Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2022-жылдын 10-августу № 72
2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы ПЖ № 280 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 10-августундагы № 72 токтому менен бекитилген |
2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын
КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ
| Шайлоо күнү – жекшемби 2022-жылдын 9-октябры |
№ | Иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар | |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына (мындан ары - ЖМК), шайлоо комиссияларына жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу | Шайлоо дайындалгандан кийин | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - БШК) Маалымат бөлүмү | |
Шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо | ||||
1 | БШКнын шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуусу | Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин | БШК (маалымат бөлүмү) | |
2 | БШКга ЖМК, интернет-басылмалар тарабынан обо убактысын, басма аянтын бергендиги же интернет-басылмада жарыялоо укугу үчүн акы төлөө өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды берүү | Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 19-августуна чейин) | БШКнын жумушчу тобу, маалымат бөлүмү, ЖМК, интернет-басылмалар (Мыйзам, 22-бер., 20-бөл.) | |
3 | Жалпыга маалымдоо каражаттарына обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо | Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 19-августуна чейин) | Жалпыга маалымдоо каражаттары (Мыйзам, 22-бер, 20-бөл.) | |
4 | Шайлоочуларга шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү тууралуу кабарлоо | Шайлоону дайындоо жөнүндө КР Президентинин Жарлыгы жарыялангандан кийин | Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар (БШК) (Мыйзам, 22-бер, 2-бөл.) | |
5 | Шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу, алардан өз маалыматтарын тактоо зарылдыгы тууралуу ЖМК аркылуу, жеткиликтүү башка жолдор менен шайлоочуларга кабарлоо | Добуш берүү күнүнө чейин 55 календардык күнгө чейин (2022-жылдын 15-августуна чейин) | Тиешелүү шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 22-бер., 2-1-бөл.) | |
6 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн атайын маалыматтык материалдарды даярдоо (сурдокотормону же субтитрлөөнү пайдалануу менен аудио- видео материалдар, Брайль тамгасы, башка атайын каражаттар) | Шайлоо дайындалган күндөн тартып | Тиешелүү шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 22-бер, 2-2-бөл.) | |
7 | Көрсөтүлгөн, катталган талапкерлер жөнүндө, талапкердин шайлоо фондусунун каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы, талапкерлердин каржылык отчеттору жөнүндө шайлоочуларга кабарлоо | Шайлоо дайындалган күндөн тартып | Тиешелүү шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 22-бер, 2-1-бөл.) | |
8 | Талапкердин, саясий партиянын программаларын тиешелүү шайлоо комиссиясына берүү. Талапкердин, саясий партиянын программасын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялоо | Талапкерлердин тизмеси каттоодон өткөн күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен | Тиешелүү шайлоо комиссиялары (Мыйзам 22-бер, 2-2-бөл.) | |
Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө | ||||
9 | Добуш берүү күнү жигердүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган, биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулардын алдын ала тизмесин шайлоо мыйзамдарына ылайык ар бир шайлоо участогу боюнча түзүү жана Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен чыгарып алуу | Добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күн мурда (2022-жылдын 10-августуна чейин) | КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги (мындан ары - СӨМ) (Мыйзам, 12-бер., 1, 2-бөл.) | |
10 | Шайлоочулардын алдын ала тизмесин таанышуу жана маалыматтарын тактоо үчүн мамлекеттик порталга жайгаштыруу | Добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күн мурда (2022-жылдын 10-августуна чейин) | БШК (программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмү) (Мыйзам, 12-бер, 2-бөл.) | |
11 | Шайлоочулардын тизмесин басып чыгаруу жана тийиштүү участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 55 календардык күн мурда (2022-жылдын 15-августуна чейин) | БШК (маалыматтык шайлоо тутумун башкаруу жана шайлоочулардын тизмелери менен иштөө бөлүмү (мындан ары - МШТБ жана ШТИ), АШКдагы тутумдук администраторлор) (Мыйзам, 12-бер, 4-бөл) | |
12 | Шайлоочуларды тааныштыруу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмесин илүү | Добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күн мурда (2022-жылдын 20-августуна чейин) | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 13-бер., 1-бөл.) | |
