Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2022-жылдын 18-апрели № 56
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Суу, Ак-Суу, Түп, Ак-Талаа, Манас, Токтогул, Аламүдүн, Чүй, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Кара-Суу, Ак-Суу, Түп, Ак-Талаа, Манас, Токтогул, Аламүдүн, Чүй, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу, Ак-Суу, Түп, Ак-Талаа, Манас, Токтогул, Аламүдүн, Чүй, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Кара-Суу, Ак-Суу, Түп, Ак-Талаа, Манас, Токтогул, Чүй, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Кара-Суу, Ак-Суу, Түп, Ак-Талаа, Манас, Токтогул, Чүй, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 56 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
1 | Мады айылдык | Абасов Нурсултан Мамасалиев | Өз арызы | № 8, 10.04.2022-ж |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
2 | Октябрь айылдык | Бектуров Жаныбек Бектурович | Өз арызы | № 5, 14.04.2022-ж. |
Түп району | ||||
3 | Ак-Булак айылдык | Ботоев Таалайбек Кычыевич | Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 37/1, 18.06.2021-ж. |
4 | Тогуз-Булак айылдык | Бектурсунов Джайлебай Касымович | Өз арызы | № 5, 28.03.2022-ж. |
5 | Түп айылдык | Байтокова Назгуль Керимовна | Өз арызы | № 7, 05.04.2022-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
6 | Баетов айылдык | Капарбек уулу Билимбек | Өз арызы | № 80, 8.04.2022-ж. |
7 | Абышбаев Руслан Качкынбекович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү | ||
Талас облусу | ||||
Манас району | ||||
8 | Покровка айылдык | Календаров Айдин Калыбаевич | Өз арызы | № 4, 11.04.2022-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
9 | Кетмен-Дөбө айылдык | Сманов Төрагазы Бабанович | Өз арызы | № 24, 5.04.2022-ж. |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
10 | Ленин айылдык | Аралбаева Рыскуль Сагыналиевна | Жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу | № 5, 15.03.2022-ж. |
Чүй району | ||||
11 | Ак-Бешим айылдык | Азизов Аскарбек Медетбекович | Өз арызы | № 107, 11.04.2022-ж. |
12 | Нурбекова Назгул Эмилбековна | Өз арызы | № 107, 11.04.2022-ж. | |
Ысык-Ата району | ||||
13 | Жээк айылдык | Рашидов Исмаил Камалович | Өз арызы | № 4, 12.04.2022-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 56 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
1 | Октябрь айылдык | Каныбек уулу Алымбек | Жеке арызы | № 6, 14.04.2022-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 56 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
1 | Мады айылдык | Абдисаламов Нурбакыт Абдирашидович | Убактылуу иштебейт | № 8, 10.04.2022-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
2 | Октябрь айылдык | Ирсалиева Эльвира Кенешбековна | "Ынтымак - Үч Кайнар" бала бакчасы, жетекчи | № 6, 14.04.2022-ж. |
Түп району | ||||
3 | Ак-Булак айылдык | Иманкулов Малик Керимбекович | Дыйкан чарба | № 6, 28.03.2022-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
4 | Баетов айылдык | Аскарбеков Азамат | Жеке ишкер | № 80, 8.04.2022-ж |
5 | Жолдубаев Нурбек Тилекбекович | Баетов айылында социалдык фонд жетектөөчү адис | ||
Талас облусу | ||||
Манас району | ||||
6 | Покровка айылдык | Акматжанов Нуржан Акматжанович | "Нуржан" дыйкан чарбанын мүчөсү | № 5, 12.04.2022-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
7 | Кетмен-Дөбө айылдык | Рысбек кызы Самара | Токтогул району Чоң-Арык айылында социалдык кызматкер | № 25, 5.04.2022-ж. |
Чүй облусу | ||||
Чүй району | ||||
8 | Ак-Бешим айылдык | Дуйшенова Жибек Суюнбековна | Ветеринар дарыгер | № 107, 11.04.2022-ж. |
9 | Байсубанова Асел Жешеновна | Жетектөөчү адис | № 107, 11.04.2022-ж. | |
Ысык-Ата району | ||||
10 | Жээк айылдык | Ахмедов Рафик Рустобекович | Мурап | № 4, 12.04.2022-ж. |