Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-январы №25
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы айылдык округдардын калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги №249 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата, Көк-Жар, Гүлстан, Жаңы-Ноокат жана Мирмахмудов айылдык округдарынын аймактарында жайгашкан айыл тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 20 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Ош облусунун Ноокат районунун 210,31 га жерин, анын ичинде Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 196,5 га жерин жана Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке менчик укугунда таандык 13,81 га жерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына тиркемеге ылайык которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке менчик укугунда таандык аянты 8,11 га жер үлүш айдоону Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине белгиленген тартипте алмашууну жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну;
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Ноокат районунун Кыргыз-Ата, Көк-Жар, Гүлстан, Жаңы-Ноокат, Төөлөс жана Мирмахмудов айылдык округдарынын аймагында жайгашкан айылдык калктуу конуштарынын чегараларын белгиленген тартипте бекитүүнү.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги №249 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-январындагы №25 токтомуна тиркеме |
Айылдык кеңештин аталышы | Которулуучу аянт, гектар менен | Которулган аянт: | |||||
бардыгы | анын ичинде: | жеке турак жай куруу үчүн | башка жерлерге | ||||
сугат айдоо | көп жылдык өсүмдүктөр | чабынды | мелиора циялык даярдоо стадиясындагы жерлер | ||||
1 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
Кыргыз-Ата анын ичинде: мамлекеттик менчик жеке менчик | 26,08 12,27 13,81 | 18,28 10,17 8,11 | 2,1 2,1 | 5,7 5,70 |
| 3,58 3,58 | 22,5 8,69 13,81 |
Көк-Жар | 99,23 | 49,43 |
|
| 49,8 | 99,23 |
|
Мирмахмудов | 12,0 | 12,0 |
|
|
| 12,0 |
|
Гүлстан танский | 5,0 | 5,0 |
|
|
| 5,0 |
|
Жаңы-Ноокат | 13,0 | 13,0 |
|
|
| 13,0 |
|
Төөлөс | 55,0 | 55,0 |
|
|
| 55,0 |
|
Район боюнча бардыгы | 210, 31 | 152,71 | 2,1 | 5,7 | 49,8 | 187,81 | 22,5 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
И. Исмаилов |