Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-марты № 24
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Сокулук, Жайыл, Кара-Кулжа жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын – Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылдык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын – Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык жана Ак-Башат айылдык кеңештери боюнча;
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак жана Кашка-Жол айылдык кеңештери боюнча;
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын – Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айылдык кеңеши боюнча.
Ошондой эле Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык жана Ак-Башат айылдык кеңештериндеги депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери келип түштү.
Аталган чечимдер «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл, Кара-Кулжа жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Сокулук, Жайыл, Кара-Кулжа жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Сокулук, Жайыл, Кара-Кулжа жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 27-мартындагы № 24 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Чүй облусу | |||
Жайыл району | |||
1. | Кара-Балта шаардык | Байышбаев Абдусамат Сайпидинович (2) «Күчтүү-Коом» депутаттык фракциясы | Жайыл АШК, №8, 16.03.2023ж. (__.03.2023ж. – өз арызы) |
2. | Ак-Башат айылдык | Базарбаев Турат Оморбекович | Жайыл АШК, №4, 02.03.2023ж. (06.02.2023ж. – өз арызы) |
Ош облусу | |||
Кара-Кулжа району | |||
3. | Сары-Булак айылдык | Ашимбек уулу Сүйүнбай | Кара-Кулжа АШК, №10, 23.03.2023ж. (17.03.2023ж. – өз арызы) |
4. | Кашка-Жол айылдык | Осмон уулу Нуралы | Кара-Кулжа АШК, №10, 23.03.2023ж. (16.03.2023ж. – өз арызы) |
Баткен облусу | |||
Кадамжай району | |||
5. | Орозбеков айылдык | Матисаев Шавкатбек Амиракулович | Кадамжай АШК, №5, 25.03.2023ж. (17.03.2023ж. – өз арызы) |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
Т. Айтикеев |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: шайлоолорду Уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
А. Закиров |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 27-мартындагы № 24 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф. А. А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Чүй облусу | |||
Кемин району | |||
1. | Кара-Балта шаардык | Джунушев Тилек Догдурбекович (7) «Күчтүү Коом» саясий партиясы | Жайыл АШК, №8, 16.03.2023-ж. (03.03.2023ж. – өз арызы) |
2. | Ак-Башат айылдык | Темирбек уулу Бактияр | Жайыл АШК, №4, 02.03.2023-ж. (16.03.2023ж. – өз арызы) |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
Т. Айтикеев |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: шайлоолорду Уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
А. Закиров |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 27-мартындагы № 24 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф. А. А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
1. | Новопавловка айылдык | Арыкбаева Зейнагуль Сансызбековна | Убактылуу иштебейт | Сокулук АШК, №6, 24.02.2023ж. |
Жайыл району | ||||
2. | Кара-Балта шаардык | Качкынбеков Актан Саматович (8) «Күчтүү Коом» саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Жайыл АШК, №9, 16.03.2023ж. |
3. | Ак-Башат айылдык | Алымбеков Ибрагим Абдыкапарович | Убактылуу иштебейт | Жайыл АШК, №7, 16.03.2023ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Кулжа району | ||||
4 | Сары-Булак айылдык | Кулмурзаева Аида Күчүкбаевна | Орто мектеп, мугалим | Кары-Кулжа АШК, №11, 23.03.2023ж. |
5. | Кашка-Жол айылдык | Махмудов Таштемир Исакбаевич | Жеке ишкер | |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
6. | Орозбеков айылдык | Каратаев Орунбай Аланбаевич | Жеке ишкер | Кадамжай АШК, №6, 25.03.2023ж |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
Т. Айтикеев |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: шайлоолорду Уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
А. Закиров |