13 | Шайлоочулардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу (каталарды жана так эместиктерди оңдоо) | Добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 23-августуна чейин (кошуп алганда)) | БШК, МШТБ жана ШТИ, тутумдук администраторлор, аймактык шайлоо комиссиялары, Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 12-бер, 3-бөл.) | |
14 | Шайлоочулардын контролдук тизмесин түзүү жана Участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 35 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 4-сентябрына чейин) | БШК (МШТБ жана ШТИ, АШК тутумдук администраторлору) (Мыйзам, 13-бер., 3-бөл.) | |
15 | Шайлоочуларды тааныштыруу үчүн шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү | Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда (2022-жылдын 9-сентябрына чейин) | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 13-бер, 3-бөл.) | |
16 | Шайлоочулардын шайлоо участокторунун чек араларына ылайык бөлүштүрүлгөн биротоло тизмесин түзүү | Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 29-сентябрына чейин) | БШК (МШТБ жана ШТИ, АШК тутумдук администраторлору) (Мыйзам, 13-бер, 4-бөл.) | |
17 | Жабдыктардын комплектилерин даярдоо үчүн шайлоочулардын биротоло тизмесин электрондук түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (СӨМ) өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен (2022-жылдын 29-сентябрына чейин) | БШК (Маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар башкармалыгы) (Мыйзам, 13-бер, 4-бөл.) | |
18 | Шайлоочулардын тизмесин кагазга басып чыгаруу жана аны номурлап, көктөп, Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүп, эки нускада Участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн мурда (2022-жылдын 4-октябрына чейин) | БШК (МШТБ жана ШТИ), аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 13-бер, 4-бөл.) | |
19 | Шайлоочуларды тааныштыруу үчүн шайлоочулардын кагаз түрүндөгү биротоло тизмесинин экинчи нускасын илүү | Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен (2022-жылдын 6-октябрына чейин) | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 13-бер, 4-бөл.) | |
20 | Шайлоочулардын тизмесин жүктөп, биометрикалык маалыматтар менен даярдап, шайлоо участокторуна жеткизүү үчүн шайлоочуларды иденттештирүү боюнча сервердик комплектилерди Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен (2022-жылдын 6-октябрына чейин) | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (СӨМ) (Мыйзам, 13-бер, 4-бөл.) | |
21 | Участкалык шайлоо комиссияларына жабдыктарды жеткизүү | Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен (2022-жылдын 6-октябрына чейин) | БШК (Мыйзам, 13-бер, 4-бөл.) | |
Шайлоо округдарын түзүү | ||||
22 | Шайлоо округдарын түзүү | Добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 20-августуна чейин) | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен аймактык шайлоо комиссиялары ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР Мыйзамы (мындан ары - Мыйзам), 10-бер. 4-бөл.) | |
23 | Айылдык кеңештерге депутаттардын мандаттарынын 30 пайыздан аз эмесин аялдар үчүн резервге калтырууну эске алуу менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү | Добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 20-августуна чейин) | Аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча БШК (шайлоону уюштуруу бөлүмү) (Мыйзам, 10-бер. 5-бөл.) | |
24 | Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын ММКга жарыялоо | Алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 25-августуна чейин) | БШК (маалыматтык бөлүм) (Мыйзам, 10-бер. 6-бөл.) | |
Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо айылдык кеңештерге | ||||
25 | Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү | Шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт (2022-жылдын 8-сентябрында саат 24.00 чейин) | Саясий партиялар, өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандар (Мыйзам, 49-бер., 1-бөл. экинчи абзацы, 2-бөл. 2-п., 8, 9, 10-бөл.) | |
26 | Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 8-сентябрында саат 24.00 чейин) | Талапкер, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Мыйзам, 60-бер., 1, 3-бөл.) | |
27 | Талапкерлерди көрсөтүү тартибинин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР Мыйзамынын талаптарына ылайыктыгын текшерүү | Документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде | Аймактык шайлоо комиссиясындагы тиешелүү жумушчу топтор (Мыйзам, 60-бер, 3-бөл.) | |
28 | Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо | Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күнгө чейин (2022-жылдын 19-сентябрына чейин) | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 60-бер., 7-бөл.) | |
