Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2023-жылдын 18-майы № 51
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ат-Башы, Панфилов, Сокулук, Ноокат, Лейлек жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын (03.05.2023-ж. № 2) - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылдык кеңеши боюнча;
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын (28.04.2023-ж. № 3) - Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаардык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын (15.05.2023-ж. № 9) - Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын (04.05.2023-ж. № 11) - Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айылдык кеңеши боюнча;
- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын (10.05.2023-ж. № 2) - Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айылдык кеңеши боюнча;
- Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын (04.05.2023-ж. № 1) - Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Кызыл-Кыя шаардык кеңеши боюнча.
Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө төмөнкү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү:
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын (28.04.2023-ж. № 3) - Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаардык кеңеши боюнча;
- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын (10.05.2023-ж. № 2) - Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айылдык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы, Панфилов, Сокулук, Ноокат, Лейлек жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Панфилов жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ат-Башы, Панфилов, Сокулук, Ноокат, Лейлек жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Ат-Башы, Панфилов, Сокулук, Ноокат, Лейлек жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 19-майындагы № 40 (3489) жарыяланды
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 18-майындагы № 51 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Нарын облусу | |||
Ат-Башы району | |||
1 | Ача-Кайыңды айылдык | Бейшеков Аскар Асылбекович | Ат-Башы АШК, № 2, 03.05.2023-ж. (14.04.2023-ж. - өз арызы) |
Чүй облусу | |||
Панфилов району | |||
2 | Кайыңды шаардык | Курманалиев Тилек Джамалбекович (№ 4) "Күчтүү Коом" деп. фракциясы | Панфилов АШК, № 3, 28.04.2023-ж. (03.04.2023-ж. - өз арызы) |
Сокулук району | |||
3 | Жаңы-Пахта айылдык | Хурушанов Ислам Хусанбаевич | Сокулук АШК, № 9, 15.05.2023-ж. (06.04.2023-ж. - өз арызы) |
Ош облусу | |||
Ноокат району | |||
4 | Бел айылдык | Сатинбаев Манас Сатинбаевич | Ноокат АШК, № 11, 04.05,2023-ж. (21.04.2023 -ж. - өз арызы) |
Баткен облусу | |||
Лейлек району | |||
5 | Бешкент айылдык | Орозкулов Пахридин Шамшидинович | Лейлек АШК, № 2, 10.05.2023-ж. (28.04.2023-ж. - өз арызы) |
6 | Журабаева Гулнара Нейматиллаевна | Лейлек АШК, № 2, 10.05.2023-ж. (02.05.2023-ж. - өз арызы) | |
7 | Шакирова Айгүл Файзибаевна | Лейлек АШК, № 2, 10.05.2023-ж. (02.05.2023-ж. - өз арызы) | |
Кызыл-Кыя шаары | |||
8 | Кызыл-Кыя шаардык | Мадаминов Максат Кубанычбекович (№ 11) ("Ата-Журт Кыргызстан" деп. фракциясы) | Кызыл-Кыя АШК, № 1, 04.05.2023-ж. (24.04.2023-ж. - өз арызы) |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 18-майындагы № 51 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Чүй облусу | |||
Панфилов району | |||
1 | Кайыңды шаардык | Трубачев Василий Иванович (9) "Күчтүү Коом" саясий партиясы | Панфилов АШК, № 3, 28.04.2023-ж. (23.04.2023-ж. - өз арызы, иштеген кызматына байланыштуу) |
Баткен облусу | |||
Лейлек району | |||
2 | Бешкент айылдык | Вахидов Уткиржон Юсупжонович | Лейлек АШК, № 2, 10.05.2023-ж. (26.04.2023-ж. - өз арызы, иштеген кызматына байланыштуу) |
Шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын начальниги |
Т. Айтикеев |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун эксперти |
Э.Исаев |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 18-майындагы № 51 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.A.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
1 | Ача-Кайынды айылдык | Муханбет уулу Анарбек | Ат-Башы районунда жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо мекемесинде башкы адис | Ат-Башы АШК, № 2, 03.05.2023-ж. |
Чүй облусу | ||||
Панфилов району | ||||
2 | Кайынды шаардык | Жапаров Алмаз Эркинович (13) "Күчтүү Коом" саясий партиясы | Бишкекшаарлифт | Панфилов АШК, № 3, 28.04.2023-ж. |
Сокулук району | ||||
3 | Жаңы-Пахта айылдык | Джанибеков Жунайдулло Михибиллоевич | Жеке ишкер | Сокулук АШК, № 9, 15.05,2023-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
4 | Бел айылдык | Жоробай уулу Ажимамат | Дыйкан чарбанын мүчөсү | Ноокат АШК, № 11, 04.05.2023-ж. |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
5 | Бешкент айылдык | Абдуллаев Сайфулла Хусанович | Жеке ишкер | Лейлек АШК, № 2, 10.05,2023-ж. |
6 | Сейитова Айсалкын Жолматовна | Жеке ишкер | ||
7 | Туратова Алтын | Жеке ишкер | ||
Кызыл-Кыя шаары | ||||
8 | Кызыл-Кыя шаардык | Худайбердиев Жалил Сражидинович (13) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Жеке ишкер | Кызыл-Кыя АШК, № 1, 04.05,2023-ж. |