Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-сентябры № 86
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ак-Талаа, Сокулук, Өзгөн, Баткен, Ысык-Ата жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылдык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын - Чүй облусунун Сокулук районундагы Гавриловка айылдык кеңеши боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын - Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айылдык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын - Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылдык кеңеши боюнча;
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын - Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Күн-Чыгыш айылдык кеңеши боюнча.
Ошондой эле Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылдык кеңешинин жана Ысык-Көл облусунун Тон районундагы Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Ысык-Ата жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдерин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа, Сокулук, Өзгөн, Баткен жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ысык-Ата жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ак-Талаа, Сокулук, Өзгөн, Баткен, Ысык-Ата жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Ак-Талаа, Сокулук, Өзгөн, Баткен, Ысык-Ата жана Тоң аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-сентябрындагы № 86 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
1 | Баетов айылдык | Аскарбеков Азамат Аскарбекович | Өз арызы | № 86, 22.09.2022-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
2 | Гавриловка айылдык | Батаева Перизат Олеговна | Өз арызы | № 12, 22.09.2022-ж. |
Ысык-Ата району | ||||
3 | Ивановка айылдык | Мажидов Обидин Раджабович | Өз арызы | № 7, 26.09.2022-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
4 | Зергер айылдык | Аршижан уулу Баяман | Өз арызы | № 13, 21.09.2022-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
5 | Самаркандек айылдык | Дыйканов Өмүрбек Муратбекович | Өз арызы | № 13, 21.09.2022-ж. |
6 | Таштанов Махмутжан Назирбаевич | Өз арызы | ||
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-сентябрындагы № 86 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
1 | Ивановка айылдык | Бийхурова Сельме Башаевна | Өз арызы | № 7, 26.09.2022-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
2 | Күн-Чыгыш айылдык | Тилебалды уулу Элдияр | Өз арызы | № 12, 27.09.2022-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-сентябрындагы № 86 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
1 | Баетов айылдык | Кубанычбеков Нурсултан Кубанычбекович | Дыкан чарба, мүчөсү | № 86, 22.09.2022-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
2 | Гавриловка айылдык | Ибраимов Качкымбек Джапралиевич | Пенсионер | № 12, 22.09.2022-ж. |
Ысык-Ата району | ||||
3 | Ивановка айылдык | Хандышанов Магомед Люлюнович | АВП "Бел-Булак" | № 7, 26.09.2022-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
4 | Зергер айылдык | Абдылмамыт уулу Диярбек | Жеке Чарба | № 14, 21.09.2022-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
5 | Самаркандек айылдык | Жороев Даирбек Маматкулович | Маданият үй, башчысы | № 13, 21.09.2022-ж. |
6 | Абдурахманов Исламидин Мацакович | Жайыт комитет, башчысы | ||
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
7 | Күн-Чыгыш айылдык | Иманалиев Нурбек Малдышович | Жеке ишкер | № 12, 27.09.2022-ж. |