КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 23-сентябры № 522 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Мамлекеттик башкаруу органдарындагы функциялык талдоонун кезектеги этабынын жыйынтыктары жана Кыргыз Республикасында администрациялык реформаны андан ары илгерилетүү боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, мамлекеттик комитет-тер, аткаруу бийлигинин башка органдары, администрациялык ведомстволор,жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары тарабынан акыркы үч жылдын ичинде Кыргыз Республика-сынын Президентинин "Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруу систе-масын реформалоо Стратегиясы жөнүндө"
2004-жылдын 5-июнундагы № 193,"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдашты-руу жөнүндө"
2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607, "Кыргыз Республикасындаадминистрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепци-ялык мамиле кылуу жөнүндө"
2007-жылдын 4-июлундагы № 333 жарлыктары ме-нен аныкталган администрациялык реформанын приоритеттерин ишке ашыруубоюнча максатка багытталган иштер аткарылгандыгын белгилейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган жарлыктарынаткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 29-ию-лундагы № 566 "Кыргыз Республикасында администрациялык реформаны анданары илгерилетүү боюнча чаралар жөнүндө",
2007-жылдын 27-июлундагы № 295"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы "КыргызРеспубликасында администрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюш-турууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу туура-луу",
2007-жылдын 16-октябрындагы № 468 "Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин 2007-жылдын 4-июлундагы "Кыргыз Республикасында администрация-лык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепциялык мамилекылуу жөнүндө"
Жарлыгын аткаруунун жүрүшү жана администрациялык рефор-маны терењдетүү боюнча чаралар тууралуу" токтомдору кабыл алынган. Кабыл алынган ченемдик укуктук актылар администрациялык реформанынкезектеги этабын өткөрүү, мамлекеттик, муниципалдык башкаруунун абалыменен учурдагы өлкөнүн социалдык-экономикалык потенциалынын ортосундагыажырымды жењүү, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн зарыл болгонөбөлгөлөрдү түзгөн. Администрациялык реформаны илгерилетүү боюнча негизделген чечим-дерди иштеп чыгуу үчүн Кыргызстанда функциялык талдоо жүргүзүүнүн кењи-ри апробацияланган методологиясы колдонулган. Мында, мамлекеттик башка-руу органдарынын түзүмүн андан ары өркүндөтүү маселелерине, оптималдуууюштуруучулук түзүмүн аныктоого бири-бирин кайталоочу жана эскиргенфункцияларды аныктоого жана жоюуга, адам ресурстарын өнүктүрүүгө, мам-лекеттик кызматка кыйла компетенттүү жана келечектүү адистерди тандоогобагытталган кадрдык саясатты жүргүзүү боюнча ишти жакшыртууга өзгөчөкөњүл бурулган. Администрациялык реформанын кезектеги этабы пландаштырылган мак-саттарга жетүү жана артыкчылыктуу милдеттерди аткаруу, алардын ичиндеадминистрациялык тоскоолдуктардын дењгээлин төмөндөтүүнүн эсебинен эко-номиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, маалыматтыкачык-айкындыкты жогорулатуу аркылуу инвестициялык климатты жакшыртуу,мамлекет менен бизнестин өз ара мамилелеринин туруктуулугун бекемдөө,коррупциянын дењгээлин төмөндөтүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүнсапатын жогорулатуу жана анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун эсебиненжашоонун дењгээлинин өсүшүн камсыздоо жагында мамлекеттик башкаруунуннатыйжалуулугун арттыруу менен байланышкан конкреттүү натыйжаларга же-тишүүгө багытталган. Мамлекеттик органдардын облустук түзүмдөрүн этабы менен кыскартуу,администрациялык-аймактык бирдиктерди ирилештирүү жана милдеттер мененфункцияларды башкаруунун төрт дењгээлдүү системасынан үч дењгээлдүүсүнөбөлүштүрүүнүн негизинде өтүү каралган Кыргыз Республикасынын Президен-тинин "Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш систе-масын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө" 2007-жылдын4-июлундагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча конкреттүү иштер жүргүзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган
Жарлыгы ат-каруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 27-июлун-дагы № 295 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлунда-гы "Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш системасынкайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашы-руу тууралуу" токтому кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-нистринин 2007-жылдын 1-августундагы № 345
буйругу менен республикалыккомиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлгөн, ал бардык министрликтер жанаадминистрациялык ведомстволор, борбордук жана башка органдар боюнчааналитикалык иштерди жүргүзгөн. Комиссия облустук жана аймактык дењ-гээлдерде мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмдөрүн өркүндөтүүгө жа-на кызматкерлердин оптималдуу штаттык санын аныктоого өзгөчө көњүл бур-ду. Комиссиянын жүргүзгөн иштеринин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 16-октябрындагы № 468 "Кыргыз Республи-касынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы "Кыргыз Республикасындаадминистрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепци-ялык мамиле кылуу жөнүндө"
