Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2023-жылдын 23-майы № 52
Эл аралык байкоочунун ырастамасы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобонун 3.9-пунктун жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл аралык байкоочунун ырастамасынын үлгүсү жана сүрөттөлүшү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 26-майындагы № 42 (3491) жарыяланды
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч.Койчукеевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 23-майындагы № 52 токтомуна 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 23-майындагы № 52 токтомуна 2-тиркеме |
Эл аралык байкоочунун ырастамасынын сүрөттөлүшү
Эл аралык байкоочунун ырастамасы - анын статусун күбөлөндүрүүчү документ.
Ырастама түстүү (ак) типтүү бланкта (эки тараптуу) 95x135 мм өлчөмүндө кыргыз/орус жана кыргыз/англис тилдеринде таризделет, анын реквизиттери үлгүдө (1-тиркеме) келтирилди.
Сол тараптагы үстүңкү бурчта Кыргыз Республикасынын Герби орун алган. Оң тараптагы үстүңкү бурчта БШКнын логотиби жайгашкан.
Ортосунда "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы" деген текст жайгаштырылган, төмөн жагында Кыргыз Республикасынын шайлоо өнөктүгүнүн жана/же референдумунун аталышы жайгаштырылган.
Төмөн жагында ырастаманын номуру, аккредитация жөнүндө БШКнын токтомунун датасы жана номуру көрсөтүлөт, ошондой эле төмөнкү текст бар: "Эл аралык байкоочу", эл аралык байкоочунун фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызмат орду көрсөтүлөт.
Андан кийин Кыргыз Республикасынын БШК төрагасынын колу коюлат, ал Кыргыз Республикасынын БШКсынын герб сүрөтү бар мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, бланктын төмөн жагында ырастаманын жарактуулук мөөнөтү жана аны колдонуу шарттары көрсөтүлөт.