Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2022-жылдын 10-августу № 76
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Таш-Көмүр, Токтогул жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын - Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын - Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаардык кеңеши боюнча;
- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын - Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдерин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр, Токтогул жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Таш-Көмүр, Токтогул жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Таш-Көмүр, Токтогул жана Кемин аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 10-августундагы № 76 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Таш-Көмүр шаары | ||||
1 | Таш-Көмүр шаардык | Дуйшенов Канат Райымбекович (№ 1) ("Ынтымак" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 11, 04.08.2022-ж. |
2 | Ормонов Райымбек Базарбекович (№ 4) ("Ынтымак" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 12, 04.08.2022-ж. | |
Токтогул району | ||||
3 | Токтогул шаардык | Чынтемиров Бакыт Чынтемирович (№ 2) ("Эл-Үмүтү" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 44, 05.08.2022-ж. |
4 | Тургунбаев Эркин Эсенбаевич (№ 1) ("Ата-Журт Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 44, 05.08.2022-ж. | |
Чүй облусу | ||||
Кемин району | ||||
5 | Кызыл-Октябрь айылдык | Жыртакова Астра Сүйүнбековна | Өз арызы | № 48, 08.08.2022-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 10-августундагы № 76 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Таш-Көмүр шаары | ||||
1 | Таш-Көмүр шаардык | Джумаев Асылбек Султаналиевич (№ 19) ("Ынтымак" саясий партиясы) | "Электр станциялар" ААК, Таш-Көмүр ГЭСтердин каскады, кырсыкты калыбына келтирүүчү участогунун устаты | № 11, 04.08.2022-ж. |
2 | Кыдыралиев Жапар Джакыпбекович (№ 22) ("Ынтымак" саясий партиясы) | "Электр станциялар" ААК, Таш-Көмүр ГЭСтердин каскады, пландоо-экономикалык бөлүмүнүн экономисти | № 12, 04.08.2022-ж. | |
Токтогул району | ||||
3 | Токтогул шаардык | Эгембердиев Эрлан Карыпбаевич (№ 4) ("Эл-Умуту" саясий партиясы) | Жеке ишкер | № 45, 05.08.2022-ж. |
4 | Шайлообеков Шахмурат Сыргакович (№ 7) ("Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы) | Жеке ишкер | № 45, 05.08.2022-ж. | |
Чүй облусу | ||||
Кемин району | ||||
5 | Кызыл-Октябрь айылдык | Капарова Айгүл Арпачиевна | Массажист | № 49, 08.08.2022-ж. |