Жарлыгын аткаруунун жүрүшү жана администра-циялык реформаны терењдетүү боюнча чаралар тууралуу" токтому кабылалынган. Бул токтомго ылайык жалпы республика боюнча облустук дењгээл-деги башкармалыктардын жалпысынан 124 түзүмү жоюлган, натыйжада кызмат-керлердин штаттык саны 1777 адамга кыскарган, каражаттардын шарттууүнөмдөлүшү 122,0 млн. сомду түзөт. Ведомстволорго караштуу айрым аймактык бөлүмчөлөрдүн жоюлушуна жа-на өзгөртүп кайра түзүлүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн түзүмдөрүндөгү болгон өзгөртүүлөр функциялык талдоонун борбордук,ошондой эле аймактык дењгээлдерде улантылышынын зарылчылыгын аныктады. Бул максаттарда мамлекеттик башкаруу органдарында статс-катчыларжана жетекчилердин биринчи орун басарларынын жетекчилигинде функциялыкталдоо жүргүзүү боюнча жумушчу топтор түзүлгөн, алардын курамына 280денашуун кыйла тажрыйбалуу жана компетенттүү адистер кирген. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, ПРООНдун"Демократиялык башкаруу" программасы менен бирдикте жумушчу топтордунмүчөлөрү менен окутуучу семинарлар жана тренингдер өткөрүлгөн, алардаөткөн жылдардагы топтолгон тажрыйбалардын негизинде милдеттер аныктал-ган, чет өлкөлүк жана жергиликтүү эксперттер тарабынан иштелип чыкканфункциялык талдоо жүргүзүүнүн методологиясы берилген. Функциялык талдоону сапаттуу жүргүзүү максатында мамлекеттик ор-гандарда ченемдик укуктук базага талдоо жүргүзүүнү, башкаруунун би-ри-бирин кайталоочу, ашыкча жана эскирген түзүмдөрүн жана функцияларынжоюуну камтыган иш-чаралардын пландары иштелип чыккан жана бекитилген. Мамлекеттик башкаруу органдарынын ишмердигин жонго салуучу учурда-гы ченемдик укуктук базаны инвентаризациялоо боюнча бир топ иш аткарыл-ган. 667 ченемдик укуктук актыга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын337 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 72 жарлыгына, Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 155 токтомуна жана буйругуна, министрлик-тер, ведомстволор жана алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү тууралуу жүздөнашуун жобого талдоо жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө колдонуудагы 73 мыйзамга, Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн 22 токтомуна, министрликтер жана ведомстволор жө-нүндө жоболордун көпчүлүгүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.Жањы мыйзам долбоорлорун даярдоо зарылдыгы келип чыккан. 40 министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ве-домствонун борбордук аппараттарында, алардын 108 ведомстволорунун жанабашкаруунун 713 аймактык түзүмдөрүндө функциялык талдоо жүргүзүүнүн ке-зектеги этабы толук текшерүү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген алар тарабы-нан аткарылуучу милдеттерге жана функцияларга сандык жана сапаттык баа-лоону биринчи жолу чагылдырып, функцияларды бирдей типке келтирүү кыл-даттык менен жүргүзүлгөн. Саясат иштеп чыгуу боюнча 100гө жакын функци-ялар ведомстволук жана аймактык түзүмдөр тарабынан аткарылып жаткандыгыбелгиленген, алар функциялык талдоонун жүрүшүндө министрликтердин, мам-лекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун борбордукаппараттарына аткаруу үчүн өткөрүп берилген. Функциялык талдоонун натыйжасында 24 милдет жана 331 функция жою-лууга тийиш, анын ичинде ашыкча жана эскиргендер - 80 функция, 14 укук-тук базасы жок жана ведомствонун ичинде кайталоочу катары - 237, төмөнтурган ведомстволук түзүмдөргө- 122, аймактык түзүмдөргө - 150 функция,жергиликтүү башкаруу органдарга - 48 функция жана 24 функция министр-ликтер жана ведомстволор ортосунда кайталоочу катары өткөрүп берилүүгөтийиш. Мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүүгө, мамлекет-тик органдын өнүгүүгө муктаждыгын эске алуу менен оптималдуу уюштуруутүзүмүн жана штаттык санды аныктоого өзгөчө көњүл бурулган. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялыкведомстволордун борбордук аппараттарындагы жүргүзүлгөн иштердин натый-жасында 121 башкармалык, бөлүм жана сектор, республикалык дењгээлдегиведомстволук түзүмдөрдө жана аймактык түзүмдөрдө тиешелүү түрдө 69 жана289 башкармалык, бөлүм жана сектор жоюлууга тийиш. Милдеттердеги жана функциялардагы болуп өткөн өзгөрүүлөрдү эскеалуу менен республикалык жана аймактык дењгээлде 1058 түзүмдүк бөлүмчөжарым жартылай өзгөрүлүп кайра түзүлүүгө дуушар болушту. Ошол эле учур-да жањы экономикалык саясатка байланыштуу экономиканы жана жарандыккоомчулукту өнүктүрүүгө байланышкан жањы милдеттердин чечимдерине мам-лекеттик аппараттын шайкеш келүүсүнө байланыштуу штаттык санды көбөйт-пөстөн жањы башкармалыктарды жана бөлүмдөрдү түзүү каралууда, жалпысы-нан республика боюнча аткаруу үчүн 210 жањы функция киргизилет. Функциялык талдоонун жүрүшүндө кадрлык ишти өркүндөтүү боюнча иш-мердик талданды. Ишке квалификациялуу адистердин келиши, иште жањы иде-яларды жана ыкмаларды киргизүү, жарандардын мамлекеттик кызматка бирдейжеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында администрациялык бош кызмат орун-дарга конкурстук тандоо кењири колдонула баштады. 