КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-январындагы №29 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 2-октябры № 548 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-ноябрындагы № 777 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Оперативдүү жетекчилик жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмө-түнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия-нын чечимдерин өз убагында кабыл алуу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-ноябрындагы № 777 токтому менен бекитил-ген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсузду-гун камсыз кылуу боюнча комиссиянын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү кирги-зилсин: - Комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин: Маматалиев А.М. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуника- циялар министринин орун басары; Курганский И.И. - "АВТ" жоопкерчилиги чектелген коомунун директо- рунун орун басары, Орто Азиядагы "Лукойл", "То- сол-Синтез" дилердик россиялык компаниялардын координатору (макулдашуу боюнча). Премьер-министри И.Чудинов