Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 21-январы №29
"Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-ноябрындагы № 777 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын чыгарылган мүчөлөрүн ыкчам өз ара алмаштыруу жана анын ишин үзгүлтүксүз жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-ноябрындагы № 777 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пункттун үчүнчү абзацы алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия жөнүндө жобо төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет.".
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-ноябрындагы №777 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-ноябрындагы №551 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-ноябрындагы №777 "Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-августундагы № 431 токтому;
- "Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-ноябрындагы №777 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 548 токтому.
Премьер-министр | И.Чудинов |