Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2023-жылдын 4-апрели № 30
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Жайыл, Кара-Кулжа, Талас жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын - Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Коо айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын - Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак жана Кара-Кулжа айылдык кеңештери боюнча;
- Талас аймактык шайлоо комиссиясынын - Талас облусунун Талас районундагы Арал айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын - Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл, Кара-Кулжа, Талас жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жайыл, Кара-Кулжа, Талас жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Жайыл, Кара-Кулжа, Талас жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч.Койчукеевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 30 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Чүй облусу | |||
Жайыл району | |||
1 | Сары-Коо айылдык | Байзакова Наргиза Шайлообековна | Жайыл АШК, № 11, 29.03.2023-ж. (23.03.2023-ж. - өз арызы) |
Ош облусу | |||
Кара-Кулжа району | |||
2 | Сары-Булак айылдык | Бекмуратова Мунаргүл Убайдиллаевна | Кара-Кулжа АШК, № 3, 13.02.2023-ж. (24.01.2023-ж. - өз арызы) |
3 | Кара-Кулжа айылдык | Анарбай уулу Максат | Кара-Кулжа АШК, № 3, 13.02.2023-ж. (6.02.2023-ж. - өз арызы) |
Талас облусу | |||
Талас району | |||
4 | Арал айылдык | Талантбеков Калыс Талантбекович | Талас АШК, № 5, 27.03.2023-ж. (22.03.2023-ж. - өз арызы) |
Нарын облусу | |||
Нарын шаары | |||
5 | Нарын шаардык | Курманалиева Нургүл Өмурбековна (5) "Ордо" депутаттык фракциясы | Нарын шаардык АШК, № 9, 30.03.2023-ж. (30.03.2023-ж. - өз арызы) |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы |
Т. Айтикеев |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
А. Закиров |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 30 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Жайыл району | ||||
1 | Сары-Кооский айылдык | Макеева Чынара Анарбековна | Орто мектеп, директор | Жайыл АШК, № 12, 29.03.2023-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Кулжа району | ||||
2 | Сары-Булак айылдык | Таштанбек уулу Орунбай | Орто мектеп, мугалим | Кары-Кулжа АШК, № 4, 13.02.2023-ж. |
3 | Кара-Кулжа айылдык | Муратбеков Асилбек Абдыманапович | Жеке ишкер | |
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
4 | Арал айылдык | Ниязалиев Масалбек Арстанбекович | Дыйкан чарба, жетекчи | Талас АШК, № 6, 03.04.2023-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
5 | Нарын шаардык | Асанова Динара Иманакуновна (11) "Ордо" саясий партиясы | Орто мектеп, мугалим | Нарын шаардык АШК, № 6, 03.04.2023-ж. |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы |
Т. Айтикеев |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
А. Закиров |