2007-жылы мамлекеттикоргандарга 2938 адис же дайындалгандардын 96,9 проценти конкурстук не-гизде алынган. Адистердин кесиптик даярдыгына карата өсүп жаткан талаптарды, ад-министрациялык бош кызмат орундарга ишке алууда ачык-айкын жана калысконкурстук тандоону камсыздоо, аттестацияларды жана квалификациялык эк-замендерди жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу зарылдыгын эске алып КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин алдындаТестирлөө борбору ачылган, ал кадрлык иште коррупция, көтөрмөлөө жанажердешчилик сыяктуу көрүнүштөрдү жоюуга өбөлгө болот. 2007-жылы аттестация 16 мамлекеттик органда өткөрүлүп, 2016 кыз-маткер аттестация жол-жобосунан өткөн, алардын көпчүлүгү ээлеп турганкызмат орундарына ылайыктуу деп табылган. 3 мињге жакын мамлекеттик кызматчы кыска жана орто мөөнөттүү курс-тардан өтүшкөн. Кадрлык ишти өркүндөтүү боюнча көрүлгөн чаралар мамле-кеттик кызматчылардын сапаттык курамын жакшыртууга мүмкүндүк берди. Ми-нистрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомс-тволордун борбордук аппараттарында иштеген 3099 адистин 3013ү же 97,2проценти жогорку билимдүү. Кийинки убакта жаштардын мамлекеттик кызмат-ка келиши көбөйүп жатканын белгилеп коюу керек. Министрликтердин жанаведомстволордун борбордук аппараттарында иштеген 40 жашка чейин адистер54,2 процент. Гендерлик саясат активдүүрөөк жүргүзүлө баштады. Министрликтердинжана ведомстволордун борбордук аппараттарында 1394 аял иштейт же бул 45проценти, 648 башкармалыктын жана бөлүмдүн начальниктеринин ичинен215ин аялдар жетектейт же бул 30,0 процент. Функциялык талдоо жүргүзүүдө башкаруунун заманбап маалыматтык-ком-муникациялык технологияларын киргизүү боюнча иштер изилденди. Статистика, салыктар, бажылык жыйымдар, социалдык колдоо жана со-циалдык коргоо, нормативдик укуктук актылар, медициналык камсызданды-руу, дары-дармек менен камсыздоо жана кыймылсыз мүлк боюнча улуттукмаалыматтык ресурстар түзүлгөн жана такай толукталып турат. Көптөгөн министрликтерде жана администрациялык ведомстволордо фун-кционалдык талдоо тийиштүү дењгээлде жүргүзүлгөн. Ушуну менен бирге эле администрациялык реформа боюнча жүргүзүлүпжаткан иштер белгиленген натыйжаларга жетүүнү али толук камсыздабай,мамлекеттик башкаруунун сапатында жана мамлекеттик органдардын иштери-нин натыйжалуулугунда байкаларлык жогорулоолорго жетишилген эмес. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистрлигинде, айрыкча аймактык подразделениелеринде функциялык талдоотийиштүү дењгээлде жүргүзүлгөн эмес. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кыр-даалдар министрлигинин системасында функциялык талдоону кылдатыраакжүргүзүү талап кылынат. Айрым мамлекеттик органдар мурдагыдай эле утурумдук маселелер ме-нен алектенип," келечектүү стратегиялык маселелерди көз жаздымда калты-рышат, артыкчылыктуу максаттарга жетүү боюнча конкреттүү чаралар дайымэле иштелип чыкпайт, кээде практикалык иш экономикада жүргүзүлүп жатканреформалардан артта калат. Башкаруучулук ишти өркүндөтүүгө жана мамлекеттик органдардын иши-нин натыйжалуулугун жогорулатууга байланышкан маселелер көз жаздымдакалтырылат. Ата мекендик жана эл аралык мыкты тажрыйбаны эске алуу ме-нен мамлекеттик кызматты жана персоналды натыйжалуу башкаруу, мамлекет-тик аппараттын ишин өркүндөтүү, мамлекеттик кызматчылардын квалификаци-ясын жогорулатуу, башкаруунун заманбап маалыматтык-коммуникациялык тех-нологияларын кењири киргизүү жана коомчулук менен байланышты өнүктүрүүбоюнча иштечү структуралар али бардыгында түзүлө элек. Мамлекеттик органдарда штаттык санды кыскартууга тийиштүү ынтызар-лык жок. Кээде өлкөнүн ресурстук потенциалы тийиштүү эске алынбастанжана күтүлгөн натыйжа жана майнап талданбастан эле штаттык санды көбөй-түү жана жањы башкаруу структураларын түзүү боюнча сунуштар киргизилет. Айрым мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилери кабыл алынганчечимдерди контролдоо жана өз убагында аткаруу, кадрлардын жоопкерчили-гин жогорулатуу жана аткаруучулук тартипти чыњдоо маселелерине тийиштүүкөњүл бурушпайт. Мамлекеттик кызматчылардын кызматтык милдеттерди атка-руусуна максаттуу мониторинг жүргүзүлбөйт. Мамлекеттик органдардастатс-катчынын институтун киргизүү азырынча тийиштүү натыйжа бере элек,бул көбүнчө алар өзүнө тиешеси жок функцияларды аткарышканына байланыш-туу. Статс-катчылар мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жо-горулатуу боюнча ишти уюштурууга байланыштуу милдеттерин толук көлөмдөаткарышпайт. Мамлекеттик бош кызмат орундарга конкурстук тандоосуз дайындаганфактылар бар. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу жана квалифика-циясын жогорулатуу маселеси азырынча тийиштүү дењгээлде чечиле элек.