Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2023-жылдын 4-марты № 15
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Түп, Ак-Суу, Базар-Коргон жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын - Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Арал жана Талды-Суу айылдык кеңештери боюнча;
- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Отрадное айылдык кеңеши боюнча;
- Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кенеш айылдык кеңеши боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын - Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу, Базар-Коргон жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Түп, Ак-Суу, Базар-Коргон жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Түп, Ак-Суу, Базар-Коргон жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 4-мартындагы № 15 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ысык-Көл облусу | |||
Ак-Суу району | |||
1 | Отрадное айылдык | Апазов Адилет Усенович | Ак-Суу АШК, № 5, 27.02.2023-ж. (24.02.2023-ж. - өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Базар-Коргон району | |||
2 | Кеңеш айылдык | Ажиматов Курманбек Мажитович | Базар-Коргон АШК, № 01, 22.02.2023-ж. (12.02.2023-ж. - өз арызы) |
3 | Паязова Динара Омурзаковна | Базар-Коргон АШК, № 01, 22.02.2023-ж. (15.02.2023-ж. - өз арызы) | |
Ош облусу | |||
Өзгөн району | |||
4 | Өзгөн шаардык | Умаралиев Санжарбек Маматмусаевич (4) "Нур" депутаттык фракциясы | Өзгөн АШК, № 3, 20.02.2023-ж. (08.02.2023-ж. - өз арызы) |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
А. Закиров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 4-мартындагы № 15 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп район | ||||
1 | Арал айылдык | Мамытов Бактыбек Орозгелдиевич | Убактылуу иштебейт | Түп АШК, № 3, 27.02.2023-ж. |
2 | Талды-Суу айылдык | Орозбаева Айзада Дуйшеновна | Убактылуу иштебейт | |
3 | Мамытканов Бакыт Ракымжанович | Дыйкан | ||
Ак-Суу району | ||||
4 | Отрадное айылдык | Касымбеков Уланбек Усеналыевич | Убактылуу иштебейт | Ак-Суу АШК, № 6, 27.02.2023-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
5 | Кеңеш айылдык | Бейшенов Айбек Тыныбекович | ЖКЧ "Гидрострой-Проект", директор | Базар-Когон АШК, № 01, 22.02.2023-ж. |
6 | Мамалиев Кубанычбек Бакытбекович | Жеке ишкер | ||
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
7 | Өзгөн шаардык | Абдукаримов Тохтасин Акбаржанович (7) "Нур" саясий партиясы | Дарыгер | Өзгөн АШК, № 4, 20.02.2023-ж. |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
А. Закиров |