Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2023-жылдын 23-майы № 53
2023-жылдын 28-майына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-мартында ПЖ № 70 Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" жобону жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казакстандын "Ак жол" Демократиялык партиясынын жана Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочу катары тиркемеге ылайык аккредитациялансын.
2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 26-майындагы № 42 (3491) жарыяланды
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч.Койчукеевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 23-майындагы № 53 токтомуна тиркеме |
Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын тизмеси
№ к/с | Күб. № | Байкоочу өкүлү болуп саналган уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызмат орду |
1. | 001. | Казакстандын "Ак жол" Демократиялык партиясы | Тулегенов Ноян Назарович | Казакстан Республикасы | Шаардык маслихаттын депутаты, делегациянын башчысы |
2. | 002. | Казакстандын "Ак жол" Демократиялык партиясы | Сагымбекулы Абзалбек | Казакстан Республикасы | Алма-Ата филиалынын төрагасынын орун басары |
3. | 003. | Казакстандын "Ак жол" Демократиялык партиясы | Бигалиев Азамат Шакенович | Казакстан Республикасы | Чыгыш-Казакстан областтык филиалынын мүчөсү |
4. | 004. | Казакстандын "Ак жол" Демократиялык партиясы | Крыкбаев Мухамед Досыбаевич | Казакстан Республикасы | Шымкент областтык филиалынын төрагасынын орун басары |
5. | 005. | Казакстандын "Ак жол" Демократиялык партиясы | Савдашева Шахида Куватовна | Казакстан Республикасы | Басма сөз катчысы |
6. | 006. | Казакстандын "Ак жол" Демократиялык партиясы | Сейлбекова Уралхан Каналбаевна | Казакстан Республикасы | Шымкент шаардык маслихаттын депутаты |
7. | 007. | Казакстандын "Ак жол" Демократиялык партиясы | Шимиров Мухтар Аскарович | Казакстан Республикасы | Шымкент шаардык маслихаттын депутаты |
8. | 008. | Казакстандын "Ак жол" Демократиялык партиясы | Амалбеков Аскар Уласбекович | Казакстан Республикасы | Шымкенттик областтык филиалынын мүчөсү |
9. | 009. | Казакстандын "Ак жол" Демократиялык партиясы | Мамыкова Назипа Дарханбаевна | Казакстан Республикасы | Шымкенттик областтык филиалынын мүчөсү |
10. | 010. | Казакстандын "Ак жол" Демократиялык партиясы | Шырынбекова Шарбат Оразелы кызы | Казакстан Республикасы | Шымкенттик областтык филиалынын мүчөсү |
11. | 011. | Казакстандын "Ак жол" Демократиялык партиясы | Аманбаев Айдос Ергашевич | Казакстан Республикасы | Шымкенттик областтык филиалынын мүчөсү |
12. | 012. | Казакстандын "Ак жол" Демократиялык партиясы | Назар Улмекен | Казакстан Республикасы | Депутаттын жардамчысы |
13. | 013. | Казакстандын "Ак жол" Демократиялык партиясы | Назарбаев Нурсултан Муратулы | Казакстан Республикасы | Мобилограф |
14. | 014. | Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системаларынын эл аралык фонду | Майсурадзе Кетеван | Грузия | Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун директору |