КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2023-жылдын 6-июлу № 61
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Талас шаардык, Кочкор, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Сузак жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (24.06.2023-ж. №51; 30.06.2023-ж. №52) - Талас облусунун Талас шаардык кеңеши боюнча;
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын (29.06.2023-ж. №7,8) - Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылдык кеңеши боюнча;
- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (26.06.2023-ж. №12,13) - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол айылдык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын (04.07.2023-ж. №4) - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон жана Жаргылчак айылдык кеңештери боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын (03.07.2023-ж. №56,57) - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленин айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (30.06.2023-ж. №15) - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңеши боюнча.
Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын (29.06.2023-ж. №8) - Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылдык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын (04.07.2023-ж. №4) – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылдык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык, Кочкор, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Сузак жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кочкор жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Талас шаардык, Кочкор, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Сузак жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Талас шаардык, Кочкор, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Сузак жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
Н.Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 6-июлундагы № 61 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
| |||
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Талас облусу | |||
Талас шаары | |||
1. | Талас шаардык | Аскаров Эркин (5) «Ыйман Нуру» депутаттык фракциясы | Талас шаардык АШК, №51, 24.06.2023-ж. (22.06.2023-ж. – өз арызы) |
Нарын облусу | |||
Кочкор району | |||
2. | Кочкор айылдык | Зайналабдилов Эркинбек | Кочкор, №7, 29.06.2023-ж. (каза болгондугуна байланыштуу) |
Ысык-Көл облусу | |||
Ак-Суу району | |||
3. | Каракол айылдык | Норузбаев Адилет Эсенович | Ак-Суу АШК, №12, 26.06.2023-ж. (14.06.2023-ж. – өз арызы) |
Жети-Өгүз району | |||
4. | Барскоон айылдык | Эшмамбетов Руслан Толонович | Жети-Өгүз АШК, №4,04.07.2023-ж. (04.06.2023-ж. – өз арызы) |
5. | Жаргылчак айылдык | Исабекова Айнура Канатовна | Жети-Өгүз АШК, №4,04.07.2023-ж. (каза болгондугуна байланыштуу) |
Жалал-Абад облусу | |||
Сузак району | |||
6. | Ленин айылдык | Жылчымышев Замирбек Эгембердиевич | Сузак АШК, №56, 03.07.2023-ж. (30.06.2023-ж. – өз арызы) |
Ош облусу | |||
Кара-Суу району | |||
7. | Төлөйкөн айылдык | Юлдашев Акмалжан Адахамжанович | Кара-Суу АШК, №15, 30.06.2023-ж. (22.06.2023-ж. – өз арызы) |
|
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти | К.Берикбаева | ||
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 6-июлундагы № 61 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин тизмеси
| |||
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф. А. А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Нарын облусу | |||
Кочкор району | |||
1. | Кочкор айылдык | Болотбек уулу Бакыткелди | Кочкор АШК, №7, 29.06.2023-ж. (23.06.2023-ж. – өз арызы) |
Ысык-Көл облусу | |||
Жети-Өгүз району | |||
2. | Барскоон айылдык | Кыдыралиев Кайырбек Күрүчбекович | Жети-Өгүз АШК, №4, 04.07.2023-ж. (каза болгондугуна байланыштуу) |
3. | Элебесов Алтынбек Жакыпович | Жети-Өгүз АШК, №4, 04.07.2023-ж. (04.07.2023-ж. – өз арызы) | |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
К.Берикбаева | ||
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 6-июлундагы № 61 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси | ||||
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф. А. А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Талас облусу | ||||
Талас шаары | ||||
1. | Талас шаардык | Тойчубеков Жыргалбек Сабатарович (7) «Ыйман Нуру» саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Талас шаардык АШК, №52, 30.06.2023-ж. |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
2. | Кочкор айылдык | Кенжекожоев Жаныбек Жекшенбайович | Дыйкан чарба мүчөсү | Кочкор АШК, №8, 29.06.2023-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
3. | Каракол айылдык | Джаныбеков Джолдошбек Ирибаевич | «Азамат» дыйкан чарбасы, төрага | Ак-Суу АШК, №13, 26.06.2023-ж. |
Жети-Өгүз району | ||||
4. | Барскоон айылдык | Маданбеков Талгат Эсенбекович | Барскоон айылында «БАРС-S» ишканасынын жетекчиси | Жети-Өгүз АШК, №4, 04.07.2023-ж. |
5. | Жаргылчак айылдык | Эркебуланова Кулмира Жусуевна | Пенсионер | Жети-Өгүз АШК, №4, 04.07.2023-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
6. | Ленин айылдык | Толонов Аттокур Толонович | «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Жалал-Абад облусунудагы филиалынын жетекчиси | Сузак АШК, №57, 03.07.2023-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
7. | Төлөйкөн айылдык | Урунбаев Икрамжан Уртамжанович | Убактылуу иштебейт | Кара-Суу АШК, №15, 30.06.2023-ж. |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
К.Берикбаева | |||