Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2022-жылдын 8-апрели № 38
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аксы, Токтогул, Сокулук жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Аксы, Токтогул, Сокулук жана Жайыл аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксы, Токтогул, Сокулук жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Аксы, Токтогул, Сокулук жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Аксы, Токтогул, Сокулук жана Жайыл аймактык шайлоо комиссиялары 2-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 38 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
1 | Жаңы-Жол айылдык кеңеши | Кочкорбаев Эламан Жапарович | Өз арызы | № 8, 22.03.2022-ж. |
Токтогул району | ||||
2 | Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши | Ажыбаев Айбек Өмүржанович | Өз арызы | № 17, 15.03.2022-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
3 | Новопавловка айылдык кеңеши | Кадыркулов Токтобек Маматжанович | Өз арызы | № 05, 30.03.2022-ж. |
4 | Төш-Булак айылдык кеңеши | Баяке уулу Болоткан | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 04, 30.03.2022-ж. |
Жайыл району | ||||
5 | Талды-Булак айылдык кеңеши | Каныбек уулу Тимур | Өз арызы | № 04, 22.03.2022-ж. |
6 | Жайыл айылдык кеңеши | Мамаев Замирбек Дакимович | Өз арызы | № 09, 22.03.2022-ж. |
7 | Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеши | Свистуленко Вячеслав Сергеевич | Өз арызы | № 10, 24.03.2022-ж. |
8 | Дуйшенбай уулу Тилек | Өз арызы | ||
9 | Ромазанов Рамис Сагитович | Өз арызы | ||
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 38 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
1 | Жаңы-Жол айылдык кеңеши | Калганбеков Кумарбек Темирбекович | Жеке ишкер | № 8, 22.03.2022-ж. |
Токтогул району | ||||
2 | Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши | Бердигулов Махаратбек | Жайыт пайдалануучулар бирикмеси, эсепчи | № 18, 15.03.2022-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
3 | Новопавловка айылдык кеңеши | Алыбаев Самат Нурланбекович | Убактылуу иштебейт | № 05, 30.03.2022-ж. |
4 | Төш-Булак айылдык кеңеши | Джавчалышев Уран Шакирбекович | Убактылуу иштебей | № 04, 30.03.2022-ж. |
Жайыл району | ||||
5 | Талды-Булак айылдык кеңеши | Медербек уулу Адилет | Убактылуу иштебей | № 04, 22.03.2022-ж. |
6 | Жайыл айылдык кеңеши | Кудайбергенов Калыс Шаршенбекович | Айдоочу | № 09, 22.03.2022-ж. |
7 | Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеши | Удайчиев Расулбек Акушович | Убактылуу иштебей | № 10, 24.03.2022-ж. |
8 | Ысабеков Канатбек Алмасбекович | Техник | ||
9 | Табылдиев Уланбек Табылдиевич | Убактылуу иштебей | ||