Айрым жетекчилер кызматкерлерди окутууну мамлекеттик органдын ишининнатыйжалуулугун арттыруунун жана администрациялык системага инновация-ларды киргизүүнүн каражаты катары карашпайт. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академия-сында түзүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалифика-циясын жогорулатуу боюнча борборлор анча натыйжалуу иштешпейт. Мамлекеттик кызматчылардын алдыњкы тажрыйбаны үйрөнүү жана квали-фикацияны жогорулатуу боюнча чет өлкөлөргө кызматтык командировкаларсистемасы натыйжасыз. Кээде алар кокустук мүнөздө болуп, мурдатан план-даштырылбайт, мамлекеттик кызматчыларга конкреттүү тапшырмалар берил-бейт, командировканын жыйынтыгы боюнча алардан иштиктүү сунуш мененолуттуу отчет берүү талап кылынбайт. Мамлекеттик башкаруу органдарында өздөрүнүн иштери жана кабыл алы-нып жаткан чечимдер жөнүндө жарандарга маалымдоо боюнча иш тийиштүүдењгээлде жүргүзүлбөйт, бул мамлекеттик бийлик органдарына ишенимди жо-горулатып, алардын иштерине коомдук контролду күчөтүп, ошондой эле кал-ктын кабыл алынчу чечимдерди иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга каты-шуусун кењейте алаар эле. Функциялык талдоо мамлекеттик органдардын функцияларын жана струк-тураларын оптималдаштыруунун аспабы эле болбостон, проблемаларды жанаадминистрациялык реформаны андан ары илгерилетүү үчүн негизги багыттар-ды аныктаганын да белгилеп коюу керек. Мисалы, функциялык талдоонун жүрүшүндө жана кийин министрликтерменен ведомстволордун жетекчилеринин отчетторун угууда мамлекеттик ор-ган жөнүндө жобонун, структуралык подразделение жөнүндө жобонун бирдик-түү форматы жок экендиги билинди. Ушуга байланыштуу статусу боюнча бир-дей органдар жобонун ар кандай форматтарын пайдаланышат. Айрым мамле-кеттик органдарда мамлекеттик кызматчылардын кызмат боюнча нускамаларыжок. Мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларынын реестри жок, булбир эле функцияны ар түрдүү редакцияларда бурмалоого мүмкүндүк берип,тигил же башка мамлекеттик органдын функцияларынын тизмесиндеги реалдууөзгөрүүлөрдүн байкоого алынышын кыйындатууда. Бир мамлекеттик органдынтигил же башка функцияларын башка органга өткөрүп берүү нормативдикукуктук актыларда чагылдырылбаган фактылар бар. Функциялык талдоонун жыйынтыгын ишке ашырууда орчундуу проблемаларбар. Функциялык талдоонун натыйжаларын координациялоо, мониторингдөөжана баалоо боюнча ыйгарым укуктуу структура ушул кезге чейин жок. Аныжүргүзүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтор убактылуу мүнөздө. Ушул себеп-тен кээде мурда жүргүзүлгөн функциялык талдоолор жөнүндө материалдарсакталбайт, ошондой эле алардын сакталышы жана толукталып турушу үчүнжоопкерчилик жок. Натыйжада туруктуу институттук эс-тутум жок, бул маа-нилүү ишти уюштурууда жана жүргүзүүдө уланмалуулук жоголууда. Функция-лык талдоо жүргүзүү боюнча ишти аткарууга байланышкан ыйгарым укуктарэч бир жерде конкреттүү кызматкерлерге бекитилген эмес. Айрым рекомен-дациялар аткарылбастан калат жана функциялык талдоонун натыйжалуулугутөмөндөйт. Мамлекеттик башкаруунун структурасын, мазмунун жана функцияларынандан ары активдүү өркүндөтүүнүн, көрсөтүлчү мамлекеттик кызматтардынсапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуунун өзгөчө маанилүүлүгүнөнулам, администрациялык-аймактык реформанын II этабын жүргүзүүгө даярда-нуу зарылдыгын көњүлгө алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын администра-циялык реформа жүргүзүү боюнча 2007-жылы аткарылган иштери жөнүндө от-четтору көњүлгө алынсын. 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик ад-министрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары: - администрациялык реформа жана функциялык талдоо жүргүзүү боюнчажасалган иштин жыйынтыктарын сын көз менен талдап чыгышсын жана оруналган кемчиликтерди жоюу боюнча конкреттүү чараларды көрүшсүн, мындабашкаруу структурасын жана штаттык санды оптималдаштыруу, кадрлык иштиөркүндөтүү, мамлекеттик кызматчылардын кызматтык милдеттерди аткарууүчүн жоопкерчиликтерин күчөтүү жана аткаруучулук тартипти чыњдоо, баш-каруу органдарында башкаруунун сапатын жана иштин натыйжалуулугун жого-рулатуу боюнча иштин активдүү улантылышына өзгөчө көњүл бурушсун; "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынынконституциялык Мыйзамынын жана функциялык талдоонун жыйынтыктарынын не-гизинде министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары жөнүндө жоболорго өзгөр-түүлөрдү киргизүү, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, адми-нистрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жа-на алардын ведомстволук жана аймактык подразделениелеринин структурала-рын өзгөртүп уюштуруу штаттык санды кошумча көбөйтпөстөн ишке ашырылаа-рын эске алуу менен структурасын жана штаттык сандарын бекитүү жөнүндөКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун долбоорлорун эки айлыкмөөнөттүн ичинде даярлашсын жана белгиленген тартипте киргизишсин; - республикалык дењгээлде кайталанып жаткан функциялардын тизмесиналардын андан аркы аткарылуу жана бир конкреттүү мамлекеттик башкарууорганына бекитип берүү мүмкүндүгүн аныктоо үчүн бир айлык мөөнөттүничинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө беришсин; - функциялык талдоо жүргүзүү боюнча жумушчу топтордун курамдарынкайра карап, аларды функциялык талдоо жана анын жыйынтыгы боюнча беки-тилген рекомендациялардын аткарылышын контролдоо маселеси боюнча турук-туу негизде иштечү тажрыйбалуу жана компетенттүү адистер менен чыњдаш-сын; - рекомендациялардын сапаттуу аткарылышына бөгөт болгон тоскоол-дуктарды өз убагында талдашсын жана жоюшсун. Ушул максатта квартал сай-ын анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү ишке ашырышсын; - мурда жүргүзүлгөн функциялык талдоолордун материалдары жана булмаанилүү ишти уюштурууда жана жүргүзүүдө уланмалуулуктун сакталышынкамсыздашсын; - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы №333 "Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш система-сын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгын жанаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-октябрындагы № 468"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы "КыргызРеспубликасында администрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюш-турууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгын аткаруунун жүрүшүжана администрациялык реформаны терењдетүү боюнча чаралар тууралуу"токтомун аткаруунун жүрүшүн эки айлык мөөнөттүн ичинде талдашсын жанааларды толук көлөмдө аткаруу үчүн бардыгын камтыган чараларды көрүшсүн.Талдоонун жыйынтыгы боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөберишсин; - структуралык подразделениелер аларга тапшырылган функциялардысапаттуу аткарышына зарыл контролду тартипке салуу жана ишке ашыруу,болуп жаткан өзгөрүүлөрдү өз убагында байкоого алуу максатында бардыкжерлерде өзүлөрүнүн буйруктары жана чечимдери менен функциялардын реес-трин бекитишсин; - мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарынын функцияларын бөлүштүрүү боюнча ишти улантышсын. 3. Башкаруунун борбордук органдарынын облустук жана аймактык дењ-гээлдердеги бир топ структуралары жоюлганына жана облустук мамлекеттикадминистрациялардын аппараттарында тийиштүү башкаруу структуралары тү-зүлгөнүнө байланыштуу жоюлган башкаруу структураларынын айрым функция-ларын аткаруу жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга № 1 жана2-тиркемелерге ылайык өткөрүп берилсин. Облустардын мамлекеттик администрацияларынын башчылары - губерна-торлор министрликтер жана ведомстволор менен ишкер жана ынтызар өз арамамилени жөнгө салуу жана өткөрүп берилген функцияларды натыйжалуу пай-далануу боюнча чараларды көрүшсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун система-ларында, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация-ларында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында функциялыкталдоо жүргүзүү мөөнөтү 2009-жылдын декабрына чейин узартылсын. 5. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштерибоюнча улуттук агенттигине төмөнкүлөр сунушталсын: - эл аралык уюмдардын көмөгү менен 2009-жылдын декабрына чейинбардык мэрияларда, шаар өкмөттөрүндө жана айыл өкмөттөрүндө функциялыкталдоо жүргүзүү; - функциялык талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө материалдардыКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү. 6. Администрациялык реформа жүргүзүүгө жана анын тийиштүү сапатынкамсыздоого байланышкан проблемалардын маанилүүлүгүн жана татаалдыгынэске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр-ге бул максат үчүн уюштуруу структурасын түзүү мүмкүндүгүн изилдөө,анын ичинде анын иштеши үчүн эл аралык уюмдардын грант каражаттарынтартуу мүмкүндүгүн эске алуу менен изилдөө тапшырылсын. 7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агент-тигине Дүйнөлүк банктын колдоосунда мамлекеттик кызматчыларды окутуусистемасына талдоо жүргүзүү жана ушул жылдын аягына чейин аларды оку-туунун Улуттук стратегиясын иштеп чыгуу сунушталсын. 8. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары жана жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялар "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы катуу сакталышын камсыздашсын, анын ичинде: - администрациялык бош орундарга конкурс менен алуу жагын, бошорундар жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттикпорталда жана өздөрүнүн веб-сайттарында жарыялоо менен жүргүзүшсүн. Булиште Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги-нин алдында жањы түзүлгөн Тестирлөө борборунун мүмкүнчүлүгүн толугураакпайдаланышсын, ал мамлекеттик кызматка адистердин ишмердик, адистик жа-на моралдык сапаттары боюнча гана тандалышын камсыздашы керек; - мамлекеттик кызматчыларды өз убагында жана сапаттуу аттестация-лоо жагында; - мамлекеттик кызматчыларга класстык чиндерди ыйгаруу жагында. 9. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,администрациялык ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдарыкызыкдар органдар менен бирдикте мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүнреестрлерин жана стандарттарын түзүүгө киришсин жана аларды 2009-жылдынапрель айына чейин бекитишсин. 10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынынбиринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы № 522 токтомуна № 1 тиркеме Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жоюлган, өзгөртүп уюштурулган аймактык подразделениелеринин Кыргыз Республикасынын облустарынын мамлекеттик администрацияларына өткөрүп берилчү функцияларынын ТИЗМЕСИ -----------------------------------------------------------------------|№ | Жоюлган аймактык |Өткөрүп берилчү функциялардын тизмеси|| | подразделениелердин | || | аталышы | ||--|----------------------------|-------------------------------------||1 |Кыргыз Республикасынын |1. Облуста бирдиктүү || |Финансы министрлигинин |социалдык-экономикалык саясатты түзүү|| |облустук башкармалары |процессин аныктайт жана || | |координациялайт. || | |2. Облустун экономикалык || | |программаларын жана стратегияларын || | |иштеп чыгат. || | |3. Облустун кыска-, орто- жана узак || | |мөөнөттүк макроэкономикалык || | |божомолдорун иштеп чыгат. || | |4. Облустун божомолдору Кыргыз || | |Республикасынын Финансы || | |министрлигинде жакталышын камсыздайт.|| | |5. Башка башкармалар, комитеттер, || | |жергиликтүү мамлекеттик || | |администрациялар менен бирдикте || | |облусту социалдык-экономикалык || | |өнүктүрүүнүн индикативдик пландарын || | |иштеп чыгат жана аларды Кыргыз || | |Республикасынын Финансы || | |министрлигинин кароосуна киргизет. || | |6. Облусту социалдык-экономикалык || | |өнүктүрүү программалары аткарылышын || | |баалоо максатында комплекстүү || | |макроэкономикалык анализ жүргүзөт. || | |7. Опурталдардын жана тобокелдердин || | |таасирлерине мониторинг жана баалоо || | |жүргүзөт, макроэкономикалык || | |стабилдүүлүктү жана бюджеттин || | |туруктуулугун сактоо боюнча || | |чараларды көрөт. || | |8. Өз компетенциясынын чегинде || | |облусту социалдык-экономикалык || | |камсыздоого байланыштуу башка || | |функцияларды аткарат. ||--|----------------------------|-------------------------------------||2 |Кыргыз Республикасынын |1. Облустун экономикасын өнүктүрүү || |Экономикалык өнүгүү жана |үчүн эл аралык уюмдардын жана || |соода министрлигинин |мекемелердин каражаттарын, донор || |облустук башкармалары |өлкөлөрдүн гранттарын тартат. || | |2. Өз компетенциясынын чегинде чет || | |өлкөлүк өнөктөр, уюмдар жана || | |ишканалар, инвесторлор менен || | |келишимдерди түзөт. || | |3. Инвесторлорго инвестициялык || | |долбоорлорду даярдоого, ишке || | |ашырууга жана жылдырууга жардамдашат.|| | |4. Иш менен камсыздыктын, || | |демографиялык өнүгүүнүн, элдин турмуш|| | |дењгээлинин проблемаларын эске алуу || | |менен мамлекеттик социалдык саясатты || | |түзүүгө катышат. || | |5. Ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү || | |инфраструктурасын калыптандырууга, || | |ишкердикти өнүктүрүү үчүн || | |бизнес-борборлорду, || | |бизнес-инкубаторлорду, || | |консультациялык, аудитордук жана || | |юридикалык кызматтарды түзүүгө || | |жардамдашат. || | |6. Инвесторлордун ишкердик жүргүзүүсү|| | |үчүн макулдашуучу, уруксат берүүчү || | |жана башка документтерди белгиленген || | |тартипте тариздөө процедурасын || | |тездетүүгө көмөктөшөт. ||--|----------------------------|-------------------------------------||3 |Кыргыз Республикасынын Айыл,|1. Өз компетенциясынын чегинде Кыргыз|| |суу чарба жана кайра иштетүү|Республикасынын Айыл, суу чарба жана || |өнөр жай министрлигинин |кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин|| |облустук агрардык саясат |ведомствого караштуу, облуста || |кызматтары |жайгашкан аймактык || | |подразделениелеринин иштерин || | |координациялайт. || | |2. Азык-түлүк программасын ишке || | |ашыруу маселеси боюнча мамлекеттик || | |айыл чарба ишканаларынын иштерин || | |контролдойт. || | |3. Айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн|| | |жана иштетүүнүн абалы жөнүндө || | |оперативдүү маалыматтарды жалпылайт || | |жана анализдейт. || | |4. Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү өз || | |убагында материалдык-техникалык || | |камсыздоо маселесинде жардамдашуу || | |боюнча чараларды көрөт. || | |5. Айыл чарба продукциясынын || | |көрсөтмөлөрүн жана жармањкелерин || | |өткөрүү боюнча ишти координациялайт. || | |6. Айылдык товар өндүрүүчүлөргө айыл || | |чарба өндүрүшүн уюштуруу жана || | |өнүктүрүү маселелери боюнча || | |информация жана консультация берүү || | |боюнча чараларды көрөт. || | |7. Өз компетенциясынын чегинде || | |мониторинг жүргүзөт жана облустун || | |аймагында жер жана агрардык реформаны|| | |ишке ашырууга көмөк көрсөтөт. || | |8. Райондук мамлекеттик || | |администрацияларга, жергиликтүү өз || | |алдынча башкаруу органдарына, || | |жарандарга жер жана агрардык реформа || | |маселесинде консультациялык жардамды || | |камсыздоо боюнча ишти уюштурат. || | |9. Чарбакер субъекттерге жана элге || | |кызматтарды көрсөтүү үчүн || | |маркетингдик жана информациялык || | |кызматтардын түзүлүшүнө жана иштешине|| | |жардамдашат. | | | |10. Экономиканын агрардык секторун || | |өнүктүрүүнүн белгиленген пландары || | |аткарылышын контролдойт ||--|----------------------------|-------------------------------------||4 |Кыргыз Республикасынын Эмгек|1. Социалдык мобилизация жолу менен || |жана социалдык өнүктүрүү |жакырчылыкты жоюу боюнча чаралар || |министрлигинин облустук |комплекси аткарылышын уюштурат || |башкармалары | ||--|----------------------------|-------------------------------------||5 |Кыргыз Республикасынын Билим|1. Билим берүү, балдарды жана || |берүү жана илим |жаштарды тарбиялоо системасын || |министрлигинин облустук |өнүктүрүү боюнча региондук || |билим берүү башкармалары |программаларды жана утурумдук || | |пландарды иштеп чыгууга жардамдашат || | |2. Аткаруучу бийликтин жергиликтүү || | |органдарынан, менчиктин бардык || | |түрүндөгү мекемелерден, уюмдардан || | |мамлекеттик билим берүү жана жаштар || | |саясатын ишке ашыруу маселеси боюнча || | |маалыматтарды сурайт жана анализдейт.|| | |3. Ата мекендик, чет өлкөлүк || | |инвесторлордун, кайрымдуулук || | |уюмдардын каражаттарын тартууга жана || | |алардын билим берүү чөйрөсүндө || | |натыйжалуу пайдаланылышын камсыздоого|| | |жардамдашат. || | |4. Балдар үйлөрүнүн, интернат || | |мектептердин материалдык-техникалык || | |базасын чыњдоо, ошондой эле алардын || | |бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу жана || | |окууга жиберүү маселелери боюнча || | |мониторинг жүргүзөт жана жардамдашат.|| | |5. Социалдык жактан корголбогон || | |үй-бүлөлөрдөгү балдарды, жетим || | |балдарды жана ата-энесинин (мыйзамдуу|| | |өкүлдөрүнүн) кароосуз калган балдарды|| | |окутуу жана тарбиялоо үчүн шарт түзүү|| | |маселеси боюнча мониторинг жүргүзөт || | |жана жардамдашат. || | |6. Региондогу балдар-өспүрүмдөр || | |уюмдарынын жарандык, рухий-ыймандык, || | |этикалык-маданий, чыгармачылык, || | |социалдык-экономикалык, || | |аскердик-патриоттук, экологиялык, || | |информациялык-техникалык, || | |спорттук-ден соолукту чыњдоочу || | |иштерди өркүндөтүшүнө жардамдашат. || | |7. Жаштар арасында социалдык || | |процесстерди, алардын региондогу || | |социалдык-экономикалык, илимий, || | |маданий, саясий абалга таасирин || | |анализдейт жана божомолдойт. || | |8. Облуста жаштар иш-чараларды || | |(көрсөтмөлөр, жармањкелер, || | |фестивалдар, конкурстар, эмгек || | |биржалары, мелдештер, олимпиадалар, || | |оюндар), ошондой эле ишкер жана || | |илимий симпозиумдарды, || | |конференцияларды жана башка || | |иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү || | |маселелерин координациялайт || | |9. Билим берүү жана жаштар саясаты || | |объекттерин курууга, капиталдык || | |ремонттоого, реконструкциялоого || | |капиталдык салымдарды салуунун || | |көлөмүн аныктоо, || | |архитектуралык-инженердик жана || | |материалдык-техникалык базаны || | |өнүктүрүү пландарын түзүү || | |маселелерин координациялайт. || | |10. Окуучулардын жайкы эс алуусун || | |уюштуруу маселеси боюнча көмөк || | |көрсөтөт жана контролдойт. ||--|----------------------------|-------------------------------------||6 |Кыргыз Республикасынын |1. Облуста маданиятты өнүктүрүү || |Маданият жана маалымат |концепциясын жана стратегиясын иштеп || |министрлигинин облустук |чыгууга катышат. || |башкармалары |2. Маданияттын аймактык органдарынын || | |жана мекемелеринин иштерин || | |мониторингдейт жана анализдейт. || | |3. Маданиятты жана искусствону || | |өнүктүрүү үчүн оптималдуу шарттарды || | |түзүү боюнча чараларды көрөт. || | |4. Конкурстарды, фестивалдарды, || | |кароолорду, башка иш-чараларды || | |уюштуруу маселесин координациялайт. ||--|----------------------------|-------------------------------------||7 |Кыргыз Республикасынын |1. Квалификациялуу жумушчуларды, || |Өкмөтүнө караштуу |облустагы чакан жана орто бизнес үчүн|| |Кесиптик-техникалык билим |ишкерлерди даярдоонун бирдиктүү || |берүү боюнча мамлекеттик |мамлекеттик саясатын жүргүзүүгө || |агенттиктин облустук |жардамдашат. || |башкармалары |2. Кесиптик-техникалык билим берүү || | |системасында педагогикалык || | |конференцияларды, педагогдук || | |чеберчиликтин конкурстарын уюштурууга|| | |жана өткөрүүгө жардамдашат. || | |3. Кесиптик-техникалык билим берүү || | |маселеси боюнча семинарларды, || | |кењешмелерди жана башка иш-чараларды || | |уюштурууга жана өткөрүүгө жардамдашат|| | |4. Кесиптик-техникалык окуу жайлардын|| | |кесиптик-техникалык билим берүү || | |маселеси боюнча жергиликтүү басма сөз|| | |радио жана телекөрсөтүү органдары || | |менен байланыштарын чыњдоого || | |жардамдашат. || | |5. Жумушчу кадрларды даярдоону || | |өркүндөтүү жана пайдалануу боюнча || | |рекомендацияларды иштеп чыгуу || | |максатында кесиптик-техникалык || | |билим берүүнүн, мамлекеттик || | |администрациянын жана иш || | |берүүчүлөрдүн