29 | Айылдык кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлерге тиешелүү күбөлүктөрдү берүү | Талапкерлерди каттоодон кийин 2 календардык күндүн ичинде | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 60-бер, 9-бөл.) | |
30 | Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды басма сөзгө жарыялоо | Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам. 60-бер, 8-бөл.) | |
31 | Талапкерден шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз кабыл алуу. Талапкерлерди каттоону жокко чыгаруу | Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 5-октябрында саат 24.00 чейин) | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 54-бер., 1-бөл.) | |
32 | Саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын каттоо жана аларга күбөлүк берүү же жүйөлөштүрүлгөн түрдө аларды каттоодон баш тартуу | Документтер келип түшкөнүнө жараша | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам,18-бер., 2-бөл., 19-бер.) | |
Шайлоо алдындагы үгүт | ||||
33 | Ар бир шайлоо участогунун аймагында басылма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды бөлүп берүү жана тариздөө | Шайлоо дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндүн ичинде | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Мыйзам, 27-бер., 3-бөл.) | |
34 | Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү | Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү айылдык кеңештин депутаттыгына бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат (2022-жылдын 19-сентябрында) жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат (2022-жылдын 8-октябрында, саат 8.00дө) | Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары (Мыйзам, 23-бер., 1-бөл.) | |
Шайлоо бюллетендерин даярдоо жана шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү | ||||
35 | Шайлоо бюллетендеринин текстин бекитүү | Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 19-сентябрына чейин) | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 30-бер., 3-бөл.) | |
36 | Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо | Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 29-сентябрына чейин) | БШК (БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү) (Мыйзам, 30-бер., 8-бөл.) | |
37 | Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жеткирип, акт боюнча өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күн мурда (2022-жылдын 29-сентябрына чейин) | БШК (БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү) (Мыйзам, 30-бер., 13-бөл.) | |
38 | Шайлоо бюллетендерин тиешелүү Участкалык шайлоо комиссияларына жеткирип, акт боюнча өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күн мурда (2022-жылдын 7-октябрына чейин) | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 30-бер, 13-бөл.) | |
Добуш берүүнү өткөрүү тартиби | ||||
39 | Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башка ыкма менен добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө кабарлоо | Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 29-сентябрына чейин) | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 31-бер., 1-бөл.) | |
40 | Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызын кабыл алуу | Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 6-октябрына чейин) | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 33-бер., 2-бөл.) | |
41 | Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген шайлоочулардын реестрин илүү | Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күн мурда (2022-жылдын 6-октябры) | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 33-бер., 4-бөл.) | |
42 | Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштура турган комиссия мүчөлөрүн аныктоо үчүн чучукулак жүргүзүү | Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күн мурда (2022-жылдын 6-октябры) | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 33-бер., 4-бөл.) | |
43 | Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүү | Добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн мурда (2022-жылдын 8-октябры) | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 33-бер , 5, 6, 7, 8, 9-бөл.) | |
44 | Добуш берүүнү өткөрүү | 2022-жылдын 9-октябры, саат 8.00дөн 20.00гө чейин | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 33-бер.) | |
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо | ||||
45 | Бюллетендерди добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алып чыгылган шайлоо бюллетендери добуш берүү үчүн үкөккө (АЭУ) салынат | Добуш берүү аяктагандан кийин | Байкоочулардын катышуусунда Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 36-бер., 6-бөл.) | |
46 | АЭУ боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жөнүндө отчетту кагазга басып чыгаруу жана маалыматтарды байланыштын корголгон каналдары аркылуу борбордук серверге өткөрүп берүү | Добуш берүү аяктагандан кийин | Байкоочулардын катышуусунда Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 36-бер., 7-бөл.) | |
47 | Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу | УШКлардан маалыматтар алынгандан кийин | БШК (Мыйзам, 40-бер., 2-бөл.) | |
48 | Добуш берүүнүн жыйынтыктарын добуштарды кол менен саноонун натыйжалары боюнча аныктоо | Добуш берүү аяктагандан кийин | Байкоочулардын катышуусунда Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 36-бер., 12, 13-бөл.) | |
49 | Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрүү, келип түшкөн даттанууларды (арыздарды) кароо | Добуштар саналгандан кийин | Байкоочулардын, талапкерлердин жана ЖМКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 36-бер., 14-бөл.) | |
50 | Шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду эки нускада түзүү жана ага Участкалык шайлоо комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрүнүн кол коюусу | Жыйынтыктоочу жыйын өткөрүлгөндөн кийин | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 36-бер., 15, 16-бөл.) | |
51 | Участкалык шайлоо комиссиясы белгилеген жайга жалпыга тааныштыруу үчүн протоколдун чоңойтулган формасын илүү | Добуш берүү жөнүндө протоколду түзгөндөн кийин | Участкалык шайлоо комиссиясы (Мыйзам, 36-бер., 19-бөл.) | |
52 | Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун биринчи нускасын шайлоо документтери менен бирге АТТТКга. жеткирүү жана акт менен өткөрүп берүү | УШК мүчөлөрү кол койгондон кийин токтоосуз | Участкалык шайлоо комиссиялары Аймактык шайлоо комиссиясы ИИМ (Мыйзам, 36-бер., 17-бөл.) | |
53 | Шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмесин же мөөр менен күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсүн Участкалык шайлоо комиссиясынын жайларынын алдында такталарга илүү | Добуш берүү күнүнөн кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 13-октябрына чейин) | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 36-бер., 20-бөл.) | |
54 | Добуш берүүгө, добуштарды саноого жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүүгө байланыштуу белгиленген тартипте келип түшкөн арыздарды (даттанууларды) кароо үчүн аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрүү | УШКлардан протоколдор алынгандан кийин, тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлганга чейин | Аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 37-бер., 2-бөл.) | |
55 | Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколду шайлоо комиссиясы тарабынан эки нускада түзүү жана ага шайлоо комиссиясынын катышкан бардык мүчөлөрүнүн кол коюусу. Протоколго тиешелүү аймакта жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү эки нускада түзүлгөн жыйынды таблица, шайлоо комиссиясынын өзгөчө пикири, ошондой эле келип түшкөн арыздар (даттануулар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет | АШКнын жыйынтыктоочу жыйналышынан кийин | Аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 37-бер., 3-бөл.) | |
56 | Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо | Добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 30-октябрына чейин) | Аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 38-бер., 1-бөл.) | |
57 | Шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин шайлоонун натыйжалары жөнүндө жалпы маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жиберүү | Шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин 2 сутканын ичинде | Аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 40-бер., 3-бөл.) | |
58 | Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын кол коюлгандан кийин жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен Борбордук шайлоо комиссиясына жиберүү | АШКнын протоколуна кол коюлгандан кийин токтоосуз | Аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 37-бер., 4-бөл.) | |
59 | Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитүү | АШКлардын протоколдору алынгандан кийин | БШК ("КР БШК жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам, 4-бер.) | |
60 | Шайлоонун натыйжаларын, ошондой эле алардын негизинде шайлоонун натыйжалары аныкталган добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө төмөн турган түздөн-түз шайлоо комиссиясынын протоколунда камтылган маалыматтарды кошуу менен, ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган шайлоочулардын добуштарынын, бардык талапкерлердин тизмесине каршы берилген добуштардын саны тууралуу маалыматтарды расмий жарыялоо | Шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде | БШК (Мыйзам, 40-бер. 4-бөл.) | |
Шайлоону каржылоо | ||||
61 | Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын карап чыгуу жана бекитүү | Шайлоо дайындалгандан кийин | БШК (пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү) | |
