Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2022-жылдын 8-июну № 60
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Сокулук, Аламүдүн, Панфилов, Базар-Коргон, Ноокат, Жумгал жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиядан катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук, Аламүдүн, Панфилов, Базар-Коргон, Ноокат жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Сокулук, Аламүдүн, Панфилов, Базар-Коргон, Ноокат, Жумгал жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиядан катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Сокулук, Аламүдүн, Панфилов, Базар-Коргон, Ноокат, Жумгал жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары 2-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 8-июнундагы № 60 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
1 | Новопавловка айылдык | Абуладзе Иброхим Халилович | Өз арызы | № 9, 17.05.2022-ж. |
2 | Военно-Антоновка айылдык | Мурзакматов Нурболот Сапарбекович | Өз арызы | № 10, 06.06.2022-ж. |
Аламүдүн району | ||||
3 | Төмөнкү-Аларча айылдык | Акаев Суеркул Султанович | Өз арызы | № 9, 19.05.2022-ж. |
4 | Маевка айылдык | Мунарбек уулу Максат | Өз арызы | № 10, 27.05.2022-ж. |
Панфилов району | ||||
5 | Фрунзе айылдык | Голенкова Жанна Сатывалдиевна | Өз арызы | № 13, 20.05.2022-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
6 | Базар-Коргон шаардык | Конурбаев Жусупбек Сыдыкович (№ 2) ("Өнүгүү-Прогресс" деп. фракция) | Өз арызы | № 4, 27.05.2022-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
7 | Мирмахмудов айылдык | Абдулхакимов Иброхимжон Тойчубаевич | Өз арызы | № 2, 31.05.2022-ж. |
Нарын облусу | ||||
Жумгал району | ||||
8 | Чаек айылдык | Бийсеев Надырбек | Өз арызы | № 59, 30.05.2022-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 8-июнундагы № 60 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
1 | Новопавловка айылдык | Омуров Орозбек Омурович | Убактылуу иштебейт | № 9, 17.05.2022-ж. |
2 | Военно-Антоновка айылдык | Туйбаев Руслан Сапарбекович | Комплекс-лицейдин директору | № 10, 06.06.2022-ж. |
Аламүдүн району | ||||
3 | Төмөнкү-Аларча айылдык | Сооронкулов Мелисбек Сейдимухамбетович | Инженер | № 9, 19.05.2022-ж. |
Панфилов району | ||||
4 | Фрунзе айылдык | Рысмандиева Жашыкуль Куанычпековна | Мугалим | № 14, 20.05.2022-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
5 | Базар-Коргон шаардык | Мажиев Нурсеит Тойчубекович (№ 5) ("Онугуу-Прогресс" саясий партиясы) | Жеке ишкер | № 4, 27.05.2022-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
6 | Мирмахмудов айылдык | Хусанов Абдукарим Халматханович | Пенсионер | № 2, 31.05.2022-ж. |
Нарын облусу | ||||
Жумгал району | ||||
7 | Чаек айылдык | Борбушалиев Амантур Шакиралиевич | "Чыгышэлектро" АК Нарын филиалынын башчысы | № 59, 30.05.2022-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
8 | Тогуз-Булак айылдык | Табалдиев Акылбек Ниязович | Дыйкан чарба | № 10, 31.05.2022-ж. |
9 | Түп айылдык | Алымжанова Венера Дюшакиновна | Ысык-Көл облустук өнүгүү фонду | № 9, 27.05.2022-ж. |