Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-марты № 26
2023-жылдын 28-майына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Ленин округдук шайлоо комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
"№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 70 Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүүнүн, таркатуунун жана шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүүнүн, жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 28-майына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Ленин округдук шайлоо комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч.Койчукеевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 30-мартындагы № 26 токтомуна тиркеме |
Ленин округдук шайлоо комиссиясынын курамы Дареги: Бишкек ш., Москва көч., 15, тел.: (0312) 382426
№ | Фамилиясы Аты Атасынын аты | Статусу |
1 | Конуров Бахадыр Арунович | төрага |
2 | Нурланова Жанэт Нурлановна | катчы |
3 | Джетенбаев Канат Рахимбаевич | мүчө |
4 | Джумагулов Каныбек Калыбекович | мүчө |
5 | Дукембаева Эльмира Абуевна | мүчө |
6 | Исаков Азамат Токторбекович | мүчө |
7 | Канатов Мекен Капарович | мүчө |
8 | Келекоева Гулсат Асанбековна | мүчө |
9 | Кулданов Айбек Панарбекович | мүчө |
10 | Сулайманов Данияр Мадимович | мүчө |
11 | Федотова Виктория Вячеславовна | мүчө |
12 | Шыгай Тилек | мүчө |
13 | Щербинина Ольга Анатольевна | мүчө |