Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-апрели № 45
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Жалал-Абад жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (19.04.2023-ж. № 14) - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылдык кеңеши боюнча;
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын (24.04.2023-ж. № 2) - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын (23.04.2023-ж. № 14) - Баткен облусунун Баткен районундагы Кыштут жана Кара-Бак айылдык кеңештери боюнча.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу, Жалал-Абад жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Суу, Жалал-Абад жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Кара-Суу, Жалал-Абад жана Баткен аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 35-36 (3484-3485) жарыяланды
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 45 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ош облусу | |||
Кара-Суу району | |||
1 | Савай айылдык | Нурахунов Илхомжон Ибрагимович | Кара-Суу АШК, № 14, 19.04.2023-ж. (06.04.2023-ж. - өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Жалал-Абад шаары | |||
2 | Жалал-Абад шаардык | Каримов Бабаравшан Сапарбекович (22) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 2, 24.04.2023-ж. (17.04.2023-ж. - өз арызы) |
Баткен облусу | |||
Баткен району | |||
3 | Кыштут айылдык | Астанакулов Авазбек Каныбекович | Баткен АШК, № 14, 23.04.2023-ж. (20.04.2023-ж. - өз арызы) |
4 | Аманбаева Орунбүбү Иматалиевна | Баткен АШК, № 14, 23.04.2023-ж. (20.04.2023-ж. - өз арызы) | |
5 | Жоошева Бурмагул Келдибековна | Баткен АШК, № 14, 23.04.2023-ж. (20.04.2023-ж. - өз арызы) | |
6 | Кара-Бак айылдык | Суюнов Мамарасул Топчубаевич | Баткен АШК, № 14, 23.04.2023-ж. (15.04.2023-ж. - өз арызы) |
Шайлоо процесттерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
Т. Айтикеев |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
К. Берикбаева |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 45 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
1 | Савай айылдык | Мамарасул уулу Баатырбек | Кара-Суу райондук жалпы дарыгерлик борбору, тиш дарыгери | Кара-Кулжа АШК, № 13, 19.04.2023-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
2 | Жалал-Абад шаардык | Маманов Каныбек Тойчубекович (32) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | "Тайманбас FC КР", президент ММА | Жалал-Абад АШК, № 2, 24.04.2023-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
3 | Кыштут айылдык | Акматбеков Зиовидин Байкозуевич | Убактылуу иштебейт | Баткен АШК, № 14, 23.04.2023-ж. |
4 | Суйунов Самат Закирович | Убактылуу иштебейт | Баткен АШК, № 14, 23.04.2023-ж. | |
5 | Алтымышов Расулжан Амеркулович | Балдар бакчасында күзөтчү | Баткен АШК, № 14, 23.04.2023-ж. | |
6 | Кара-Бак айылдык | Бердибаев Казыбек Сайитович | Убактылуу иштебейт | Баткен АШК, № 14, 23.04.2023-ж. |
Шайлоо процесттерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
Т. Айтикеев |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
К. Берикбаева |