Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-январы № 24
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы департаментин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгына өзгөртүп түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы №224 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери" жөнүндө Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы департаменти Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгына өзгөртүп түзүлсүн.
2. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 75 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |