Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 24-январы №40
"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы №93 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Мамлекеттик башкаруу органдарындагы функциялык талдоонун кезектеги этабынын жыйынтыктары жана Кыргыз Республикасында администрациялык реформаны андан ары илгерилетүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы №522 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы №93 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
III бөлүмдө:
жыйырма бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- өзгөртүп кайра түзүүнүн жана рационалдаштыруунун жүрүшүндө саламаттык сактоо уюмдарынын бошогон имараттарын жана жайларын менчиктештирүү саясатын түзүүгө карата мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизет;";
- төмөнкүдөй мазмундагы кырк бешинчи абзац менен толукталсын:
"- калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана ден соолукту коргоо жана чыңдоо жаатына активдүү тартуу максатында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну жүргүзөт;".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |