Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2023-жылдын 23-майы № 54
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ош, Жалал-Абад, Токтогул, Сузак, Баткен, Баткен шаардык, Нарын, Нарын шаардык, Кочкор, Аламүдүн жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Ош аймактык шайлоо комиссиясынын (24.04.2023-ж. № 2) - Ош шаардык кеңеши боюнча;
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын (17.05.2023-ж. № 3) - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын (16.05.2023-ж. № 3, 4, 5, 6; 17.05.2023-ж. № 7, 8) - Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши жана Токтогул шаардык кеңеши боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын (12.05.2023-ж. № 52, 53) - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айылдык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын (17.05.2023-ж. № 15) - Баткен облусунун Баткен районундагы Дара, Самаркандек айылдык кеңештери боюнча;
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (16.05.2023-ж. № 39) - Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын (15.05.2023-ж. № 5) - Нарын облусунун Нарын районундагы Ак-Кудук айылдык кеңештери боюнча;
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (13.05.2023-ж. № 11; 17.05.2023-ж. № 12) - Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын (17.05.2023-ж. № 3, 4) - Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак айылдык кеңеши боюнча;
- Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын (16.05.2023-ж. № 28) - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча айылдык кеңеши боюнча;
- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын (15.05.2023-ж. № 114, 115) - Чүй облусунун Чүй районундагы Ибраимов айылдык кеңеши боюнча.
Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө төмөнкү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү:
- Ош аймактык шайлоо комиссиясынын (24.04.2023-ж. № 2) - Ош шаардык кеңеши боюнча;
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (16.05.2023-ж. № 39) - Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;
- Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын (16.05.2023-ж. № 28) - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча айылдык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош, Жалал-Абад, Токтогул, Сузак, Баткен, Баткен шаардык, Нарын, Нарын шаардык, Кочкор, Аламүдүн жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ош, Баткен шардык жана Аламүдүн шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ош, Жалал-Абад, Токтогул, Сузак, Баткен, Баткен шаардык, Нарын, Нарын шаардык, Кочкор, Аламүдүн жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Ош, Жалал-Абад, Токтогул, Сузак, Баткен, Баткен шаардык, Нарын, Нарын шаардык, Кочкор, Аламүдүн жана Чүй аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 26-майындагы № 42 (3491) жарыяланды
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 23-майындагы № 54 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ош шаары | |||
1 | Ош шаардык | Абдыкадырова Ракия Кимсанбаевна (30) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Ош АШК, № 2, 24.04.2023-ж. (16.03.2023-ж. - өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Жалал-Абад шаары | |||
2 | Жалал-Абад шаардык | Боронбаев Заттарбек Абдыкаарович (2) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 3, 17.05.2023-ж. (12.05.2023-ж. - өз арызы) |
3 | Караева Наргиза Ибраимовна (6) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 3, 17.05.2023-ж. (10.05.2023-ж. - өз арызы) | |
Токтогул району | |||
4 | Токтогул шаардык | Сарпашов Манас Мурсажанович (2) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Токтогул АШК, № 7, 17.05.2023-ж. (16.05.2023-ж. - өз арызы) |
5 | Кызыл-Өзгөрүш айылдык | Мундусбаева Токтобү Смагуловна | Токтогул АШК, № 3, 16.05.2023-ж. (26.04.2023-ж. - өз арызы) |
5 | Акматалиев Анарбек Абдырахманович | Токтогул АШК, № 5, 16.05.2023-ж. (28.04.2023-ж. - өз арызы) | |
Сузак району | |||
7 | Кара-Дарыя айылдык | Эгембердиев Замирбек Рахматуллаевич | Сузак АШК, № 52, 12.05.2023-ж. (12.05.2023-ж. - өз арызы) |
Баткен облусу | |||
Баткен району | |||
8 | Дара айылдык | Исираев Алдаяр Авсатарович | Баткен АШК, № 15, 17.05.2023-ж. (15.05.2023-ж. - өз арызы) |
9 | Самаркандек айылдык | Жумагулов Авазбек Умарович | Баткен АШК, № 15, 17.05.2023-ж. (10.05.2023-ж. - өз арызы) |
Баткен шаары | |||
10 | Баткен шаардык | Алибаев Орозбек Икрамович (2) "Ала-Тоо кыргыз жери" депутаттык фракциясы | Баткен шаардык АШК, № 39, 16.05.2023-ж. (10.05.2023-ж. - өз арызы) |
11 | Гапарова Майрамкан Кулекбаевна (3) "Ала-Тоо кыргыз жери" депутаттык фракциясы | Баткен шаардык АШК, № 39, 16.05.2023-ж. (10.05.2023-ж. - өз арызы) | |
Нарын облусу | |||
Нарын району | |||
12 | Ак-Кудук айылдык | Рысбек уулу Ынтымак | Нарын АШК, № 5, 15.05.2023-ж. (04.05.2023-ж. - өз арызы) |
Нарын шаары | |||
13 | Нарын шаардык | Ниязбеков Талантбек Замирбекович (4) "Улуу Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Нарын шаардык АШК, № 11, 13.05.2023-ж. (13.05.2023-ж. - өз арызы) |
