Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-марты № 29
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Өзгөн, Жалал-Абад, Чаткал жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын - Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылдык кеңеши боюнча;
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча;
- Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын - Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын - Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча.
Ошондой эле Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешиндеги депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын чечими келип түштү.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн, Жалал-Абад, Чаткал жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад, Чаткал жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Жалал-Абад, Чаткал жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч.Койчукеевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 30-мартындагы № 29 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ош облусу | |||
Өзгөн району | |||
1 | Көлдүк айылдык | Жалилов Өмүрбек Надырбекович | Өзгөн АШК, № 5, 27.03.2023-ж. (25.03.2023-ж. - өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Жалал-Абад шаары | |||
2 | Жалал-Абад шаардык | Кебекова Жанатхан Батырбековна (15) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 1, 27.03.2023-ж. (25.03.2023-ж. - өз арызы) |
3 |
| Джолдошев Айбек Доолатбекович (29) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 1, 27.03.2023-ж. (25.03.2023-ж. - өз арызы) |
Чаткал району | |||
4 | Сумсар айылдык | Жантаев Эсенбек Абдуллажанович | Чаткал АШК, № 1, 27.03.2023-ж. (24.03.2023-ж. - өз арызы) |
Нарын облусу | |||
Нарын шаары | |||
5 | Нарын шаардык | Бакирдинов Темирбек Жеңишбекович (2) "Республика" депутаттык фракциясы | Нарын шаардык АШК, № 6, 27.03.2023-ж. (27.03.2023-ж. - өз арызы) |
6 |
| Алымкулов Шайлообек Аписович (7) "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясы | Нарын шаардык АШК, № 5, 24.03.2023-ж. (17.03.2023-ж. - өз арызы) |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы: |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
К. Берикбаева |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 30-мартындагы № 29 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Нарын облусу | |||
Нарын шаары | |||
1 | Нарын шаардык | Усубалиев Бакытбек Дюшекович (8) "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | Нарын шаардык АШК, № 5, 24.03.2023-ж. (22.03.2023-ж. - өз арызы) |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы: |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
К. Берикбаева |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 30-мартындагы № 29 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
1 | Жалал-Абад шаардык | Бекешова Уларкан Жакыпжановна (27) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | № 4 мектеп-гимназиясы, директордун тарбия иштери боюнча орун басары | Жалал-Абад АШК, № 1, 27.03.2023-ж. |
2 |
| Даминов Согдиан Таджидинович (31) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Жалал-Абад АШК, № 1, 27.03.2023-ж. |
Чаткал району | ||||
3 | Сумсар айылдык | Сафаров Ильяс Кучкарович | Убактылуу иштебейт | Чаткал АШК, № 1, 27.03.2023-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
4 | Нарын шаардык | Бакиров Кайрат Маратович (5) "Республика" саясий партиясы | Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду, консультант | Нарын шаардык АШК, № 8, 23.03.2023-ж. |
5 |
| Сыдыгалиев Кенжебек Мукамбетович (10) "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | "Билимкана" менчик билим берүү мектеби, мугалим | Нарын шаардык АШК, № 7, 28.03.2023-ж. |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы: |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
К. Берикбаева |