Жыпаркүл Турдубековна | 367 |
|
2) Шайлоонун натыйжалары боюнча Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттары болуп төмөнкү талапкерлер шайланды (№ 3 таблица)
№ 3 таблица
11 мандаттуу Кара-Ой шайлоо округу боюнча
№ | Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты | Шайлоочулардын талапкер үчүн берген добуштарынын саны (төмөндөө тартибинде) | |
1 | Жолдошбек уулу Аттокур | 510 |
|
2 | Абдыласов Бекназар Асанбекович | 468 |
|
3 | Кадырбек уулу Урмат | 454 |
|
4 | Исмаилова Назгүл Карыбековна | 329 |
|
5 | Мамбетов Амантур Сапарбекович | 278 |
|
6 | Турганбаев Жыргалбай Камытович | 273 |
|
7 | Акматов Нарынбек Жумагазиевич | 230 |
|
Протокол 2022-жылдын 13-апрелинде 18 саат 25 мүнөттө түзүлдү.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кол тамгалары:
Төрага м.о. | ___________________ | Б.Байышбеков |
Катчы | ___________________ | А.Илебаева |
Мүчөлөрү: | ___________________ | Э.Багышов |
| ___________________ | К.Шыгаев |
| ___________________ | А.Секиев |
| ___________________ | С.Матаева |
| ___________________ | Ж.Арпачиева |
| ___________________ | А.Узакбаева |
| ___________________ | К.Даниярова |
| ___________________ | Кубат уулу М. |
| ___________________ | А.Рысалиева |
| ___________________ | И.Бирманбетова |