62 | Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан шайлоо фонддорун түзүү | Жарандар айылдык кеңештерге өзүн өзү көрсөткөн учурдан тартып, саясий партиялар айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып каттоого документтерди бергенге чейин шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фонддорун түзөт. | Талапкер, ыйгарым укуктуу өкүл (Мыйзам 15-бер., 1-бөл) | |
63 | Шайлоо күрөөсүн төгүү. Талапкер БШКнын депозит эсебине төмөнкүдөй шайлоо күрөөсүн төгөт: - айылдык кеңештерге - 1000 сом. | Төмөнкүлөрдү каттоо үчүн: - айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди - талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калгандан кечиктирбестен (2022-жылдын 8-сентябрына чейин (кошуп алганда); тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти берет. | Талапкерлер, саясий партиялар, аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзамдын 50-бер. 1-бөл., 60-бер. 1-бөл.) | |
64 | Талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүүсүнүн жана чыгымдоосунун тартибин контролдоо | Шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып | БШКна караштуу контролдоо-текшерүү тобу, аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 16-бер., 1-бөл.) | |
65 | Шайлоо комиссияларына шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контролдук кылуу | Шайлоо комиссияларына акча каражаттары бөлүнгөндөн кийин | БШКна караштуу контролдоо-текшерүү тобу, БШК (пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү) (Мыйзам, 16-бер., 2-бөл.) | |
66 | Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына шайлоо фонддорун түзүү булактары жана өлчөмдөрү, ошондой эле алардын чыгымдалышы жөнүндө отчетторду берүү | Биринчи финансылык отчет - добуш берүү күнүнө чейин 10 күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 28-сентябрына чейин (кошуп алганда)) Экинчи жыйынтыктоочу финансылык отчет - шайлоодон кийин 10 күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 19-октябрына чейин (кошуп алганда)) | Талапкерлер, саясий партиялар (Мыйзам, 15-бер. 19-бөл.) БШКна караштуу контролдоо-текшерүү тобу, аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 16-бер., 2-бөл.), "КР Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө" БШК Жобонун 9.1-п. | |
67 | Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялоо | Шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып жума сайын | БШКна караштуу контролдоо-текшерүү тобу, БШК (Мыйзам, 16-бер , 1-бөл.) | |
Эл аралык жана коомдук байкоочулар | ||||
68 | Эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттердин шайлоо органдарына шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууга чакыруу жөнөтүү | КРнын Президентинин Жарлыгы расмий жарыялангандан кийин | Президенттин Администрациясы, Жогорку Кеңеш, Министрлер Кабинети, БШК (Мыйзам, 8-бер., 1-бөл.) | |
69 | КРнын Президенти, КРнын ЖКи, КРнын Министрлер Кабинети, БШК тарабынан жиберилген чакыруулардын негизинде байкоочуларды аккредитациялоо | КРнын Президентинин Жарлыгы расмий жарыялангандан кийин | БШК (Мыйзам, 8-бер., 1-бөл.) | |
70 | Коомдук байкоочуларды каттоо | Коомдук байкоочуларды каттоо үчүн коммерциялык эмес уюмдар тарабынан тиешелүү документтерди бергенде | БШК, тиешелүү шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 81-бер.) | |
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу | ||||
71 | Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана шайлоо процессинин башка катышуучулары үчүн окутуу тренингдерин өткөрүү | Өзүнчө план жана график боюнча | БШК (Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору, Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгы) | |
Кайра добуш берүү (дайындалган учурда) | ||||
72 | Кайра добуш берүүнү жүргүзүү | Кайра добуш берүү дайындаган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөт ичинде | Аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 38-бер. 5-бөл.) | |
73 | Кайра добуш берүү жөнүндө билдирүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо | Кайра добуш берүү дайындаган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде | БШК, аймактык шайлоо комиссиялары | |
Кайра шайлоо (дайындалган учурда) | ||||
74 | Кайра шайлоону дайындоо (эгерде шайлоо болбой калса, жараксыз деп табылса, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкер (талапкерлердин тизмеси) шайланбай калса) | Шайлоо жараксыз деп табылгандан кийин бир айдын ичинде | КРнын Президенти (Мыйзам, 39-бер.) | |
75 | Кайра шайлоону өткөрүү жөнүндө билдирүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо | Тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин 7 календардык күндүн ичинде | БШК (Мыйзам, 39-бер.) | |
76 | Кайра шайлоону жүргүзүү | Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө | БШК, тиешелүү аймактык, участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 39-бер.) | |