Кочкор району | |||
14 | Сары-Булак айылдык | Бактыбек уулу Майрамбек | Кочкор АШК, № 3, 17.05.2023-ж. (12.05.2023-ж. - өз арызы) |
Чүй облусу | |||
Аламүдүн району | |||
15 | Ала-Арча айылдык | Шерматов Нурлан Баатырбекович | Аламүдүн АШК, № 28, 16.05.2023-ж. (27.04.2023-ж. - өз арызы) |
Чүй району | |||
16 | Ибраимов айылдык | Молдокулов Станбек Абдымомунович | Чүй АШК, № 114, 15.05.2023-ж. (13.05.2023-ж. - өз арызы) |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
Т. Айтикеев |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
К. Берикбаева |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 23-майындагы № 54 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ош шаары | |||
1 | Ош шаардык | Карабаева Айчүрөк Акылбековна (42) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Ош АШК, № 2, 24.04.2023-ж. (22.04.2023-ж. - өз арызы, башка шаарга көчүп кетгендигине байланыштуу) |
2 | Жэнтаева Жумагүл Кеңешовна (48) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Ош АШК, № 2, 24.04.2023-ж. (24.04.2023-ж. - өз арызы, иштеген кызматына байланыштуу) | |
3 | Абилова Фарзигүл Айтмаматовна (54) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Ош АШК, № 2, 24.04.2023-ж. (24.04.2023-ж. - өз арызы, Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетишине байланыштуу) | |
4 | Абдикеримова Бүүгүл Мурзаевна (63) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Ош АШК, № 2, 24.04.2023-ж. (24.04.2023-ж. - өз арызы, башка айыл аймагына көчүп кеткендигине байланыштуу) | |
Баткен облусу | |||
Баткен шаары | |||
5 | Баткен шаардык | Таипов Жоробай Бурканович (18) "Ата-Тоо Кыргыз жери" саясий партиясы | Баткен шаардык АШК, № 39, 16.05.2023-ж. (11.05.2023-ж. - өз арызы, иштеген кызматына байланыштуу) |
Чүй облусу | |||
Аламүдүн району | |||
6 | Ала-Арча айылдык | Бектемиров Талант Эрнисбекович | Аламүдүн АШК, № 28, 16.05.2023-ж. (10.05.2023-ж. - өз арызы, Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетишине байланыштуу) |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
Т. Айтикеев |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
К. Берикбаева |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 23-майындагы № 54 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош шаары | ||||
1 | Ош шаардык | Атабекова Айгулья Гуламидиновна (72) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | "Билим азыгы" мугалимдер коомдук бирикмесинин төрайымы, билим берүү тармагынын эксперти | Ош АШК, № 2, 24.04.2023-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
2 | Жалал-Абад шаардык | Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич (34) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | "Азрат-Айыб" ААК, башкы диектор | Жалал-Абад АШК, № 3, 17.05.2023-ж. |
3 | Эркулова Мадина Абдурашидовна (30) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Курманбек аймактык башкаруусунда башкы адис | Жалал-Абад АШК, № 3, 17.05.2023-ж. | |
Токтогул району | ||||
4 | Токтогул шаардык | Медеров Эсентур Нурсланович (7) "Ынтымак" саясий партиясы | Жеке ишкер | Токтогул АШК, № 7, 17.05.2023-ж. |
5 | Кызыл-Өзгөрүш айылдык | Сулайманов Абдыбек Касымалиевич | "Бууракан" дыйкан чарбасынын жетекчиси | Токтогул АШК, № 4, 16.05.2023-ж. |
6 | Сатаров Муратбек Окушович | "Байжигит" дыйкан чарбасынын жетекчиси | Токтогул АШК, № 6, 16.05.2023-ж. | |
Сузак району | ||||
7 | Кара-Дарыя айылдык | Сыдыгалиев Санжарбек Мурзавалиевич | Жеке ишкер | Сузак АШК, № 52, 12.05.2023-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
8 | Дара айылдык | Мурзаев Эркинбек Абдилазизович | Убактылуу иштебейт | Баткен АШК, № 15, 17.05.2023-ж. |
9 | Самаркандек айылдык | Темирбаев Уланбек Абдикаарович | Жеке ишкер | Баткен АШК, № 15, 17.05.2023-ж. |
Баткен шаары | ||||
10 | Баткен шаардык | Гапаров Исмаил Тургунбаевич (20) "Ала-Тоо кыргыз жери" саясий партиясы | Балдар чыгармачылык үйүндө чарба башчысы | Баткен шаардык АШК, № 39, 16.05.2023-ж. |
11 | Абдырахманова Гульмира Гапаровна (17) "Ала-Тоо кыргыз жери" саясий партиясы | Ж.Садыков башталгыч мектебинин директору | Баткен шаардык АШК, № 39, 16.05.2023-ж. | |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
12 | Ак-Кудук айылдык | Нурфазил уулу Калыс | Дыйкан чарба мүчөсү | Нарын АШК, № 5, 15.05.2023-ж. |
Нарын шаары | ||||
13 | Нарын шаардык | Эстебесов Болотбек Эстебесович (10) "Улуу Кыргызстан" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Нарын шаардык АШК, № 12, 17.05.2023-ж. |
Кочкор району | ||||
14 | Сары-Булак айылдык | Курманбек уулу Ренат | Дыйкан чарба мүчөсү | Кочкор АШК, № 4, 17.05.2023-ж. |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
15 | Ала-Арча айылдык | Алимжанов Азимхан Ельмуратович | "Аэро Кыргызстан" ЖЧК, механик | Аламүдүн АШК, № 28, 16.05.2023-ж. |
Чүй району | ||||
16 | Ибраимов айылдык | Канатбек уулу Арген | Жеке ишкер | Чүй АШК, № 115, 15.05.2023-ж. |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
Т. Айтикеев |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
К. Берикбаева |