Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 8-февралы № 5
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Нарын шаардык, Ат-Башы, Кара-Көл, Аксы, Сузак, Ысык-Ата, Кара-Суу, Өзгөн, Тоң, Түп, Кара-Буура жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын - Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;
- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Коюн айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Көл шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын - Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айылдык кеңеши боюнча;
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын - Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Б.Мамбетов айылдык кеңеши боюнча;
- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын - Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ысык-Көл, Сан-Таш, Сары-Булак, Арал жана Талды-Булак айылдык кеңештери боюнча.
Ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө төмөнкү аймактык шайлоо комиссияларынан чечимдер келип түштү:
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын - Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын - Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык, Ат-Башы, Кара-Көл, Аксы, Сузак, Ысык-Ата, Кара-Суу, Өзгөн, Тоң, Түп жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Аксы жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Нарын шаардык, Ат-Башы, Кара-Көл, Аксы, Сузак, Ысык-Ата, Кара-Суу, Өзгөн, Тоң, Түп жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Нарын шаардык, Ат-Башы, Кара-Көл, Аксы, Сузак, Ысык-Ата, Кара-Суу, Өзгөн, Тоң, Түп жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы | Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 8-февралындагы № 5 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Нарын облусу | |||
Нарын шаары | |||
1 | Нарын шаардык | Жунусова Ырыс Орокеевна (3) депутаттык фракциясы "Өнүгүү-Прогресс" | Нарын шаардык АШК № 1, 19.01.2023-ж. (18.01.2023-ж. - өз арызы) |
Ат-Башы району | |||
2 | Кара-Коюн айылдык | Айыпов Бейшенбек Жумабекович | Ат-Башы АШК № 1, 24.01.2023-ж. (11.01.202-3-ж. - өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Кара-Көл шаары | |||
3 | Кара-Көл шаардык | Таабалдиев Адилет Таабалдиевич (8) "Ынтымак" депутаттык фракциясы | Кара-Көл АШК № 1, 28.01.2023-ж. (27.01.2023-ж. - өз арызы) |
Аксы району | |||
4 | Кашка-Суу айылдык | Урустемов Керимкул Дуйшебаевич | Аксы АШК № 1, 24.01.2023-ж. (19.01.2023-ж. - өз арызы) |
5 | Сатыбалдиев Аман Жакыпбекович | Аксы АШК № 2, 24.01.2023-ж. (01.02.2023-ж. - өз арызы.) | |
Сузак району | |||
6 | Кызыл-Туу айылдык | Жороев Нургалбек Асылбекович | Сузак АШК № 44, 01.02.2023-ж. (31.01.2023-ж. - өз арызы) |
Чүй облусу | |||
Ысык-Ата району | |||
7 | Логвиненко айылдык | Мамбетова Бактыгул Кудайбергеновна | Ысык-Ата АШК № 1, 20.01.2023-ж. (09.01.2023-ж. - өз арызы) |
8 | Ысык-Ата айылдык | Айтмамбетов Айдарбек Есенкулович | Ысык-Ата АШК № 2, 31.01.2023-ж. (15.01.2023-ж. - өз арызы) |
Ош облусу | |||
Кара-Суу району | |||
9 | Жоош айылдык | Кенжекулова Улукбү Полотбековна | Кара-Суу АШК № 1, 24.01.2023-ж. (11.01.2023-ж. - өз арызы) |
Өзгөн району | |||
10 | Салам-Алик айылдык | Токтогул кызы Зарина | Өзгөн АШК № 1, 01.02.2023-ж. (29.01.2023-ж. - өз арызы) |
11 | Зарылбек уулу Данияр | Өзгөн АШК № 1, 01.02.2023-ж. (23.12.2022-ж. Салам-Алик а/к № 93 протоколу - жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу) | |
Ысык-Көл облусу | |||
Тоң району | |||
12 | Б.Мамбетов айылдык | Сагын уулу Өмүрбек | Тоң АШК № 15, 23.01.2023-ж. (29.12.2022-ж. - өз арызы) |
Түп району | |||
13 | Ысык-Көл айылдык | Мусаев Кумар Махмутбекович | Түп АШК № 1, 16.01.2023-ж. (21.12.2022-ж. Ысык-Көл а/к № 25 протоколу - жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу) |
14 | Сан-Таш айылдык | Орозбаков Эдилбек Сыдыкович | Түп АШК № 1, 16.01.2023-ж. (16.01.2023-ж. - өз арызы) |
15 | Сан-Таш айылдык | Акматов Оразакун Усенович | Түп АШК № 1, 16.01.2023-ж. (07.01.2023-ж. - өз арызы) |
16 | Сары-Булак айылдык | Байтереков Талант Оболбекович | Түп АШК № 1, 16.01.2023-ж. (09.01.2023-ж. - өз арызы) |
17 | Сары-Булак айылдык | Жайлобаев Марат Жайлобаевич | Түп АШК № 1, 16.01.2023-ж. (07.01.2023-ж. - өз арызы) |
18 | Арал айылдык | Кожоева Шарапаткан Орозбаевна | Түп АШК № 1, 16.01.2023-ж. (16.01.2023-ж. - кызмат орундарын айкалыштыруу мүмкүн эместигине байланыштуу өз арызы) |
19 | Талды-Суу айылдык | Эсенгожоев Эмил Сагынович | Түп АШК № 1, 16.01.2023-ж. (16.01.2023-ж. өз арызы) |
20 | Талды-Суу айылдык | Каныбекова Жылдыз Каныбековна | Түп АШК № 1, 16.01.2023-ж. (09.01.2023-ж. - өз арызы) |
21 | Талды-Суу айылдык | Акматов Бактыбек Сагындыкович | Түп АШК № 1, 16.01.2023-ж. (09.01.2023-ж. өз арызы) |
Талас облусу | |||
Кара-Буура району | |||
22 | Чолпонбай айылдык | Жунусалиев Тынчтык Токтогулович | Кара-Буура АШК № 3, 31.01.2023-ж. (31.01.2023-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 8-февралындагы № 5 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Жалал-Абад облусу | |||
Аксы району | |||
1 | Кашка-Суу айылдык | Абдыкайым уулу Улукбек | Аксы АШК № 1, 24.01.2023-ж. (20.01.2023-ж. - өз арызы) |
Ысык-Көл облусу | |||
Каракол шаары | |||
2 | Каракол шаардык | Токтакунова Асель Тынычбековна (12) "Бирге-Вместе" саясий партиясы | Каракол АШК № 1, 26.01.2023-ж. (23.01.2023-ж. - өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 8-февралындагы № 5 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
1 | Нарын шаардык | Чоробек кызы Айзат (№ 6) "Өнүгүү-Прогресс"саясий партиясы | С.Нааматова атындагы университет, декандын орун басары | Нарын шаардык АШК № 2, 25.01.2023-ж. |
Ат-Башы району | ||||
2 | Кара-Коюн айылдык | Абдыраев Турарбек Мукашович | Дыйкан чарба мүчөсү | Ат-Башы АШК № 1, 24.01.2023-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Кара-Көл шаары | ||||
3 | Кара-Көл шаардык | Шакиров Байбуура Садырбекович (11) "Ынтымак" саясий партиясы | Убактылуу жумушсуз | Кара-Көл АШК № 2, 30.01.2023-ж. |
Аксы району | ||||
4 | Кашка-Суу айылдык | Исманалиев Бегимкул Акимбекович | Пенсионер | Аксы АШК № 1, 24.01.2023-ж. |
5 | Базаралиев Абдиназар Токтосунович | Аксы рай.эмгек соц. камсыздоо жана миграция башкармалыгы, программист | Сузак АШК № 44, 01.02.2023-ж. | |
Сузак району | ||||
6 | Кызыл-Туу айылдык | Оморов Айбек Акматович | Жеке ишкер | Сузак АШК № 45, 01.02.2023-ж. |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
7 | Логвиненко айылдык | Торогельдиева Эльмира Шекирбаевна | ГСВ медайым | Ысык-Ата АШК № 1, 20.01.2023-ж. |
8 | Ысык-Ата айылдык | Тагаев Бек Тагаевич | Бишкекжылуулуктармагы, кароолчу | Ысык-Ата АШК № 2, 31.01.2023-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
9 | Жоош айылдык | Абдуллаев Самат Ташболотович | Спорт клуб "Алыш", машыктыруучу | Кара-Суу АШК № 1, 24.01.2023-ж. |
Өзгөн району | ||||
10 | Салам-Алик айылдык | Сыяев Женишбек Жусупжанович | Жеке чарба | Өзгөн АШК № 2, 01.02.2023-ж. |
11 | Чыпаев Сыргабай Турдумаматович | Жеке чарба | ||
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
12 | Б.Мамбетов айылдык | Ашакеев Улукбек Нурланович | Фермер | Тоң АШК № 15, 23.01.2023-ж. |
Түп району | ||||
13 | Талды-Суу айылдык | Калиев Медет Мукашевич | Дыйкан чарба мүчөсү | Түп АШК № 2, 16.01.2023-ж. |
Талас облусу | ||||
Кара-Буура району | ||||
14 | Чолпонбай айылдык | Сариев Аман Токонович | Жеке ишкер | Кара-Буура АШК № 3, 31.01.2023-ж. |