өкүлдөрүн катыштыруу || | |менен Координациялык кењеш түзөт, || | |анын ишин уюштурат. ||--|----------------------------|-------------------------------------||8 |Кыргыз Республикасынын |1. Шаар куруу жана архитектура ишинде|| |Өкмөтүнө караштуу |чакан жана орто ишкердикти || |Архитектура жана курулуш |өнүктүрүүгө шарт түзөт. || |боюнча мамлекеттик | || |агенттиктин облустук | || |башкармалары | |----------------------------------------------------------------------- Эскертүү: облустардын мамлекеттик администрацияларынын алдында иш-теген дене тарбия жана спорт боюнча жоюлган бөлүмдөрдүн функцияларынуюштуруучулар кайра бөлүштүрүшөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы № 522 токтомуна № 2 тиркеме Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жоюлган, өзгөртүп уюштурулган аймактык подразделениелеринин Кыргыз Республикасынын райондорунун мамлекеттик администрацияларына жана шаарларынын мэрияларына өткөрүп берилчү функцияларынын ТИЗМЕСИ -----------------------------------------------------------------------|№ | Жоюлган аймактык | Өткөрүп берилчү функциялардын тизмеси || | подразделениелердин | || | аталышы | ||--|----------------------|-------------------------------------------||1 |Кыргыз Республикасынын|1. Ички рыноктун конъюнктурасына || |Айыл, суу чарба жана |мониторингдин жана анализдин негизинде || |кайра иштетүү өнөр жай|тамак-аш жана айыл чарбалык продукция || |министрлигинин |өндүрүү пландарын түзүү боюнча сунуштарды || |облустук агрардык |киргизет. || |саясат кызматтары |2. Ички резервдерди аныктоо боюнча иш || | |жүргүзөт, тамак-аш жана айыл чарба || | |продукцияларын өндүрүүнүн жана экспортко || | |чыгаруунун көлөмүн көбөйтүү боюнча || | |сунуштарды киргизет. || | |3. Айыл чарбанын жана кайра иштетүүчү өнөр || | |жайдын тармактарынын иштеринин натыйжаларын|| | |жалпылайт жана анализдейт. || | |4. Информациялык-маркетингдик кызматтардын || | |түзүлүшүнө жана иштетилишине жардамдашат. || | |5. Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн, сатып || | |алуучулардын жана иштетүүчүлөрдүн кењири || | |чөйрөсүнө айыл чарбалык продукцияны сатуу || | |рыногунун абалы жөнүндө маалымат берүү || | |боюнча ишти уюштурат. || | |6. Фермерлерди, жогорку сорттуу айыл чарба || | |өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өстүрүүчүлөрдү || | |которуштуруп айдоонун жана кыртышты || | |иштетүүнүн жањы методдорун жана || | |технологияларын колдонууга киргизүү боюнча || | |методикалык рекомендациялар менен камсыздоо|| | |боюнча ишти координациялайт. || | |7. Кооперативдердин, соодалоочу-сатып || | |алуучу уюмдардын, айыл чарба продукциясынын|| | |дүњ рынокторун түзүү жана өнүктүрүү боюнча || | |консультациялык кызматтардын уюштурулушуна || | |жардамдашат. || | |8. Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн өндүрүштүк|| | |иштерине жана кирешелүүлүгүнө анализ || | |жүргүзөт, аларга рентабелдүү өндүрүштү || | |түзүүгө жардамдашуу боюнча ишти уюштурат. || | |9. Жањы уюшулган дыйкан (фермердик) || | |чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине || | |айыл чарба жаныбарларын тоюттандыруунун || | |жана багуунун технологиясы, ошондой эле || | |жаныбарлардын ылањдарына каршы күрөшүү || | |маселелери боюнча рекомендация берүү || | |иштерин уюштурат. || | |10. Өз компетенциясынын чегинде жер || | |үлүштөрдү жана мүлктүк пайларды бөлүштүрүү || | |жана алуу боюнча талаш маселелерди чечүүгө,|| | |ошондой эле жер рыногун өнүктүрүүгө жардам || | |көрсөтөт. ||--|----------------------|-------------------------------------------||2 |Кыргыз Республикасынын|1. Элдин турмуш дењгээлинин абалын жана || |Эмгек жана социалдык |динамикасын анализдейт. || |өнүктүрүү |2. Калктын аз камсыз катмарларына || |министрлигинин |даректүү жардамды жана социалдык кызмат || |облустук социалдык |көрсөтүүлөрдү камсыздоо боюнча ишти || |коргоо башкармалары |мониторингдейт жана координациялайт. || | |3. Эл арасында социалдык коргоо маселеси || | |боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү || | |координациялайт ||--|----------------------|-------------------------------------------||3 |Кыргыз Республикасынын|1. Жашы жете электердин арасында укук || |Билим берүү жана илим |бузууларды жана кароосуздукту болтурбоо || |министрлигинин |боюнча ишти координациялайт. || |облустук билим берүү |2. Билим берүүчү жана медициналык || |башкармалары |мекемелердин, укук коргоочу жана башка || | |органдардын балдар жана жаштар арасында || | |наркоманиянын, алкоголизмдин алдын алуу || | |боюнча иштерин координациялайт. || | |3. Билим берүү мекемелерин электр, || | |жылуулук жана коммуналдык тейлөөнүн башка || | |түрлөрү менен камсыздоо маселелерин || | |чечүүгө жардамдашат. || | |4. Педагог кызматкерлердин турак || | |жай-тиричилик шарттарын жакшыртуу, жаш || | |адистерди алып калуу жана социалдык || | |колдоо боюнча чараларды көрөт. |----------------------------------------------------------------------- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов